АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылышынын IV сессиясы
2025-жылдын 18-февралындагы № 4/17
Турак жай имараттарына жана курулмаларына салык
өлчөмүн бекитүү жөнүндө
Ак-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 18.02.2025- жылдагы №01-6/14 сандуу кайрылуу катына ылайык турак жай имараттарына жана курулмаларына салык өлчөмүн бекитүү тууралуу айыл өкмөтүнүн башчысы К. Сулайманкуловдун маалыматын угуп жана талкуулап, Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 379, 380-беренелерине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилип жаткандыгына байланыштуу турак жай имараттарына жана курулмаларына салык ставкасы 2025-2027-жылдарда колдонуу үчүн ыйгарым укуктуу салык органынын сунушунун негизинде базалык салык наркы 30 (отуз) сом өлчөмүндө бекитилсин.
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндөгү мыйзамына жана бектилген салык ставкасына ылайык иш алып баруу жагы Ак-Суу айыл аймагынын айыл өмөтүнүн башчысы К. Сулайманкуловго милдеттендирилсин.
- Ушул токтом кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет:
- Ушул токтом расмий веб-сайтына жарыялансын.
- Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жиберүү жагы жооптуу катчы Ж.Жолдубай уулуна милдеттендирилсин.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин " Бюджет жана экономика мунципалдык менчик, инвестиция " боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Б.Жеңишбек уулуна жүктөлсүн.
Төрага М.Шаршеналы уулу