Загрузка документа…
Тиркеме
Товарларга байкоо жүргүзүү системасын колдонуу тартиби
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Тартип Евразия экономикалык бирлигинин (мындан ары – ЕАЭБ) бажы аймагына ташылып келген товарларга байкоо жүргүзүү системасынын алкагында «Электрондук эсеп-фактура 2.0» модулун (мындан ары – ЭЭФ 2.0 модулу) колдонуу эрежелерин жөнгө салат жана ЭЭФ 2.0 модулун колдонууда санариптик өз ара аракеттенүүнүн катышуучуларынын (мындан ары – санариптик документ жүгүртүүнүн катышуучулары) ортосунда документ жүгүртүүнүн жол-жоболорун белгилейт.
2. Ушул Тартипте төмөнкүдөй түшүнүктөр жана аныктамалар колдонулат:
1) «Электрондук эсеп-фактура 2.0» модулу – ыйгарым укуктуу салык органынын ЕАЭБдин бажы аймагына ташылып келген товарларга байкоо жүргүзүү системасынын компоненти, ал аркылуу субъект тарабынан электрондук эсеп-фактура 2.0 түзүлөт жана колдонулат;
2) электрондук эсеп-фактура 2.0 (мындан ары – ЭЭФ 2.0) – ЕАЭБдин бажы аймагына ташылып келген товарларга байкоо жүргүзүү системасынын алкагында байкоого алынууга тийиш болгон товарлардын кыймылын эсепке алууга арналган ЭЭФ 2.0 модулунун санариптик документи. ЭЭФ 2.0 салык милдеттенмелеринин келип чыгышы, өзгөрүшү же токтотулушу үчүн негиз болуп саналбайт;
3) салык төлөөчү – ЕАЭБдин бажы аймагына ташылып келген товарларга байкоо жүргүзүү системасын колдонуу жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген жагдайлар болгон учурда ЭЭФ 2.0 тариздөө милдети жүктөлгөн субъект;
4) эсеп-фактуранын номери – ЭЭФ 2.0 модулунда түзүлүүчү ЭЭФ 2.0 уникалдуу генерацияланган номери;
5) товарларды эсепке алуу кампасы – ЭЭФ 2.0 колдонууга милдеттүү болгон субъекттин товарларын, өндүрүштүк, соода, кампа, курулуш жана башка объекттерин (мындан ары – экономикалык иштин объекттери) эсепке алууну жүргүзүү үчүн арналган, ЭЭФ 2.0 модулунун компоненти.
Ушул Тартипте товарларды эсепке алууну жүргүзүү деп субъект тарабынан ЭЭФ 2.0 модулунда товарлардын түшүшүнө, кыймылына, өзгөрүшүнө жана чыгарылышына байланыштуу операцияларды милдеттүү түрдө чагылдыруу, ошондой эле товарларды эсепке алуу кампасында мындай товарлардын калдыктарын түзүү жана эсепке алуу процесси түшүнүлөт;
6) товарлардын каталогу – «Товарлардын каталогу» модулу аркылуу түзүлгөн товарлардын бирдиктүү иреттелген тизмеги;
7) санариптик документ жүгүртүү – ЭЭФ 2.0 модулунда ЭЭФ 2.0 түзүү, жиберүү, алуу, иштеп чыгуу, сактоо жана эсепке алуу процесси;
8) санариптик кол тамга – санариптик формадагы башка маалыматка кошулган жана (же) логикалык жактан ага байланышкан жана санариптик документтин өзгөрбөстүгүн камсыз кылуу жана санариптик документтин авторун аныктоо үчүн колдонулган санариптик формадагы маалымат;
9) санариптик кол тамганы текшерүү ачкычынын квалификацияланган сертификаты (квалификацияланган сертификат) – аккредитацияланган күбөлөндүрүүчү борбор же аккредитацияланган күбөлөндүрүүчү борбордун ишенимдүү адамы же болбосо түпкү күбөлөндүрүүчү борбордун функцияларын жүзөгө ашыруучу тармактык жөнгө салуучу тарабынан берилген санариптик кол тамганы текшерүү ачкычынын сертификаты.
3. Ушул Тартипте колдонулуучу терминдер жана аныктамалар ушул Тартипте аныкталган мааниде чечмеленет. Ушул Тартиптеги терминдердин жана аныктамалардын чечмелениши болбогон учурда, терминдер жана аныктамалар Кыргыз Республикасынын тийиштүү мыйзамдарында жана (же) ЕАЭБ укугунда аныкталган мааниде чечмеленет.
4. Санариптик документ жүгүртүүнүн катышуучулары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) салык төлөөчү – ушул Тартипке ылайык ЭЭФ 2.0 модулунда катталган берүүчү же сатып алуучу;
2) салык кызматынын органдары.
5. ЭЭФ 2.0 модулу 2019-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагына ташылып келген товарларга байкоо жүргүзүү механизми жөнүндө макулдашуунун 6-беренесинин 1-бөлүгүндө белгиленген мөөнөттүн ичинде ЭЭФ 2.0 жүгүртүүдө (түзүүдө/алууда) маалыматтын сакталышын камсыз кылат. Сактоо мөөнөтү аяктагандан кийин ЭЭФ 2.0 модулунда сакталган маалыматтар ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан кайтарылгыс түрдө өчүрүлөт.
2-глава. ЭЭФ 2.0 модулунда субъектти каттоо
жана жокко чыгаруу тартиби
6. Субъектти ЭЭФ 2.0 модулунда санариптик документ жүгүртүүнүн катышуучусу катары каттоо квалификациялуу санариптик кол тамганы колдонуу менен салык төлөөчүнүн кабинети аркылуу жүзөгө ашырылат.
Субъекттин өз кабинетине кирүү мүмкүндүгүн алуу тартиби ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан аныкталат.
Субъектте катталган салык режими жана (же) колдонуудагы патенти жок болгон учурда ЭЭФ 2.0 модулунда ЭЭФ 2.0 тариздөөгө жол берилбейт.
7. Уюм жоюлганда же жеке ишкердин иши токтотулганда товарларды эсепке алуу кампасында товарлардын калдыктары жок болгондо жана товарларды эсепке алуунун иш жүзүндөгү активдүү кампасы жок болгондо, төмөнкүлөрдү кошпогондо, ЭЭФ 2.0 модулунда каттоону жокко чыгарууга арыз берилет:
1) ыйгарым укуктуу салык органы белгилеген тартипте аракетсиздик категориясына киргизилген салык төлөөчүлөр;
2) каза болгон же каза болгон деп жарыяланган жеке ишкер.
Ушул пункттун 1 жана 2-пунктчаларында көрсөтүлгөн салык төлөөчүлөрдү ЭЭФ 2.0 модулунда каттоону жокко чыгаруу ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан аныкталган тартипке ылайык жүзөгө ашырылат.
3-глава. Товарларды эсепке алуу кампасын түзүү
жана колдонуу
8. ЭЭФ 2.0 модулундагы товарларды эсепке алуу кампасы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан ЭЭФ 2.0 модулунда операцияларды аткаруу учурунда товарларды эсепке алуунун милдеттүү түрдө жүргүзүлүшү белгиленген товарларды эсепке алууда колдонулат.
9. Товарларды эсепке алууну милдеттүү жүргүзүү белгиленген товарларды сатууга, ошондой эле чыгаруунун башка операцияларын аткарууга ЭЭФ 2.0 модулундагы товарларды эсепке алуу кампасында мындай товарлардын калдыгы бар болгон учурда гана жол берилет.
10. Товарларды эсепке алуу кампасы төмөнкүдөй типтерге бөлүнөт:
1) системалык – ЭЭФ 2.0 модулунда санариптик документ жүгүртүүнүн катышуучусу катары катталган учурда салык төлөөчүнүн юридикалык дареги боюнча автоматтык түрдө түзүлөт;
2) иш жүзүндөгү – салык төлөөчү тарабынан экономикалык иштин объектисинин иш жүзүндөгү дарегин көрсөтүү менен түзүлөт.
11. Субъекттерден ЭЭФ 2.0 алууда товарлардын түшүүсү товарларды эсепке алуунун системалык кампасына жүзөгө ашырылат. Товарларды эсепке алуунун иш жүзүндөгү кампасы колдонулган учурда товарларды системалык кампадан сатууга жол берилбейт.
12. ЭЭФ 2.0 модулунда товарларды эсепке алуунун иш жүзүндөгү кампасын түзүү жана экономикалык иштин ар бир объектиси боюнча товарларды эсепке алууну жүргүзүү ишкердик субъекттер тарабынан ыктыярдуу негизде жүзөгө ашырылат.
13. Товарларды эсепке алуунун иш жүзүндөгү кампасы төмөнкүдөй статустарга ээ:
1) активдүү;
2) деактивдештирилген.
14. Экономикалык иштин объекти жабылган учурда салык төлөөчү ЭЭФ 2.0 модулундагы товарларды эсепке алуунун тиешелүү иш жүзүндөгү кампасын деактивдештирүүгө милдеттүү. Ушул Тартиптин 2-главасынын 7-пунктунда каралган учурларды кошпогондо, мындай товарларды эсепке алуу кампасында товарлардын калдыктары жок болгон шартта деактивдештирүүгө жол берилет.
15. Товарларды эсепке алуунун системалык кампасы салык төлөөчүнү ЭЭФ 2.0 модулунда каттоону жокко чыгарууга арыз берүү менен бирге, же болбосо ушул Тартиптин 2-главасынын 7-пунктунда көрсөтүлгөн субъекттердин категориялары үчүн белгиленген башка тартипте жокко чыгарылат.
Салык төлөөчүнү ЭЭФ 2.0 модулунда каттоону жокко чыгарууга арыз берген учурда товарларды эсепке алуу кампасында товарлардын калдыгынын болушуна жол берилбейт.
§ 1. ЭЭФ 2.0 модулун колдонуу
16. ЭЭФ 2.0 модулунда субъект тарабынан төмөнкүдөй операциялар таризделет:
1) кириштөө;
2) сатып алуу;
3) сатуу;
4) түзөтүү;
5) эсептен чыгаруу;
6) алып өтүү (товарларды эсепке алуунун иш жүзүндөгү кампасын колдонууда);
7) инвентаризациялоо (кайра иреттөө, конвертациялоо, баасын төмөндөтүү жана башка);
8) иштетип алма чийки зат жана аны кайра иштетүү продукту менен операцияларды тариздөө.
17. 2019-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагына ташылып келген товарларга байкоо жүргүзүү механизми жөнүндө макулдашууга ылайык байкоо жүргүзүлүүгө тийиш болгон товарлар менен операциялар аткарылган учурда документ милдеттүү тартипте ыйгарым укуктуу салык органы аныктаган маалыматты көрсөтүү менен түзүлөт.
18. ЭЭФ 2.0 модулунда иштөө үчүн субъект Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипке ылайык товарлардын каталогун колдонууга милдеттүү.
19. Ал жеткис күчтүн жагдайлары пайда болгон учурда ЭЭФ 2.0 модулунда документтерди тариздөө, колдонуу жана түзүү тартиби ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан аныкталат.
§ 2. ЭЭФ 2.0 модулунда сатуу жана сатып алуу операциялары
20. Берүүчү товарларды саткан учурда:
1) ушул Тартипке ылайык ЭЭФ 2.0 тариздейт;
2) ЭЭФ 2.0 модулу аркылуу ЭЭФ 2.0 сатып алуучуга жиберет.
21. ЭЭФ 2.0 модулунда ЭЭФ 2.0 түзүү жана алуу төмөнкүлөр аркылуу ишке ашырылат:
1) ЭЭФ 2.0 модулунда ЭЭФ 2.0 бир жолу түзүүнү же алууну же ЭЭФ 2.0 пакеттик жүктөөнү/чыгарууну реалдуу убакыт режиминде ишке ашырууга мүмкүндүк берген салык төлөөчүнүн профили;
2) салык төлөөчүнүн фискалдык программалык камсыздоосуна салык төлөөчүнүн профилинде каралган бардык операцияларды ЭЭФ 2.0 модулунда аткарууга мүмкүндүк берген тышкы программалык интерфейс.
22. Эгерде ушул главада башкача белгиленбесе, ЭЭФ 2.0 иш жүзүндөгү берүү датасын көрсөтүү менен берүү күнүнөн кийинки беш жумуш күндөн кечиктирбестен берүүлөргө ЭЭФ 2.0 түзүлөт.
Товарлар жеке ишкерлер болуп саналбаган жеке жактарга сатылган учурда, ЭЭФ 2.0 отчеттук айдан кийинки айдын он жумуш күнүнөн кечиктирбестен таризделет.
23. Товарларды экспорттоодо ЭЭФ 2.0 товарлар Кыргыз Республикасынын аймагынан ташылып чыкканга чейин таризделет.
24. Берүү датасы болуп төмөнкүлөр саналат:
1) товарлар үчүн – товарларга карата менчик укук сатып алуучуга өткөн дата;
2) түзөтүүчү ЭЭФ 2.0 үчүн – катанын болушуна байланыштуу түзөтүүлөрдү кошпогондо, ушул Тартипке ылайык түзөтүү үчүн негиз болуп кызмат кылган жагдайлардын келип чыккан датасы.
25. ЭЭФ 2.0 түзүлгөн дата болуп берүүчү ЭЭФ 2.0 модулунда ЭЭФ 2.0 кол койгон дата эсептелет.
26. ЭЭФ 2.0 модулундагы документтер ЭЭФ 2.0 модулунда генерацияланган номерди жана штрих-коддун (QR-код) эки өлчөмдүү символун камтыса, түзүлгөн деп эсептелет.
Документтин түп нускасы (түпкү документ) болуп ЭЭФ 2.0 модулунда түзүлгөн санариптик документ эсептелет.
27. Сатып алуучу ЭЭФ 2.0 алууда:
1) ЭЭФ 2.0 кабыл алгандыгын ырастайт;
2) төмөнкүлөргө байланыштуу ЭЭФ 2.0 кабыл алуудан баш тартат:
– туура эмес маалыматтарды камтыган же өзгөртүүлөрдү киргизүүнү талап кылган ЭЭФ 2.0 алынганда. Мында берүүчү баш тартылган ЭЭФ 2.0 маалыматтарын көрсөтүү менен жаңы ЭЭФ 2.0 жазып берүүгө милдеттүү;
– берүү жокко чыгарылганда жана (же) товарды алуудан баш тартылганда.
Сатып алуучу ЭЭФ 2.0 алуудан баш тарткан учурда, мындай ЭЭФ 2.0 четке кагылды деп эсептелет.
28. Ушул Тартиптин 27-пунктунда каралган сатып алуучунун иш-аракеттери ЭЭФ 2.0 таризделген күндөн тартып он календардык күн өткөнгө чейин жүзөгө ашырылат.
29. Эгерде сатып алуучу ЭЭФ 2.0 кабыл алгандыгын ырастабаса жана аны кабыл алуудан баш тартпаса, ошондой эле сатып алуучунун ЭЭФ 2.0 модулунда каттоосу жок болсо, ЭЭФ 2.0 ушул Тартиптин 28-пунктунда көрсөтүлгөн мөөнөт аяктагандан кийин кабыл алынды деп эсептелет.
30. Берүүчү мурда таризделген жана сатып алуучу тарабынан кабыл алынбаган ЭЭФ 2.0 ал таризделген күндөн тартып он календардык күндүн ичинде чакыртып алууга укуктуу.
ЭЭФ 2.0 чакыртып алынган учурда, берүүчү чакыртып алуунун төмөнкүдөй себептерин көрсөтөт:
– түзүлгөн ЭЭФ 2.0 туура эмес маалыматтар же өзгөртүүлөрдү киргизүүнү талап кылган маалыматтар. Мында берүүчү/жиберүүчү чакыртып алынган ЭЭФ 2.0 маалыматтарын көрсөтүү менен жаңы ЭЭФ 2.0 жазып берүүгө милдеттүү;
– алуучунун берүүнү жокко чыгаруусу жана (же) товарды алуудан баш тартуусу.
31. Берүүчү мурда таризделген ЭЭФ 2.0 чакыртып алган учурда, мындай ЭЭФ 2.0 чакыртып алынды деп эсептелет.
32. ЭЭФ 2.0 таризделген күндөн тартып он календардык күн өткөндөн кийин же сатып алуучу ЭЭФ 2.0 кабыл алгандан кийин аны чакыртып алуу мүмкүн эмес.
33. Кыргыз Республикасынын салык төлөөчүсүнүн –принципалдын атынан агент тарабынан ишке ашырылуучу товарларды берүү принципалдын берүүсү деп таанылат. Бул учурда сатылган товарларга ЭЭФ 2.0 сатып алуучуга принципал тарабынан таризделет.
34. Агенттин берүүлөрүнө киргизилген жана (же) таанылган берүүлөрдү ишке ашырууда операцияларды тариздөө тартиби ушул Тартиптин 4-главасынын 2-бөлүмү менен аныкталат.
4-глава. ЭЭФ 2.0 модулунда товарлар менен
операцияларды эсепке алуу жана документ
жүзүндө чагылдыруу тартиби
§ 1. Иштетип алма чийки зат жана аны кайра
иштетүү продуктулары менен операциялар
35. Иштетип алма чийки зат жана аны кайра иштетүү продуктулары менен операциялар ЭЭФ 2.0 модулунда товарларды эсепке алууну жүргүзүү боюнча милдеттүү талап белгиленген товарларга карата колдонулат.
36. Иштетип алма чийки затты өткөрүп берүү келишимдин негизинде жүргүзүлөт жана ЭЭФ 2.0 модулунда төмөнкүдөй тартипте түзүлөт:
1) чийки затты ЭЭФ 2.0 модулун колдонуудан бошотулган жеке жак же салык төлөөчү өткөрүп бергенде, кайра иштетүүчү өз алдынча кампага чийки затты кириштөө документин түзөт;
2) чийки зат ЭЭФ 2.0 модулун колдонууга милдеттүү салык төлөөчүлөрдүн ортосунда өткөрүлүп берилгенде, заказчы чийки затты өткөрүп берүүнү тариздейт, ал эми кайра иштетүүчү Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык ЭЭФ 2.0 модулунда товарларды эсепке алуу кампасына анын кабыл алынганын ырастайт же четке кагат.
37. Товарларды эсепке алуу кампасынан кайра иштетүү продуктусу өткөрүлүп берилгенде, кайра иштетүүчү ЭЭФ 2.0 модулунда заказчынын дарегине продуктуну өткөрүп берүүнүн бирдиктүү документин тариздейт. ЭЭФ 2.0 модулунда операцияны аяктоо төмөнкүдөй тартипте ишке ашырылат:
1) эгерде заказчы санариптик документ жүгүртүүнүн катышуучусу болсо, субъект документ таризделген датадан тартып он календардык күн өткөнгө чейин кабыл алгандыгын ырастоого же документти четке кагууга милдеттүү. Заказчы тарабынан көрсөтүлгөн мөөнөт өткөндөн кийин эч кандай иш-аракет болбосо, документ кабыл алынды, ал эми кайра иштетүү продуктусу кайра иштетүүчүнүн кампасынан эсептен чыгарылды жана заказчынын кампасына автоматтык түрдө киргизилди деп эсептелет;
2) эгерде заказчы жеке ишкер болуп саналбаган жеке жак же ЭЭФ 2.0 модулун колдонуу милдетинен бошотулган салык төлөөчү болсо, өткөрүп берүү документи кабыл алынды деп эсептелет жана кайра иштетүү продуктусу документти тариздөө учурунда автоматтык режимде кайра иштетүүчүнүн товарларды эсепке алуу кампасынан эсептен чыгарылат.
38. Иштетип алма чийки зат жана кайра иштетүү продуктулары менен операцияларды тариздөөдө субъекттер продукциянын түрүн көрсөтүүгө милдеттүү:
1) иштетип алма чийки зат;
2) кайра иштетүү продуктусу.
39. ЭЭФ 2.0 модулунда чийки затты жана аны кайра иштетүү продуктусун өткөрүп берүү документин тариздөө тартиби жана мөөнөттөрү, ошондой эле анын формасы ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан белгиленет.
§ 2. Агенттик келишимдер боюнча операцияларды тариздөө тартиби
40. Принципалдын тапшырмасы боюнча агент тарабынан ишке ашырылган товарларды берүү төмөнкүдөй учурларда агенттин берүүсү деп таанылат:
1) берүү Кыргыз Республикасынын салык төлөөчүсүнүн-принципалдын тапшырмасы боюнча агент тарабынан өзүнүн атынан ишке ашырылган учурда;
2) принципал Кыргыз Республикасында салык төлөөчү болуп саналбаган чет өлкөлүк уюм же резидент эмес-жеке жак болгон учурда.
41. Берүү агенттин берүүсү деп таанылганда, ЭЭФ 2.0 модулунда операцияларды тариздөө төмөнкүдөй тартипте ишке ашырылат:
1) агент товарларды акыркы сатып алуучуга берген датага карата принципал агенттин дарегине сатылган товарларга ЭЭФ 2.0 тариздейт. Принципал тарабынан ЭЭФ 2.0 таризделген дата агент акыркы сатып алуучуга товарларды саткан датага шайкеш келиши керек;
2) агент акыркы сатып алуучунун дарегине «Агент тарабынан берүү» белгиси менен ЭЭФ 2.0 тариздейт;
3) агент принципалдын дарегине өзүнүн агенттик сый акысынын суммасын көрсөтүү менен ЭЭФ 2.0 тариздейт.
§ 3. Кириштөө
42. Субъект ЭЭФ 2.0 модулунда товарларды эсепке алуу кампасына товарларды эсепке алууну милдеттүү түрдө жүргүзүү белгиленген товарларды кириштөө документин тариздөө аркылуу төмөнкүдөй учурларда кириштөөгө милдеттүү:
1) мамлекеттик органдар жана мекемелер, ошондой эле алардын түзүмдүк бөлүмдөрү тарабынан товарларды импорттоону кошпогондо, эгерде алар андан ары сатууга багытталбаса, ЕАЭБ өлкөлөрүнөн товарларды импорттоодо;
2) төмөнкүлөрдү кошпогондо, үчүнчү өлкөлөрдөн товарларды импорттоодо:
– эгерде алар андан ары сатууга багытталбаса, мамлекеттик органдар жана мекемелер, ошондой эле алардын түзүмдүк бөлүмдөрү тарабынан товарларды импорттоону;
– Кыргыз Республикасынын бажы мыйзамдарына ылайык эркин экономикалык заналардын аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагына товарларды импорттоону;
3) товарларды өндүрүүдө (даярдоодо);
4) товарларды комплекттөөдө же өнөр жайлык чогултууда;
5) товарларды комплекттен чыгарууда;
6) ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан аныкталган тартипте салык контролун жүргүзүүнүн жүрүшүндө эсепке алынбаган товарларды аныктоодо;
7) контролдук-кассалык чектин негизинде кийин сатуу же кайра иштетүү үчүн калктан жеке товарларды кабыл алууда (сатып алууда);
8) мурда товарларды эсепке алуу кампасына кириштелбеген негизги каражаттарды сатууну ниеттенүүдө;
9) инвентаризациялоодо, анын ичинде баасын төмөндөтүүдө жана кайра иреттөөдө;
10) товарлар укук улантуучулук тартибинде өткөндө (кайра уюштуруу, биригүү, кошулуу, мурас);
11) табигый кырсыктардын, табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу үчүн зарыл болгон товарларды берүүдө же импорттоодо (ташып кирүүдө);
12) төмөнкү товарларды андан ары сатуу үчүн сатып алууда:
– ички керектөө үчүн чыгаруу бажы жол-жобосуна жайгаштырылбаган, конфискацияланган же башка жол менен мамлекеттин менчигине (кирешесине) өткөрүлгөн;
– товарларды ички керектөө үчүн чыгаруу бажы жол-жобосуна жайгаштырылбаган, соттун чечими боюнча бажы алымдарын, салыктарды, атайын, демпингге каршы жана компенсациялык алымдарды төлөтүү эсебине өндүрүп алынган;
– Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодексинин 51-главасына ылайык бажы органдары тарабынан кармалган жана белгиленген мөөнөттөрдө мындай товарларга карата ыйгарым укуктарга ээ адамдар тарабынан талап кылынбаган товарларды;
13) иштетип алма чийки затты алууда;
14) күбөлөндүрүүчү документтер болгондо товарларга менчик укугу өткөн башка учурларда.
43. Кириштөө документин түзөтүү туура эмес маалыматтар көрсөтүлгөн учурда ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан аныкталган тартипте жүргүзүлөт.
44. ЭЭФ 2.0 модулунда кириштөө документин, анын ичинде түзөтүүчү кириштөө документин тариздөө тартиби жана мөөнөттөрү, ошондой эле анын формасы ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан белгиленет.
§ 4. Эсептен чыгаруу
45. ЭЭФ 2.0 модулунда товарларды эсептен чыгаруу ЭЭФ 2.0 модулунда товарларды эсепке алууну милдеттүү түрдө жүргүзүү белгиленген товарларга карата төмөнкү учурларда эсептен чыгаруу документин тариздөө аркылуу ишке ашырылат:
1) товарларды өндүрүштө (даярдоодо) пайдаланууда;
2) товарлар жоголгондо жана бузулганда;
3) товарлардын табигый кемүүсү жана технологиялык жоготуулары болгондо;
4) салык контролунун жүрүшүндө ЭЭФ 2.0 модулунда товарларды эсепке алуу кампасында товарлар бар болгону менен алардын иш жүзүндөгү калдыктарынын жоктугу аныкталганда;
5) товарларды андан ары керектөө жана (же) бөлүштүрүү шартында гуманитардык жардам түрүндө өткөрүп берүүдө, мындай өткөрүп берүү акысыз негизде сатуу деп таанылган учурларды кошпогондо;
6) товарларды комплекттөөдө же өнөр жайлык чогултууда;
7) товарларды комплекттен чыгарууда;
8) инвентаризациялоодо, анын ичинде баасын төмөндөтүүдө жана кайра иреттөөдө;
9) табигый кырсыктардын, табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу үчүн зарыл болгон товарларды берүүдө же импорттоодо (ташып кирүүдө);
10) күбөлөндүрүүчү документтер болгондо, иштин өзгөчөлүгүн эске алуу менен салык төлөөчү ыйгарым укуктуу салык органына жана (же) салык органдарына кайрылганда.
46. Төмөнкүлөр товарларды эсептен чыгаруу боюнча милдеттен бошотулат:
1) тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ыйгарым укуктуу салык органына берилүүчү тизмекке ылайык чет өлкөлөрдүн дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери;
2) ишкердик иш жүргүзгөн өкүлчүлүктөрдү кошпогондо, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдердин негизинде иш жүргүзгөн, тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ыйгарым укуктуу салык органына берилүүчү тизмекке ылайык эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрү;
3) соода жана (же) өндүрүштүк ишти ишке ашыруучу уюмдарды кошпогондо, мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү жана мектепке чейинки билим берүү уюмдары;
4) соода жана (же) өндүрүштүк ишти ишке ашыруучу органдарды жана мекемелерди кошпогондо, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген өз ыйгарым укуктарынын чегинде иш жүргүзгөн мамлекеттик жана муниципалдык органдар жана мекемелер, ошондой эле алардын ведомстволук бөлүмдөрү.
Ушул пунктта көрсөтүлгөн салык төлөөчүлөр ЭЭФ 2.0 модулунда каттоону жокко чыгаруу жөнүндө арыз бергенге чейин товарларды эсепке алуу кампасында товарлардын калдыктары болгон учурда аларды эсептен чыгарууну жүргүзүүгө милдеттүү.
47. Эсептен чыгаруу документин түзөтүү туура эмес маалыматтар көрсөтүлгөн учурда, ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан аныкталган тартипте жүргүзүлөт.
48. ЭЭФ 2.0 модулунда эсептен чыгаруу документин, анын ичинде түзөтүүчү эсептен чыгаруу документин тариздөө тартиби жана мөөнөттөрү, ошондой эле анын формасы ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан белгиленет.
§ 5. Алып өтүү
49. Салык төлөөчү товарларды эсепке алууну милдеттүү түрдө жүргүзүү белгиленген товарларды алып өтүүдө төмөнкү учурларда товарлардын эсептик наркын көрсөтүү менен алып өтүү документин тариздейт:
1) товарларды бир юридикалык жактын чегинде бир иш жүзүндөгү товарларды эсепке алуу кампасынан башкасына алып өтүүдө;
2) товарларды уюмдун филиалынын товарларды эсепке алуу кампасынан башкы уюмдун товарларды эсепке алуу кампасына алып өтүүдө;
3) товарларды башкы уюмдун товарларды эсепке алуу кампасынан уюмдун филиалынын товарларды эсепке алуу кампасына алып өтүүдө;
4) товарларды бир уюмдун филиалдарынын товарларды эсепке алуу кампаларынын ортосунда алып өтүүдө.
5-глава. ЭЭФ 2.0 модулунда товарларды
инвентаризациялоо
§ 1. Конвертациялоо
50. ЭЭФ 2.0 модулунда товарларды конвертациялоо болуп товарлардын санын бир өлчөө бирдигинен башка өлчөө бирдигине которуу боюнча операция саналат.
51. Сандык көрсөткүчтөр бурмаланып, анын ичинде товардын жалпы көлөмү көбөйтүлгөн же азайтылган, ошондой эле анын жалпы нарктык баасы өзгөртүлгөн товарларды конвертациялоо фактысы аныкталганда салык органдары салык төлөөчүдөн мындай конвертациялоонун негиздемесин сурайт.
52. Конвертациялоо коэффициенттери документ түрүндө негизделүүгө тийиш жана товарлардын белгиленген өлчөө бирдиктерине жана мүнөздөмөлөрүнө шайкеш келүүсү керек.
53. Конвертациялоо документинин формасы жана конвертациялоону жүргүзүү тартиби ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан белгиленет.
§ 2. Баасын төмөндөтүү
54. ЭЭФ 2.0 модулунда товарлардын баасын төмөндөтүү субъекттин салык жана (же) эсепке алуу саясатына ылайык аныкталган өлчөө бирдиги үчүн эсептик нарк боюнча сапаттык мүнөздөмөлөрүнүн начарлашынын, сортунун төмөндөшүнүн же моралдык эскиришинин натыйжасында керектөө касиеттери жарым-жартылай же толугу менен жоголгон товарлардын наркынын өзгөрүшүн чагылдыруу үчүн ишке ашырылат.
§ 3. Кайра сорттоо
55. ЭЭФ 2.0 модулунда товарларды кайра сорттоо субъекттин салык жана (же) эсепке алуу саясатына ылайык аныкталган өлчөө бирдиги үчүн эсептик нарк боюнча ошол эле категориядагы (аталышындагы), бирок ар кандай сорттогу (түрлөрүндөгү) товарлардын аныкталган жетишсиздигин бир эле учурда эсептен чыгарууну жана ашыкчасын кириштөөнү чагылдыруу үчүн ишке ашырылат.
6-глава. Түзөтүүчү ЭЭФ 2.0 тариздөө тартиби
§ 1. Жалпы жоболор
56. Түзөтүүчү ЭЭФ 2.0 товарларды берүү фактысын ырастаган алгачкы ЭЭФ 2.0 гана таризделет.
57. Кабыл алынган ЭЭФ 2.0 каталардын болгондугунан улам түзөтүүлөрдү кошпогондо, түзөтүүчү ЭЭФ 2.0 тариздөөдө сандык жана нарктык көрсөткүчтөр гана өзгөртүлүүгө тийиш, мында алгачкы ЭЭФ 2.0 башка реквизиттерди жана маалыматтарды өзгөртүүгө жол берилбейт.
58. Ушул бөлүккө ылайык таризделген түзөтүүчү ЭЭФ 2.0 ЭЭФ 2.0 модулунда катталган сатып алуучу тарабынан ал түзүлгөн датадан тартып он календардык күн өткөнгө чейин ырасталууга же четке кагылууга тийиш. Эгерде сатып алуучу көрсөтүлгөн мөөнөт өткөнгө чейин түзөтүүчү ЭЭФ 2.0 ырастабаса же четке какпаса, мындай ЭЭФ 2.0 четке кагылган деп таанылат.
ЭЭФ 2.0 модулунда сатып алуучунун каттоосу жок болгон учурда, түзөтүүчү ЭЭФ 2.0 ушул пунктта белгиленген мөөнөт өткөндөн кийин кабыл алынган деп эсептелет.
§ 2. ЭЭФ 2.0 модулунда ЭЭФ 2.0 түзөтүү тартиби
59. Эгерде ушул главада башкача белгиленбесе, түзөтүүчү ЭЭФ 2.0 кабыл алынган ЭЭФ 2.0 түзөтүү жүргүзүү үчүн төмөнкү учурларда таризделет:
1) товарларды толук же жарым-жартылай кайтаруу;
2) товарлардын баасын өзгөртүү;
3) товарлар үчүн төлөмдү кайтаруу.