Загрузка документа…
СҮЙМОНКУЛ ЧОКМОРОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
СҮЙМӨНКУЛ ЧОКМОРОВ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН
28- ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН 3- ОТУРУМУ
2024-жылдын 27- июну № 31
Сүймөнкул Чокморов айыл аймагынын “Ала - Арча” муниципалдык
ишканасынын суугат нормалары боюнча
Сүймөнкул Чокморов айыл аймагынын “Ала-Арча” муниципалдык ишканасынын башчысы Мелисбек у А. 2024-жылга карата суугат нормалары боюнча сунушун карап жана талкуулап Сүймөнкул Чокморов айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сүймөнкул Чокморов айыл аймагынын “Ала - Арча” муниципалдык ишканасынын Октябрь айылы үчүн суугат нормаларынын тѳлѳмдѳрү тѳмѳнкү ченемде бекитилсин:
№ | Айыл чарба өсүмдүктөрдүн аталышы | Суугаруулардын саны | 1 га сугат суунун баасы |
1 | Кант кызылчасы | 1 | 500 |
2 | Көп жылдык чөптөр | 1 | 1000 |
3 | Күздүк буудай | 1 | 500 |
4 | Жазгы эгиндер | 1 | 500 |
5 | Жүгөрү дан | 1 | 500 |
6 | Азыктык бакча- өсүмдүктөрү | 1 | 700 |
7 | Картошка | 1 | 500 |
8 | Жашылчалар (бадыраң, помидор, капуста, тамеки, пияз, калемпир | 1 | 500 |
9 | Күн карама | 1 | 500 |
10 | Дарбыз | 1 | 1000 |
| Ашкабак | 1 | 500 |
2. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү Сүймөнкул Чокморов айылдык кеңешинин бюджет, каржы жана экономика боюнча айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөт башчысына жүктөлсүн.
2026-жылдын 19-августундагы https://gagsmsu.kg/wp-content/uploads/2026/08/2024-%D0%B6.%D1%82%D0%BE%D0%BA%D1%82%D0%BE%D0%BC%E2%84%9631.pdf расмий сайтында жарыяланды
Төрага | Мажитов Н.Б. |