Загрузка документа…
СҮЙМОНКУЛ ЧОКМОРОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
СҮЙМӨНКУЛ ЧОКМОРОВ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН
28- ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН 4- ОТУРУМУ
2024-жылдын 23- августу № 48
Оорукана куруу үчүн жер тилкесин муниципалдык менчикке бекитүү
жөнүндө
Сүймөнкул Чокморов айыл аймагынын № 472 контурунда жайгашкан аянты 0,50га жер тилкесин оорукана куруу үчүн муниципалдык менчикке бекитүү жөнүндө маселени карап жана талкуулап Сүймөнкул Чокморов айылдык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сүймөнкул Чокморов айыл аймагынын №472 контурунда жайгашкан, аянты 0,50 га жер тилкеси оорукана куруу үчүн Сүймөнкул Чокморов айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө агрардык жана жер маселелери, архитектура жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
2026-жылдын 19-августундагы https://gagsmsu.kg/wp-content/uploads/2026/08/2024-%D0%B6.%D1%82%D0%BE%D0%BA%D1%82%D0%BE%D0%BC%E2%84%9648.pdf расмий сайтында жарыяланды
Төрага | Мажитов Н.Б. |