Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ
2026-жылдын 9-сентябры № 94
Ак-Суу, Панфилов, Манас, Талас шаардык, Кара-Суу жана Ноокен аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитүү тууралуу
"Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3, 5-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Ак-Суу, Панфилов, Манас, Талас шаардык, Кара-Суу жана Ноокен аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечимдери 1-тиркемеге ылайык;
- Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын катталган талапкерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө чечими 2-тиркемеге ылайык;
- Ак-Суу, Манас, Талас шаардык, Кара-Суу жана Ноокен аймактык шайлоо комиссияларынын бош калган мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери 3-тиркемеге ылайык.
2. 1-тиркемеде көрсөтүлгөн жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын күбөлүктөрү ушул токтом жарыяланган күндөн тартып жараксыз деп таанылсын.
3. Ак-Суу, Манас, Талас шаардык, Кара-Суу жана Ноокен аймактык шайлоо комиссиялары 3-тиркемеге ылайык жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын катташсын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырышсын.
4. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жана Кыргыз Республикасынын "Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитине жарыялансын.
5. Ушул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.
6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Р.Ш.Жакышовго жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы |
| Т.Шайназаров |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2026-жылдын 9-сентябрындагы № 94 токтомуна 1-тиркеме |
Ак-Суу, Панфилов, Манас, Талас шаардык, Кара-Суу жана Ноокен аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечимдери
№ | АШКнын аталышы, чечимдин датасы, номери жана негизи | Жергиликтүү кеңештин аталышы | Ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештин депутатынын аты-жөнү |
Ысык-Көл облусу | |||
Ак-Суу району | |||
1 | Ак-Суу АШК, 2026-жылдын 19-августу № 9, Ак-Суу районунун № 09-01 Калкты тейлөө борбору тарабынан берилген 2026-жылдын 20-августундагы № KG05 0029948 каза болгондугу тууралуу күбөлүк | Хан-Теңири айылдык кеңеши (№ 1 Качыбек - Ак-Чий - Советское шайлоо округу) | Алмерекова Гульзат Доктурбаевна |
2 | Ак-Суу АШК, 2026-жылдын 19-августу, № 9, 2026-жылдын 6-августундагы өз арызы | Хан-Теңири айылдык кеңеши (№ 1 Качыбек - Ак-Чий - Советское шайлоо округу) | Шергазиев Саламат Жумадылович |
Чүй облусу | |||
Панфилов району | |||
3 | Панфилов АШК, 2026-жылдын 3-сентябры, № 15, 2026-жылдын 24-августундагы өз арызы | Курама айылдык кеңеши (№ 3 Курама шайлоо округу) | Джумагулова Назгуль Джаныбаевна |
4 | Панфилов АШК, 2026-жылдын 3-сентябры, № 16, 2026-жылдын 25-августундагы өз арызы | Кайыңды шаардык кеңеши | "Ынтымак" депутаттык фракциясынан Адеп кызы Алина (6) |
Талас облусу | |||
Манас району | |||
5 | Манас АШК, 2026-жылдын 25-августу, № 4, 2026-жылдын 12-августундагы өз арызы | Семетей айылдык кеңеши (№ 4 Бала-Бакча шайлоо округу) | Суранбаева Нурпери Бакеновна |
Талас шаары | |||
6 | Талас шаардык АШК, 2026-жылдын 2-сентябры, № 5, 2026-жылдын 27-августундагы өз арызы | Талас шаардык кеңеши | "Бирге-Вместе" депутаттык фракциясынан Атагелдиев Урмат Эсенгелдиевич (8) |
Ош облусу | |||
Кара-Суу району | |||
7 | Кара-Суу АШК, 2026-жылдын 2-сентябры, № 12, 2026-жылдын 21-августундагы өз арызы | Ынтымак айылдык кеңеши (№ 3 Кыргызстан шайлоо округу) | Өмүрбеков Эркин Өмүрбекович |
Жалал-Абад облусу | |||
Ноокен району | |||
8 | Ноокен АШК, 2026-жылдын 18-августу, № 10, 2026-жылдын 17-августундагы өз арызы | Момбеков айылдык кеңеши (№ 3 Чек шайлоо округу) | Урбаев Зайирбек Кадырович |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2026-жылдын 9-сентябрындагы № 94 токтомуна 2-тиркеме |
Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын катталган талапкерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө чечими
№ | АШКнын аталышы, чечимдин датасы, номери жана негизи | Жергиликтүү кеңештин аталышы | Катталган талапкердин аты-жөнү |
Жалал-Абад облусу | |||
Ноокен району | |||
1 | Ноокен АШК, 2026-жылдын 18-августу, № 10, 2026-жылдын 17-августундагы өз арызы | Момбеков айылдык кеңеши (№ 3 Чек шайлоо округу) | Айтиев Сүйүналы Абдимиталипович |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2026-жылдын 9-сентябрындагы № 94 токтомуна 3-тиркеме |
Ак-Суу, Манас, Талас шаардык, Кара-Суу жана Ноокен аймактык шайлоо комиссияларынын бош калган мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери
№ | АШКнын аталышы, чечимдин датасы, номери жана негизи | Жергиликтүү кеңештин аталышы | Жергиликтүү кеңештин шайланган депутатынын аты-жөнү | Иштеген жери, ээлеген кызмат орду |
Ысык-Көл облусу | ||||
Ак-Суу району | ||||
1 | Ак-Суу АШК, 2026-жылдын 19-августу, № 10, 2026-жылдын 18-августундагы өз арызы | Хан-Теңири айылдык кеңеши (№ 1 Качыбек - Ак-Чий - Советское шайлоо округу) | Султанбаева Эльмира Кеңешовна | "Качыбек" бала бакчасынын жетекчиси |
2 | Ак-Суу АШК, 2026-жылдын 19-августу, № 10, 2026-жылдын 19-августундагы өз арызы | Хан-Теңири айылдык кеңеши (№ 1 Качыбек - Ак-Чий - Советское шайлоо округу) | Жумадылов Нурлан Оморович | Убактылуу иштебейт |
Талас облусу | ||||
Манас району | ||||
3 | Манас АШК, 2026-жылдын 25-августу, № 4, 2026-жылдын 24-августундагы өз арызы | Семетей айылдык кеңеши (№ 4 Бала-Бакча шайлоо округу) | Джельчиева Зарина Усембековна | Манас райондук суу чарба башкармалыгынын бухгалтери |
Талас шаары | ||||
4 | Талас шаардык АШК, 2026-жылдын 2-сентябры, № 6, 2026-жылдын 28-августундагы өз арызы | Талас шаардык кеңеши | "Бирге-Вместе" саясий партиясынан Абдыкулов Тилек Абдыкулович (11) | Жеке ишкер |
Ош облусу | ||||
Кара-Суу району | ||||
5 | Кара-Суу АШК, 2026-жылдын 2-сентябры, № 12, 2026-жылдын 2-сентябрындагы өз арызы | Ынтымак айылдык кеңеши (№ 3 Кыргызстан шайлоо округу) | Тургунбаев Кылычбек Суратбекович | Ош эл аралык аэропортунун айдоочусу |
Жалал-Абад облусу | ||||
Ноокен району | ||||
6 | Ноокен АШК, 2026-жылдын 18-августу, № 10, 2026-жылдын 17-августундагы өз арызы | Момбеков айылдык кеңеши (№ 3 Чек шайлоо округу) | Эрмамат кызы Мавлюда | Убактылуу иштебейт |