Загрузка документа…
СҮЙМОНКУЛ ЧОКМОРОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
СҮЙМӨНКУЛ ЧОКМОРОВ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН
28- ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН 3- ОТУРУМУ
2024-жылдын 27- июну № 34
Декадалык жөнгө салуу бассейнин баланска кабыл алуу жөнүндө
Чүй облусунун Аламүдүн райондук прокуратурасынын Сүймөнкул Чокморов айыл өкмөтүнүн балансына жалпы аянты 30,1 га болгон жер тилкесин кабыл алуу жөнүндө сунуштамасын карап чыгып жана талкуулап Сүймөнкул Чокморов айылдык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сүймөнкул Чокморов айыл өкмөтүнүн балансына жалпы аянты 30,1га түзгөн жер участогу кабыл алынсын, анын ичинен: 22,4 га- сугат курулмасына( декадалык жөнгө салуучу бассейнге), 1,9 га- саздак жерлерге,5,6 га – айыл четиндеги жайыт жерлерге, 0,2 га- жолго тиешелүү жерлер.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө агрардык жана жер маселелери, архитектура жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссияга жана айыл өкмөт башчысына жүктөлсүн.
2026-жылдын 19-августундагы https://gagsmsu.kg/wp-content/uploads/2026/08/2024-%D0%B6.%D1%82%D0%BE%D0%BA%D1%82%D0%BE%D0%BC%E2%84%9634.pdf расмий сайтында жарыяланды
Төрага | Мажитов Н.Б. |