АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылышынын IX сессиясы
2025-жылдын 13-октябрындагы № 9/50
8-чакырылыштагы 3-сессиясынын №3/37 сандуу токтомун
жокко чыгаруу жөнүндө
Жалал-Абад областтык прокуратурасынын 2025-жылдын 28-июлундагы №25/172-04-11/1-6-00763 сандуу катынын мыйзамдуулугун карап чыгып, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесине ылайык, Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин мыйзамдуулук , этика маселелер боюнча туруктуу комиссиянына билдирүүсүн угуп талкуулап, Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин 8-чакырылыштагы 3-сессиясынын №3/37 сандуу токтому жокко чыгарылсын.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдети Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин тиешелүү туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
- Ушул токтом Ак-Суу айыл аймагынын расмий веб-сайтына жарыялансын.
- Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жиберүү жагы жооптуу катчы Ж.Жолдубай уулуна милдеттендирилсин.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдетин айылдык кеңештин мыйзамдуулук , этика маселелер боюнча туруктуу комиссиянына жүктөлсүн
Төраганын убактылуу
милдетин аткаруучу А.Кузебаев