КУЛУНДУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кулунду айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XVI-сессиясы
2026-жылдын 28-июлу № 150
“Кулунду айыл аймагында электромобилдерди кубаттоочу станцияны орнотуу жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34, 39-беренелерин жана Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 21-беренесине ылайык, ошондой эле Айыл чарба, өнөр жай, жерге жайгаштыруу, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиянын корутундуларын угуп жана талкуулап чыгып Кулунду айылдык кеңешинин кезектеги XVI сессиясынын отурумунун №16 протоколунун чечиминин 2-бөлүмүнүн 1-пунктунун негизинде, Кулунду айылдык кеңеши токтом кылат:
- Кулунду айыл аймагындагы Раззаков айылынын 281-контурунан 0,01га жана Ак-Арык айылынан 70-контурунан 0,01 га жерлерге электромобилдерди кубаттоочу станцияны орнотуу үчүн жер тилкесин бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
- Ушул токтомдун аткарылышы Кулунду айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
- Бул токтом Кулунду айыл өкмөтүнүн https://www.kulundu.gov.kg расмий веб-сайтында жарыялансын.
- Айылдык кеңештин жооптуу катчысы бул токтомду каттоого алсын жана токтомдун көчүрмөсү тиркемелери менен бирге ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигинин Баткен облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
- Бул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
- Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Айыл чарба, өнөр жай, жерге жайгаштыруу, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А.А.Досов |