Редакцияот 13.10.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылышынын IX сессиясы

                2025-жылдын  13-октябрындагы № 9/51

 

Ак-Суу айыл аймагындагы салтанаттарды өткөрүүнү жана кафе-рестарандардын 22:00гө чейин иштөөсү боюнча чектөө киргизүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 14-августундагы №27-19633 тапшырмасын аткаруу максатында Ак-Суу айыл аймагындагы салтанаттарды өткөрүүнү жана кафе-ресторандардын 22:00гө чейин иштөөсүнө чектөө киргизип берүү боюнча Ак-Суу айыл өкмөтүнун 2025-жылдын 2-сентябрындагы №01-6/70 сандуу катынын негизинде Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин мыйзамдуулук   боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн талкуулап Ак-Суу айыл аймагынынын айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

·         1.Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 14-августундагы №27-19633 тапшырмасын аткаруу максатында Ак-Суу айыл аймагындагы салтанаттарды өткөрүүнү жана кафе-ресторандардын 22:00гө чейин иштөөсүнө чектөөгө макулдук берилсин.

 

·         2.Ак-Суу айыл өкмөтү участкалык ички иштер бөлүмү менен биргеликте кафе-ресторандардын ээлерине түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алсын.

 

·         3.Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 6-декабрындагы №194 “Тынчтык жөнүндө” мыйзамында Кыргыз Республикасынын “Бузуулар жөнүндө” кодексинде каралган беренелерин бузса кафе-ресторандардын ээлерине жоопкерчиликке тартып аларга айып пул салынсын.

 

  • 4.Ушул токтом Ак-Суу айыл аймагынын расмий веб-сайтына жарыялансын.

 

  • 5.Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жиберүү жагы жооптуу катчы Ж.Жолдубай уулуна милдеттендирилсин.

 

  • 6.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин мыйзамдуулук комитетинин төрагасы А .Токторалиевага жүктөлсүн.

 

 

 

Төраганын убактылуу милдетин аткаруучу А.Кузебаев