Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КУРУЛУШ, АРХИТЕКТУРА ЖАНА
ТУРАК ЖАЙ-КОММУНАЛДЫК ЧАРБА МИНИСТРЛИГИНИН БУЙРУГУ
2026-жылдын 4-сентябры № 131-нпа
Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинде коррупциялык тобокелдиктер бар болгон учурлардын жана кырдаалдардын тизмесин бекитүү жөнүндө
Коррупциялык тобокелдиктерди минималдаштыруу максатында, 2021-жылдын 27-октябрындагы № 125 "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 8-апрелиндеги № 232 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында коррупциялык тобокелдиктерди аныктоо, баалоо жана башкаруу тартиби жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө" токтомун аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 22-апрелиндеги № 221 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги жөнүндө" жобону жетекчиликке алып, буйрук кылам:
1. Ушул буйруктун тиркемесине ылайык, Коррупциялык тобокелдикти түзгөн учурлардын жана кырдаалдардын тизмеси бекитилсин.
2. Түзүмдүк, ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрдүн жетекчилерине бекитилген Коррупциялык тобокелдикти түзгөн учурлардын жана кырдаалдардын тизмесинде көрсөтүлгөн тобокелдиктерди азайтуу чараларын ишке ашырууну камсыз кылуу тапшырылсын.
3. Чечимдердин жана тапшырмалардын аткарылышын контролдоо бɵлʏмʏнɵ эки жуманын ичинде Коррупциялык тобокелдиктерди башкаруу планын иштеп чыгуу тапшырылсын.
4. Адам ресурстарын башкаруу башкармалыгына:
1) Бул буйрукту түзүмдүк, ведомстволук жана аймактык бөлүмдөргө жайылтуу;
2) Буйрук расмий жарыялангандан кийин үч жумушчу күндүн ичинде анын эки нускасын мамлекеттик жана расмий тилдерде, кагаз жана электрондук түрдө Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүү;
3) Буйрук күчүнө киргенден кийин үч жумушчу күндүн ичинде анын көчүрмөлөрүн маалымат алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жөнөтүү.
5. Басма сөз катчысы бул буйрукту Курулуш министрлигинин расмий сайтына жайгаштырылышын камсыз кылсын.
6. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
7. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмдө калтырам.
Министрдин биринчи орун басары |
| Б.Ч. Чолпонбаев |