Загрузка документа…
СҮЙМОНКУЛ ЧОКМОРОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
СҮЙМӨНКУЛ ЧОКМОРОВ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН
28- ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН 3- ОТУРУМУ
2024-жылдын 27- июну № 33
“АРИС” тарабынан ишке ашырылып жаткан айылдык
инвестициялардын үчүнчү долбоорунун алкагында кошумча каржылоо
(COVID-19га чара көрүү боюнча) ( ДФПСИ-3) долбоору боюнча
Сүймөнкул Чокморов айыл аймагындагы ИАССтын ишмердүүлүгү
жөнүндө
Сүймөнкул Чокморов айыл аймагынын ИАССтын аткаруу комитетинин төрайымы Т.А.Абдулатипованын айыл аймагында ДФПСИ-3 долбоору боюнча жүргүзүлгөн иш-чаралар жөнүндө маалыматын-отчетун карап жана талкуулап,ошондой эле Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “ Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 27-беренесине ылайык, Сүймөнкул Чокморов айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Суймөнкул Чокморов айыл аймагында “ Айылдык инвестициялардын үчүнчү долбоорунун алкагында кошумча каржылоо ( COVID-19га чара көрүү боюнча)” долбооору боюнча ИАССтын аткаруу комитетинин төрайымы С.Чокморовдун маалыматы-отчету 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Айыл өкмөтүнун башчысына ИАССты жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча иш-чараларга киргизүү жөнүндө сунуштарды даярдоо тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Суймөнкул Чокморов айыл өкмөтүнүн башчысына жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
2026-жылдын 19-августундагы https://gagsmsu.kg/wp-content/uploads/2026/08/2024-%D0%B6.%D1%82%D0%BE%D0%BA%D1%82%D0%BE%D0%BC%E2%84%9633.pdf расмий сайтында жарыяланды
Төрага | Мажитов Н.Б. |