Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 14-сентябры № 613
Товарларга байкоо жүргүзүү системасы жөнүндө
2019-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагына ташылып келген товарларга байкоо жүргүзүү механизми жөнүндө макулдашууну ишке ашыруу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында товарлардын жүгүртүлүшүнө контролдоону күчөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 51-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Товарларга байкоо жүргүзүү системасын колдонуу тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Салык төлөөчү төмөнкүлөргө милдеттүү деп белгиленсин:
1) ушул токтом күчүнө кирген күндөн тартып ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн тартипте Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагына ташылып келген товарларга байкоо жүргүзүү механизми жөнүндө макулдашууга ылайык Евразия экономикалык комиссиясы тарабынан бекитилген тизмекке киргизилген товарларга карата товарларга байкоо жүргүзүү системасын колдонууга;
2) негизги каражаттар катары пайдалануу үчүн сатып алынган жана андан ары сатуу үчүн арналбаган товарларды кошпогондо, 2026-жылдын 1-октябрына чейинки мөөнөттө товарларга байкоо жүргүзүү системасындагы товарлардын виртуалдык калдыктарын алардын иш жүзүндөгү калдыктарына ылайык келтирүүнү камсыз кылууга.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-апрелиндеги № 220 «Кыргыз Республикасынын аймагында товарларды эсепке алуу жана контролдоо жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) преамбулада «2019-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагына ташылып келген товарларга байкоо жүргүзүү механизми жөнүндө макулдашууну ишке ашыруу, ошондой эле» деген сөздөр алып салынсын;
2) 2-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«2. Субъект ушул токтомдун 1-тиркемесинде белгиленген тартипте 2022-жылдын 15-майынан тартып мунай жана мунай продукттарына карата (ТЭИ ТН 2710197100-2710199800 коддору менен майлоочу майларды жана башка майларды кошпогондо) электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды колдонууга милдеттүү деп белгиленсин.»;
3) 3-пункттун 1, 2-пунктчалары, 4-пункт күчүн жоготту деп таанылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматы ушул токтом күчүнө кирген күндөн тартып алты айдан кеч эмес мөөнөттө төмөнкүлөр боюнча чараларды көрсүн:
1) бул токтом күчүнө кирген учурга карата товарларды эсепке алуу кампаларындагы электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды милдеттүү колдонуу боюнча талаптар жайылтылбаган товарларды эсептен чыгаруу;
2) бул пунктка ылайык эсептен чыгаруу жол-жобосу аткарылгандан кийин электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды милдеттүү колдонуу боюнча талаптар жайылтылган товарлар жок болгон субъекттердин товарларды эсепке алуу кампаларын деактивдештирүү.
5. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2026-жылдын 1-сентябрынан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |