Редакцияот 02.06.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылышынын VI сессиясы

2025-жылдын 2-июнундагы № 6/36                                               

 

Көк-Кыя участкасындагы 2,60 га жер аянтын трансформациялоо жөнүндө

 

Ак-Суу айыл өкмөтүнүн жер адисинин кайрылуусу боюнча  Көк-Кыя участкасында таш талкалоочу цех куруу максатында 2,60 (эки бүтүн он алты) гектар жер аянтын трансформациялоо тууралуу кайрылуусу.

Эске алынып: Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 4-беренеси, 20-беренеси жана 83-беренеси, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктары жөнүндө мыйзамдардын негизинде, Ак-Суу айылдык кеңеш

 

                                                  ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Көк-Кыя участкасында жайгашкан 2,60 га айыл чарба багытындагы жер аянтын өндүрүштүк-техникалык максатта колдонуу үчүн трансформациялоого макулдук берилсин.

 

  1. Аталган жер аянтында таш талкалоочу цех курулушу жүргүзүлсүн жана белгиленген тартипте тиешелүү экологиялык, архитектуралык жана техникалык документтер алынсын.

 

  1. Ушул токтом Ак-Суу айыл аймагынын расмий веб-сайтына жарыялансын.

 

  1. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жиберүү жагы жооптуу катчы Ж.Жолдубай уулуна милдеттендирилсин.

 

  1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин агрардык, айыл чарба, өзгөчө кырдаалдар боюнча комиссиянын төрагасы К.Ашыралиевге жүктөлсүн.

 

 

Төрага М.Шаршеналы уулу