КУЛУНДУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кулунду айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XVI-сессиясы
2026-жылдын 28-июлу № 157
“Кулунду айылына Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк менен биргеликте жөө жүргүнчүлөр үчүн жер астын казып жол өткөрүүгө (подземка) макулдук берүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн мыйзамынын 3-беренесине ылайык, ошондой эле Айыл чарба, өнөр жай, жерге жайгаштыруу, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиянын корутундуларын угуп жана талкуулап чыгып Кулунду айылдык кеңешинин кезектеги XVI сессиясынын отурумунун №16 протоколунун чечиминин 2-бөлүмүнүн 8-пунктунун негизинде, Кулунду айылдык кеңеши токтом кылат:
- Кулунду айылынын борборунда Ч.Айтматов көчөсүндө жеке жактардын өздүк эсебинин колдоосу менен жөө жүргүнчүлөр үчүн жер астын казып жол өткөрүүгө (подземка) макулдук берилсин.
- Ушул токтомдун аткарылышы Кулунду айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
- Бул токтом Кулунду айыл өкмөтүнүн https://www.kulundu.gov.kg расмий веб-сайтында жарыялансын.
- Айылдык кеңештин жооптуу катчысы бул токтомду каттоого алсын жана токтомдун көчүрмөсү тиркемелери менен бирге ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигинин Баткен облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
- Бул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
- Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Айыл чарба, өнөр жай, жерге жайгаштыруу, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А.А.Досов |