КУЛУНДУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кулунду айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XVI-сессиясы
2026-жылдын 28-июлу № 147
“Интернационал айылына жергиликтүү бюджеттен акча каражатын бөлүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34, 39-беренелерин, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекстин 95-беренесин жетекчиликке алып, ошондой эле Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиянын корутундуларын угуп жана талкуулап чыгып Кулунду айылдык кеңешинин кезектеги XVI сессиясынын отурумунун №16 протоколунун чечиминин 1-бөлүмүнүн 15-пунктунун негизинде, Кулунду айылдык кеңеши токтом кылат:
- Интернационал айылынын борборун жана жөө жүргүнчүлөр жүрүүчү жолду ремонттоого жергиликтүү бюджеттен 1 736 748(бир миллион жети жүз оттуз алты миң жети жүз кырк сегиз) сомго макулдук берилсин.
- Ушул токтомдун аткарылышы Кулунду айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
- Бул токтом Кулунду айыл өкмөтүнүн https://www.kulundu.gov.kg расмий веб-сайтында жарыялансын.
- Айылдык кеңештин жооптуу катчысы бул токтомду каттоого алсын жана токтомдун көчүрмөсү тиркемелери менен бирге ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигинин Баткен облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
- Бул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
- Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк маселеси боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А.А.Досов |