Редакцияот 04.04.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылышынын V сессиясы

             2025-жылдын  4-апрелиндеги № 5/21

 

“Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу”долбоору жөнүндө

 

“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө “Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесинин негизинде Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 31-мартындагы №01-6/22 сандуу кат боюнча Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы К.Сулайманкуловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңеши:

                                                             

ТОКТОМ КЫЛАТ

 

  1. “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу”долбоорунун алкагында “Хельветас Ассоциациясынан” келип түшкөн 125000 (бир жүз жыйырма беш миң) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн сметасына отургузулсун.

 

  1. Ушул токтом Ак-Суу айыл аймагынын расмий веб-сайтына жарыялансын.

 

  1. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жиберүү жагы жооптуу катчы Ж.Жолдубай уулуна милдеттендирилсин.

 

  1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин " Бюджет жана экономика мунципалдык менчик, инвестиция " боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Б.Жеңишбек уулуна жүктөлсүн.

 

                                                                                                                                               

Төрага М.Шаршеналы уулу