КУЛУНДУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кулунду айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XVI-сессиясы
2026-жылдын 28-июлу № 148
“Кулунду айыл өкмөтүнүн жаңы салынган 60 үйгө сугат суу үчүн жергиликтүү бюджеттен акча каражатын бөлүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34, 39-беренелерин, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекстин 95-беренесин жетекчиликке алып, ошондой эле Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиянын корутундуларын угуп жана талкуулап чыгып Кулунду айылдык кеңешинин кезектеги XVI сессиясынын отурумунун №16 протоколунун чечиминин 1-бөлүмүнүн 16-пунктунун негизинде, Кулунду айылдык кеңешитоктом кылат:
- Кулунду айыл аймагынын Раззаков айылындагы жаңы салынган 60 үйгө агуучу сугат суу үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен ички арыктарды бетондоого 1 700 000(бир миллион жети жүз миң) сомго макулдук берилсин.
- Ушул токтомдун аткарылышы Кулунду айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
- Бул токтом Кулунду айыл өкмөтүнүн https://www.kulundu.gov.kg расмий веб-сайтында жарыялансын.
- Айылдык кеңештин жооптуу катчысы бул токтомду каттоого алсын жана токтомдун көчүрмөсү тиркемелери менен бирге ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигинин Баткен облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
- Бул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
- Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк маселеси боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А.А.Досов |