Загрузка документа…
Тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 14-сентябрындагы № 615 токтомуна) |
Кайра иштетилген продуктуларды кийин кайра ташып киргизүү менен бажы аймагынан тышкары кайра иштетүү бажы жол-жобосунун астында кайра иштетүү үчүн чийки затты ташып чыгаруу
методикасы
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул методика Кыргыз Республикасына кайра иштетилген продуктуларды кийин кайра ташып киргизүү менен бажы аймагынан тышкары кайра иштетүү бажы жол-жобосуна жайгаштыруу үчүн меште жагылуучу отунду, нафтаны жана мазутту (мындан ары – чийки зат) Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып чыгаруу тартибин, ошондой эле ташып чыгарылган чийки затты, кайра иштетилген продуктуларды жана технологиялык жоготууларды эсепке алуу тартибин аныктайт.
2. Ушул методиканын максаттары кайра иштетилген продуктулар деп чийки затты кайра иштетүү жөнүндө келишимдин, кайра иштетүүчү ишкананын техникалык корутундусунун жана кайра иштетүүнүн технологиялык схемасынын негизинде энергетика чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын уруксаты менен тизмеги жана тиешелүү ЕАЭБ ТЭИ ТН коддору аныкталган ташып чыгарылган чийки затты кайра иштетүүнүн натыйжасында алынган мунайзат продуктулары түшүнүлөт.
3. Бажы аймагынан тышкары кайра иштетүү бажы жол-жобосунун астында кайра иштетүү үчүн чийки заттары ташып чыгаруу төмөнкүлөр болгондо жүзөгө ашырылат:
– чет өлкөлүк кайра иштетүүчү ишкана менен түзүлгөн чийки затты кайра иштетүү жөнүндө келишим;
– Евразия экономикалык бирлигинин бажы мыйзамдарына ылайык таризделген товарларды бажы аймагынан тышкары кайра иштетүү шарттары жөнүндө документ;
– энергетика чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын уруксаттары;
– кайра иштетилген продуктуларды белгиленген мөөнөттөрдө Кыргыз Республикасына кийин кайра ташып киргизүү жөнүндө милдеттенмелер.
4. Бажы аймагынан тышкары кайра иштетүү бажы жол-жобосунун астында кайра иштетүү үчүн ташып чыгарылган чийки заттын көлөмү кайра иштетүү жөнүндө келишимдин шарттарына, кайра иштетүүчү ишкананын өндүрүштүк кубаттуулугуна, кайра иштетилген продуктулардын чыгуу ченемдерине, ошондой эле жол берилген технологиялык жоготууларга жараша аныкталат.
5. Кайра иштетилген продуктулар Евразия экономикалык бирлигинин бажы мыйзамдарында белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө Кыргыз Республикасына милдеттүү түрдө кайра ташып киргизилүүгө тийиш.
6. Уруксатта көрсөтүлгөн кайра иштетилген продуктулар Евразия экономикалык бирлигинин бажы мыйзамдарынын жана аймагында кайра иштетүү жүзөгө ашырылган мамлекеттин мыйзамдарынын талаптарын сактоо шартында Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынан тышкары сакталышы мүмкүн.
7. Бажы аймагынан тышкары кайра иштетүү бажы жол-жобосунун астында чийки затты ташып чыгарууга уруксаттарды берүү тартиби, зарыл болгон документтердин тизмеги, ташып чыгарылган чийки затты жана кайра иштетилген продуктуларды эсепке алуу, кайра иштетилген продуктулардын чыгуу ченемдерин аныктоо, технологиялык жоготууларды, таштандыларды жана калдыктарды эсепке алуу тартиби, ошондой эле отчетторду берүү тартиби энергетика чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленет.
2-глава. Ташып чыгаруу тартиби
8. Чийки затты ташып чыгарууга уруксат алуу үчүн арыз ээси Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине ушул Методиканын 1-тиркемесине ылайык форма боюнча арызды, ошондой эле төмөнкүлөрдү берет:
– бажы аймагынан тышкары кайра иштетүү бажы жол-жобосунун астында чийки затты кайра иштетүү үчүн ташып чыгарууга арыз;
– чет өлкөлүк кайра иштетүүчү ишкана менен чийки затты кайра иштетүү жөнүндө келишим;
– товарларды бажы аймагынан тышкары кайра иштетүү шарттары жөнүндө документ;
– чет өлкөлүк кайра иштетүүчү ишкана, анын өндүрүштүк кубаттуулуктары жана кайра иштетүү жүзөгө ашырылган жер жөнүндө маалыматтар;
– чийки заттын сандык жана сапаттык мүнөздөмөлөрү жөнүндө маалыматтар;
– кайра иштетилген продуктуларды болжолдонгон чыгарылышын эсептөө;
– бажы аймагынан тышкары кайра иштетүү бажы жол-жобосуна жайгаштырууга тийиш болгон кайра иштетилген продуктулардын тизмеги;
– жол берилген технологиялык жоготууларды эсептөө;
– кайра иштетилген продуктуларды Кыргыз Республикасына кийин кайра ташып киргизүү жөнүндө милдеттенме;
– Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка документтер.
9. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги берилген документтерди карап чыгат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте уруксат берүү же берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимди кабыл алат.
Бажы аймагынан тышкары кайра иштетүү бажы жол-жобосунун астында кайра иштетүү үчүн чийки затты ташып чыгарууга уруксат Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги тарабынан ушул Методиканын 2-тиркемесине ылайык форма боюнча таризделет.
Бажы аймагынан тышкары кайра иштетүү бажы жол-жобосунун астында кайра иштетүү үчүн чийки затты ташып чыгарууга уруксатта төмөнкүлөр камтылууга тийиш:
– арыз ээси жөнүндө маалыматтар;
– чет өлкөлүк кайра иштетүүчү ишкана тууралуу маалыматтар;
– ташып чыгарылуучу чийки заттын көлөмү жана сапаттык мүнөздөмөлөрү;
– уруксаттын жарактуулук мөөнөтү;
– кайра иштетүүнү жүзөгө ашыруучу жер;
· кайра иштетилген продуктулардын тизмеги;
– кайра иштетилген продуктулардын чыгуу ченемдери;
– технологиялык жоготуулардын жол берилген көлөмү;
– кайра иштетилген продуктулар Кыргыз Республикасына кайра ташып киргизилүүгө тийиш болгон мөөнөт.
10. Чийки затты ташып чыгаруу Евразия экономикалык бирлигинин бажы мыйзамдарынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын сактоо менен жүзөгө ашырылат.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматы өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде чийки заттын өтүүсүнө ички контролду жүзөгө ашырат.
3-глава. Бөлүм. Кайра иштетүү жана кайра иштетилген продуктуларды кайра ташып киргизүү
11. Чет өлкөлүк кайра иштетүүчү ишкана чийки затты кайра иштетүү жөнүндө келишимдин шарттарына жана товарларды бажы аймагынан тышкары кайра иштетүүнүн шарттары жөнүндө документке ылайык кайра иштетүүнү жүзөгө ашырат.
Кайра иштетүү аяктагандан кийин чет өлкөлүк кайра иштетүүчү ишкана кайра иштетилген чийки заттын санын, кайра иштетүүдөн алынган продуктулардын көлөмүн жана түрлөрүн, технологиялык жоготууларды, таштандыларды жана калдыктарды ырастоочу документтерди берет.
12. Бажы аймагынан тышкары кайра иштетүү бажы жол-жобосуна жайгаштырылган чийки заттын кайра иштетилген продуктулары Евразия экономикалык бирлигинин бажы мыйзамдарында белгиленген мөөнөттөрдө жана тартипте Кыргыз Республикасына милдеттүү түрдө кайра ташып киргизилүүгө тийиш.
13. Кайра иштетилген продуктуларды кайра ташып киргизүүдө арыз ээси Евразия экономикалык бирлигинин бажы мыйзамдарынын талаптарына ылайык ташып чыгарылган чийки затты кайра иштетүүнүн натыйжасында алардын келип чыгышын ырастаган документтерди берет.
14. Кайра иштетилген продуктулардын саны уруксатта көрсөтүлгөн, белгиленген чыгуу ченемдерине ылайык келүүгө тийиш.
Кайра иштетилген продуктулардын саны ыйгарым укуктуу органдын уруксатында көрсөтүлгөн чыгуу ченемдерине ылайык келбеген учурда, көрсөтүлгөн уруксатка тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү зарыл.
4-глава. Эсепке алуу жана отчеттуулук
15. Арыз ээси ташып чыгарылган чийки затты, кайра иштетилген продуктуларды, технологиялык жоготууларды, таштандыларды жана калдыктарды эсепке алууну жүргүзүүгө милдеттүү.
16. Кайра иштетүү аяктагандан кийин арыз ээси Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине кайра иштетүүнүн натыйжалары жөнүндө отчетту төмөнкүлөрдү көрсөтүү менен берет:
– ташып чыгарылган чийки заттын саны;
– иш жүзүндө кайра иштетилген чийки заттын саны;
– алынган кайра иштетилген продуктулардын саны жана түрлөрү;
– технологиялык жоготуулардын көлөмү;
– таштандылардын жана калдыктардын көлөмү;
– Кыргыз Республикасына иш жүзүндө ташып киргизилген кайра иштетилген продуктулардын саны;
– кайра иштетилген продуктуларды кайра ташып киргизүү датасы.
17. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматы менен биргеликте ташып чыгарылган чийки заттын жана кайтып келген кайра иштетилген продуктулардын көлөмдөрү жөнүндө маалыматтарды салыштырууну жүзөгө ашырат.
18. Ташып чыгарылган чийки заттын жана кайра иштетилген продуктулардын көлөмдөрүнүн дал келбестиги, технологиялык жоготуулардын белгиленген ченемдеринен ашкандыгы же болбосо кайра ташып киргизүүнүн мөөнөттөрүнүн бузулгандыгы аныкталган учурда ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чара көрөт.
5-глава. Корутунду
19. Кайра иштетилген продуктуларды кийин милдеттүү түрдө кайра ташып кирбестен аны чет мамлекеттин аймагында сатуу максатында бажы аймагынан тышкары кайра иштетүү бажы жол-жобосуна жайгаштыруу үчүн чийки затты ташып чыгарууга жол берилбейт.
20. Чийки затты ташып чыгаруунун, аны кайра иштетүүнүн жана кайра иштетилген продуктуларды милдеттүү түрдө кайра ташып киргизүүнүн шарттарын сактоо үчүн жоопкерчиликти Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык арыз ээси тартат.
21. Ушул методика менен жөнгө салынбаган маселелер Евразия экономикалык бирлигинин бажы мыйзамдары жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жөнгө салынат.
Кайра иштетилген продуктуларды кийин кайра ташып киргизүү менен бажы аймагынан тышкары кайра иштетүү бажы жол-жобосунун астында кайра иштетүү үчүн чийки затты ташып чыгаруу методикасына 1-тиркеме
Кайра иштетилген продуктуларды кийин милдеттүү кайра ташып киргизүү менен бажы аймагынан тышкары кайра иштетүү бажы жол-жобосунун астында кайра иштетүү үчүн чийки затты ташып чыгарууга уруксат алууга арыз
Төмөндө берилген маалыматтарга ылайык кайра иштетилген продуктуларды кийин Кыргыз Республикасына кайра ташып киргизүү менен аны бажы аймагынан тышкары кайра иштетүү бажы жол-жобосунун астында кайра иштетүү максатында Кыргыз Республикасынын аймагынан чийки затты ташып чыгарууга уруксат берүүнү өтүнөбүз:
№ | Көрсөткүчтүн/ маалыматтардын аталышы | Арыз ээсинин толтурулуучу маалыматтары |
1. Арыз ээси (экспорттоочу) жөнүндө маалыматтар | ||
1) | Уюмдун аталышы/аты-жөнү |
|
2) | ИСН/ИУЖК |
|
3) | Юридикалык жана иш жүзүндөгү дареги |
|
4) | Байланыш маалыматтары (тел., e-mail) |
|
5) | Жетекчинин аты-жөнү жана кызмат орду |
|
2. Чет өлкөлүк кайра иштетүүчү ишкана жөнүндө маалыматтар | ||
6) | Ишкананын толук аталышы |
|
7) | Өлкө, юридикалык жана иш жүзүндөгү дареги |
|
8) | Каттоо номери/салык коду |
|
9) | Кайра иштетүү жери (завод/МКЗ) |
|
10) | Кайра иштетүү боюнча өндүрүштүк кубаттуулук |
|
3. Ташып чыгарылуучу чийки заттын мүнөздөмөлөрү | ||
11) | ЕАЭБ ТЭИ ТН коду |
|
12) | Ташып чыгарылуучу чийки заттын көлөмү (тонна) |
|
13) | Сапаттык көрсөткүчтөр (тыгыздыгы, күкүрт ж.б.) |
|
14) | Чийки затты өндүрүүчү/келип чыгышы |
|
4. Кайра иштетүү жөнүндө келишимдин шарттары жана бажы режими | ||
15) | Кайра иштетүү жөнүндө келишимдин номери жана датасы |
|
16) | Келишимдин жарактуулук мөөнөтү | 202_ -ж.«___» _______ чейин |
17) | Кайра иштетүү шарттары жөнүндө документтин номери жана датасы |
|
18) | Чийки затты ташып чыгаруунун пландалган мөөнөтү
| 202_ -ж. «__» ______тартып 202_ -ж. «__» ______ чейин |
5. Кайра иштетүү продуктуларынын чыгышын жана жоготууларын эсептөө | ||
19) | Продуктуларды өзүнчө көрсөтүү менен кайра иштетилген продуктулардын тизмеги жана ТЭИ ТН коддору: | 1. 2. 3. 4. |
20) | Кайра иштетилген продуктулардын чыгуу ченемдери (%) |
|
21) | Кайтарылуучу продуктулардын пландалган көлөмү (тонна) |
|
22) | Технологиялык жоготуулардын жол берилген көлөмү (% / тонна) |
|
23) | Таштандылардын жана калдыктардын көлөмү (эгерде бар болсо) |
|
6. Кайра ташып киргизүү боюнча милдеттенмелер | ||
24) | Кыргыз Республикасына милдеттүү кайра ташып киргизүү мөөнөтү | 202__-ж. «__» ______ чейин |
25) | Өткөрмө пункту/тариздөөчү бажы органы |
|
Арызга тиркелүүчү документтердин тизмеги:
1. Чет өлкөлүк кайра иштетүүчү ишкана менен чийки затты кайра иштетүү жөнүндө келишимдин көчүрмөсү (бардык тиркемелери жана спецификациялары менен).
2. Товарларды кайра иштетүү шарттары жөнүндө документтин көчүрмөсү.
3. Чет өлкөлүк кайра иштетүүчү ишкана, өндүрүштүк кубаттуулуктар жана кайра иштетүүнүн технологиялык схемасы жөнүндө маалыматтар.
4. Чийки заттын ташып чыгарылган партиясынын сапат паспорту жана лабораториялык сыноолору.
5. Арыз ээси жана кайра иштетүүчү тарабынан күбөлөндүрүлгөн кайра иштетилген продуктулардын болжолдонгон чыгышын жана жол берилген технологиялык жоготууларды эсептөө.
6. Белгиленген мөөнөттө кайра иштетилген продуктуларды кийин толук кайра Кыргыз Республикасына ташып киргизүү жөнүндө арыз ээсинин жазуу жүзүндөгү милдеттенмеси.
7. Арыз ээсинин уюштуруу документтеринин көчүрмөлөрү жана ыйгарым укуктуу өкүлдүн ишеним каты.
Эскертүү. Арыз ээси ушул арызда жана тиркелген документтерде көрсөтүлгөн маалыматтардын аныктыгын ырастайт, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кайра иштетүүнүн жана кайра иштетилген продуктуларды милдеттүү түрдө кайра ташып киргизүүнүн шарттарын сактоого макулдугун жана толук жоопкерчилигин билдирет.
Уюмдун жетекчиси: __________________/ __________________ / М.О. (колу) (аты-жөнү) |
|
Кайра иштетилген продуктуларды кийин кайра ташып киргизүү менен бажы аймагынан тышкары кайра иштетүү бажы жол-жобосунун астында кайра иштетүү үчүн чийки затты ташып чыгаруу методикасына 2-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги
Кайра иштетилген продуктуларды кийин кайра ташып киргизүү менен бажы аймагынан тышкары кайра иштетүү бажы жол-жобосунун астында кайра иштетүү үчүн чийки затты ташып чыгарууга
№ ____ уруксат
20___ -жылдын «___» __________ Бишкек ш.
Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги __________
____________________________________________________________
(арыз ээсинин толук аталышы)
20___ -жылдын «___» __________ № _____ арызын жана берилген документтерди карап чыгып, кайра иштетилген продуктуларды кийин кайра ташып киргизүү менен бажы аймагынан тышкары кайра иштетүү бажы жол-жобосунун астында кайра иштетүү үчүн чийки затты ташып чыгаруу методикасына ылайык бажы аймагынан тышкары кайра иштетүү бажы жол-жобосуна жайгаштыруу үчүн чийки затты Кыргыз Республикасынын аймагынан Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынан тышкары ташып чыгарууга төмөнкү шарттарда уруксат берет:
1. Арыз ээси жөнүндө маалыматтар
Толук аталышы: _______________________________________
ИСН: ________________________________________________
Юридикалык дареги: ___________________________________
2. Кайра иштетүүчү ишкана жөнүндө маалыматтар
Чет өлкөлүк кайра иштетүүчү ишкананын аталышы: __________
_____________________________________________________________
Мамлекети: _____________________________________________
Кайра иштетүү жүзөгө ашырылган жердин дареги: ____________
3. Ташып чыгарылуучу чийки зат жөнүндө маалыматтар
№ | Чийки заттын аталышы | ЕАЭБ ТЭИ ТН коду | Саны, тонна | Сапаттык мүнөздөмөсү |
1 |
|
|
|
|
2 |
|
|
|
|
3 |
|
|
|
|
4 |
|
|
|
|
4. Кайра иштетүү жөнүндө маалыматтар
Кайра иштетүү үчүн негиздеме: Чийки затты кайра иштетүү жөнүндө 20____-жылдын «___» __________ № _________ келишим.
Товарларды бажы аймагынан тышкары кайра иштетүү шарттары жөнүндө 20____-жылдын «___» __________ № _________ документ.
Кайра иштетүүнү жүзөгө ашыруунун мөөнөтү: 20____-жылдын «___» __________ тартып 20____-жылдын «___» __________ чейин.
5. Кайра иштетилген продуктулар
№ | Кайра иштетилген продуктунун аталышы | ЕАЭБ ТЭИ ТН коду | Чыгуу ченеми, % | Эсептик саны, тонна | Кайра ташып киргизүү (ооба/жок) |
1 |
|
|
|
|
|
2 |
|
|
|
|
|
3 |
|
|
|
|
|
4 |
|
|
|
|
|
6. Технологиялык жоготуулар
Технологиялык жоготуулардын жол берилген көлөмү ______ тоннаны түзөт, бул ташып чыгарылган чийки заттын көлөмүнүн ___ % шайкеш келет.
7. Кайра ташып киргизүү шарттары
Кайра иштетилген продуктуларды кийин кайра ташып киргизүү менен бажы аймагынан тышкары кайра иштетүү бажы жол-жобосунун астында кайра иштетүү үчүн чийки затты ташып чыгаруу методикасына ылайык Кыргыз Республикасына кайра ташып киргизилүүгө тийиш болгон кайра иштетилген продуктулар 20____-жылдын «___» __________ чейинки мөөнөттө кайра ташып киргизилүүгө тийиш.
Кыргыз Республикасына кайра ташып киргизилүүгө тийиш болгон кайра иштетилген продуктулар ушул уруксатта көрсөтүлөт.
Милдеттүү түрдө кайра ташып киргизилүүгө тийиш болгон продуктулардын тизмегине киргизилбеген кайра иштетилген продуктулар Кыргыз Республикасына кайра ташып киргизилбеши мүмкүн жана Евразия экономикалык бирлигинин бажы мыйзамдарына жана аймагында кайра иштетүү жүзөгө ашырылган мамлекеттин мыйзамдарына ылайык бажылык тариздөөгө тийиш эмес.
8. Уруксаттын жарактуулук мөөнөтү
Бул уруксат 20___-жылдын «____» ___________ чейин жарактуу.
9. Шарттар жана милдеттенмелер
Чийки затты ташып чыгаруу Евразия экономикалык бирлигинин бажы мыйзамдарынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын сактоо менен жүзөгө ашырылат.
Арыз ээси кайра иштетүү жөнүндө келишимдин шарттарына жана бажы аймагынан тышкары товарларды кайра иштетүү шарттары жөнүндө документке ылайык ташып чыгарылган чийки затты кайра иштетүүнү камсыз кылууга милдеттүү.
Арыз ээси ушул уруксат менен белгиленген мөөнөттөрдө кайра иштетилген продуктуларды Кыргыз Республикасына милдеттүү түрдө кайра ташып киргизүүнү камсыз кылууга милдеттүү.
Арыз ээси ташып чыгарылган чийки затты, кайра иштетилген продуктуларды, технологиялык жоготууларды, таштандыларды жана калдыктарды эсепке алууну жүргүзүүгө жана кайра иштетилген продуктуларды кийин кайра ташып киргизүү менен бажы аймагынан тышкары кайра иштетүү бажы жол-жобосунун астында кайра иштетүү үчүн чийки затты ташып чыгаруу методикасында белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине кайра иштетүүнүн жыйынтыктары жөнүндө отчетту берүүгө милдеттүү.
Бул уруксат арыз ээсин Евразия экономикалык бирлигинин бажы мыйзамдарынын талаптарын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын сактоодон бошотпойт.
Бул уруксаттын шарттары бузулган учурда арыз ээси Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
Кызмат адамы (кызмат орду) (колу) ________ аты-жөнү _____________
М.О.
Уруксаттын каттоо номери: ____________
Берилген датасы: 20____-жылдын «____» ____________