Редакцияот 04.04.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылышынын V сессиясы

2025-жылдын 4-апрелиндеги № 5/29                                          

 

Социалдык пакет  жөнүндө

 

“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө “Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесинин негизинде Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылышынын V сессиясыда  талкуулап, Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңеши:

                                                             

ТОКТОМ КЫЛАТ

 

  1. Ак-Суу айыл аймагындагы жер казынасын пайдаланып келген жеке ишерлер, Ак-Суу айылынын өнүгүшүнө жардам катары социалдык пакет эсебинен 200 (эки жүз миң) сом ,  1 (бир) даан Хово унаасы менен ташкөмүр төлөп берүү жагы мыйзам чегинде суралсын.

 

  1. Жер казынасын пайдаланучу жеке ишерлер менен келишим түзүп иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Сулайманкуловко милдеттендирлисин .

 

  1. Ушул токтом Ак-Суу айыл аймагынын расмий веб-сайтына жарыялансын.

 

  1. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жиберүү жагы жооптуу катчы Ж.Жолдубай уулуна милдеттендирилсин.

 

  1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин " Бюджет жана экономика мунципалдык менчик, инвестиция " боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Б.Жеңишбек уулуна жүктөлсүн.

 

 

Төрага М.Шаршеналы уулу