Редакцияот 28.07.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КУЛУНДУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кулунду айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XVI-сессиясы

 

2026-жылдын 28-июлу № 154

   “Кулунду айыл аймагындагы жерлерди бир багыттан экинчи бир багытка которуу (трансформациялоо)  жөнүндө”

 

 Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34, 39-беренелерин жана Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 21-беренесине ылайык, ошондой эле Айыл чарба, өнөр жай, жерге жайгаштыруу, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиянын корутундуларын угуп жана талкуулап чыгып Кулунду айылдык кеңешинин кезектеги XVI сессиясынын отурумунун №16 протоколунун чечиминин  2-бөлүмүнүн 7-пунктунун негизинде, Кулунду айылдык кеңеши токтом кылат:

 

  1. Ак-Арык айылынын чыгыш-түштүк тарабында №3492-контурунда жайгашкан 0,30га бадалдуу жайыт жерин "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жай, транспорттун, байланыштын" жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
  2. Ушул токтомдун аткарылышы Кулунду айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
  3. Бул токтом Кулунду айыл өкмөтүнүн https://www.kulundu.gov.kg  расмий веб-сайтында жарыялансын.
  4. Айылдык кеңештин жооптуу катчысы  бул токтомду каттоого алсын жана токтомдун көчүрмөсү тиркемелери менен бирге ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигинин Баткен облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
  5.  Бул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
  6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Айыл чарба, өнөр жай, жерге жайгаштыруу, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн. 

 

 

 

 

Төрага

А.А.Досов