Загрузка документа…
КОЧКОР-АТАТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кочкор-Ата шаардык кеңешинин ХXVIII чакырылышынын кезексиз XXXV сессиясы
2024-жылдын 12-сентябрындагы №01-5/227
“«Кочкор-Ата жылуулук» муниципалдык ишканасынын Уставын бекитүү жөнүндө”
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз XXXV сессиясы, Кочкор-Ата шаарынын мэриясы, кайрадан муниципалдык ишкана болуп уюшулуп жаткан «Кочкор-Ата жылуулук» муниципалдык ишканасынын Уставын бекитип берүүгө жазган катын угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын жетекчиликке алып токтом кылат.
1. Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын «Кочкор-Ата жылуулук» муниципалдык ишканасынын Уставын бекитүүгө сураган кайрылуусу эске алынсын.
2. Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын алдындагы «Кочкор-Ата жылуулук» муниципалдык ишканасын түзүүгө макулдук берилсин.
3. Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын алдындагы «Кочкор-Ата жылуулук» муниципалдык ишканасынын Уставы тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. «Кочкор-Ата жылуулук» муниципалдык ишканасынын Уставы мыйзам чегинде юридикалык жак катары каттоодон өткөрүүнү көзөмөлгө алууну мэр А. Т. Жумаевге милдеттендирилсин.
5. Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVIII чакырылышынын 2024-жылдын 01-августундагы кезексиз XXXIII сессиясынын № 01-5/221-токтому күчүн жоготту деп табылсын.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү «муниципалдык менчик, жер, өнөржай, курулуш, транспорт жана энергетика маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага: | Н.А.Абдуразаков |
| “БЕКИТЕМИН” Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин төрагасы______ Н.А. Абдуразаков ХXVIII чакырылышынын 2024-жылдын 12-сентябрындагы кезексиз XXXIII сессиясынын №01-5/227 токтому менен |
«Кочкор-Ата жылуулук» муниципалдык ишканасынын
УСТАВЫ
1–глава. Жалпы жоболор
1. Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын алдындагы «Кочкор-Ата жылуулук» муниципалдык ишканасы (мындан ары «Кочкор-Ата жылуулук» МИ) мэриянын муниципалдык ишканасы болуп саналат.
2. «Кочкор-Ата жылуулук» МИ өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана башка ченемдик укуктук актыларын, ошондой эле ушул Уставын жетекчиликке алат.
3. «Кочкор-Ата жылуулук» МИнын бирдиктүү системасын анын аппараты түзөт.
4. Толук расмий аталышы:
1) мамлекеттик тилде: «Кочкор-Ата жылуулук» муниципалдык ишканасы;
2) расмий тилде: Муниципальное преприятие «Кочкор-Ата жылуулук».
5. Кыскартылган аталышы:
1) мамлекеттик тилде: «Кочкор-Ата жылуулук» МИ;
2) расмий тилде: МП «Кочкор-Ата жылуулук».
6. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Жалал-Абад облусу, Кочкор-Ата шаары, Пионер көчөсү-32.
7. «Кочкор-Ата жылуулук» МИнын ишинин мөөнөтү чектелбейт.
2-глава. Укуктук абалы
8. Кочкор-Ата шаарынын мэриясы «Кочкор-Ата жылуулук» МИна бекитип берилген мүлккө карата укуктук ээлик кылат жана «Кочкор-Ата жылуулук» МИнын уюштуруучусу болуп саналат жана «Кочкор-Ата жылуулук» МИнын ишин жалпы жетектөөчү жана координациялоочу, тармактык маселелер боюнча ишин стратегиялык пландоону ишке ашыруучу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы болуп эсептелет. Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын алдындагы Муниципалдык менчикти башкаруу Департаменти «Кочкор-Ата жылуулук» МИнын бекитилген мүлктү натыйжалуу пайдаланууну көзөмөлдөйт.
9. «Кочкор-Ата жылуулук» МИ өзүнүн уюштуруу-укуктук формасы боюнча обочолонгон мүлкү бар жана чарба жүргүзүү укугуна негизделген муниципалдык ишкана болуп саналат.
10. «Кочкор-Ата жылуулук» МИ өз ишинин предметине жана максаттарына ылайык ушул Уставда белгиленген жарандык укуктары бар юридикалык жак болуп саналат жана ага ушул иш менен байланышкан милдеттер жүктөлөт. «Кочкор-Ата жылуулук» МИ финансы-кредиттик мекеме ишканаларда белгиленген тартипте алыш-бериш, валюталык жана башка эсептерди ачууга укуктуу.
11. «Кочкор-Ата жылуулук» МИ мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн толук фирмалык аталышы жазылган мөөрлөрү, штамптары, бланктары бар.
12. «Кочкор-Ата жылуулук» МИнын негизги иш түрлөрү болуп: жылуулук энергиясын өндүрүү, берүү, сатуу, бөлүштүрүү жана керектөөчүлөргө жылуулук менен камсыздоо түрүндө болуп саналат.
13. «Кочкор-Ата жылуулук» МИнын ишинин негизги максаттары болуп жылуулук менен камсыздоо, кызмат көрсөтүүдө калктын жана башка керектөөчүлөрдүн муктаждыгын сапаттуу канааттандыруу, киреше алуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жылуулук жаатында социалдык багыттагы мамлекеттик программаларын жана долбоорлорун ишке ашыруу болуп саналат.
14. «Кочкор-Ата жылуулук» МИнын негизги милдеттерине чыгымдарды азыраак кетирүү менен керектөөчүлөрдү жылуулук менен үзгүлтүксүз жана ишенимдүү камсыздоо кирет.
15. «Кочкор-Ата жылуулук» МИ сот органдарына жана башка уюмдарда талаш-тартыштарды чечүүдө доогер жана же жоопкер катары чыгууга, Кыргыз Республикасынын жарандык, административдик жана процесстик мыйзамдарында каралган ыкмалар менен өз укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого укуктуу.
16. «Кочкор-Ата жылуулук» МИ мэриянын милдеттенмелери боюнча өзүнө тапшырма (кепилдик) алган учурларды кошпогондо, Кыргыз Республикасынын милдеттенмелери боюнча жооп бербейт.
17. «Кочкор-Ата жылуулук» МИ жарандык мыйзамдарга ылайык өзүнүн атынан жарандык-укуктук келишимдердин, макулдашуулардын бардык түрүн түзүүгө, бүтүмдөрдү жүзөгө ашырууга, мүлктүк эмес жеке укуктарды алууга укуктуу жана өзүнүн мүлкүнүн чегинде өз милдеттери боюнча жоопкерчилик тартат.
18. «Кочкор-Ата жылуулук» МИ өз ишин мамлекеттик жана муниципалдык мекемеси-ишканалар, юридикалык жана жеке жактар менен өз ара аракеттенүүнүн негизинде жүзөгө ашырат.
19. Ушул Устав аркылуу жөнгө салынбай калган маселелер Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык жөнгө салынат.
3-глава. Негизги функциялары
20. «Кочкор-Ата жылуулук» МИ өзүнө жүктөлгөн милдеттерди ишке ашыруу максатында төмөнкү функцияларды аткарат:
1) откананы жана көмөкчү жабдууларды, инженердик коммуникацияларды жана курулмаларды техникалык тейлөөнү, оңдоону, техникалык эксплуатациялоону жана өнүктүрүүнү камсыздайт;
2) откана чарбасы жана инженердик инфраструктура объекттерин пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу, аларды техникалык жактан оң абалда кармоо, калкты жана башка керектөөчүлөрдү талап кылынган параметрлер боюнча жылуулук менен ишенимдүү жана туруктуу камсыздоо чараларын көрөт;
3) Кочкор-Ата шаарынын мэриясы, юридикалык жана жеке жактар менен биргеликте жылуулук объектерин күз-кыш мезгилине даярдоо иштерин жүргүзөт;
4) жылуулук берүү мезгилинде иштен чыгып калган откананы, инженердик жабдууларды алмаштыруу, аварияларды жоюу максатында материалдык – техникалык ресурстардын авариялык запасын (резервин) түзөт;
5) ишканаларды жана уюмдарды жаңы технологиялар жана стандарттык эмес жабдуулар менен камсыздоо боюнча өзүнүн кубаттуулуктарын өркүндөтөт;
6) мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык зарыл болгон товардык-материалдык баалуулуктарды белгиленген тартипте сатып алат жана отунду (материалдарды, жабдууларды, көмүрдү, мазутту, газды, электр энергиясын) камдайт;
7) жылуулук, электр энергиясы менен ичүүчү суунун бир бирдигин иштеп чыгууга кеткен чыгымдарга талдоо жүргүзөт жана контролдойт;
8) отунду, сарпталуучу материалдарды, откана жабдууларын оңдоо боюнча, ошондой эле күйүүчү отунду жана товарларды откана чарбаларына ташуу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү, анын ичинде мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн субсидиялардын жана ишкананын киреше бөлүгүнүн эсебинен сатып алат;
9) жылуулук, электр жана суу менен жабдуу объекттерин иштетүүнүн заманбап методдорун, өндүрүштү уюштуруунун кыйла заманбап формаларын, отканаларды отундун альтернативдүү түрүнө которууну ишке киргизет;
10) негизги жана көмөкчү жабдуулардын, бардык объекттери жана инженердик курулмалары менен бирге отказандардын, откана жабдууларынын туруктуу, авариясыз иштөөсүн камсыз кылат;
11) негизги жана көмөкчү жабдуулардын аварияларын алдын алуу жана жоюу, авариялардын себептерин иликтөө жана аларды жоюу иш-чараларын иштеп чыгуу боюнча ыкчам ишти уюштурат;
12) жетекчилерди, адистерди жана кызматчыларды эмгек жана коопсуздук техникасын сактоого даярдоону, кайра даярдоону жана квалификациясын жогорулатууну уюштурат;
13) өз компетенциясынын чегинде коррупциянын алдын алуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты натыйжалуу жүзөгө ашырууну камсыз кылуу боюнча чараларды иштеп чыгат;
14) Өзгөчө кырдаалдардан, табигый кырсыктардан жана өрттөрдөн жарандык коргоону уюштуруу боюнча иш-чараларды «Жарандык коргонуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык иштеп чыгат жана жүзөгө ашырат.
4-глава. Укуктары жана милдеттери
21. «Кочкор-Ата жылуулук» МИ өз функцияларын ишке ашырууда төмөнкүлөргө укуктуу:
1) продукцияларды, товарларды, материалдык ресустарды мэриянын уруксаты (депутаттардын Кочкор-Ата шаардык кеңешинин макулдугу) менен бекитилген бюджеттик планы боюнча сатып алууга;
2) мэрия менен макулдашуу боюнча белгиленген тартипте кыймылсыз мүлктү жана автотранспорт каражаттарын ижарага берүүгө;
3) Кочкор-Ата шаарынын мэриясы, уюмдардан жана ишканалардан, кызмат адамдарынан жана Кыргыз Республикасынын жарандарынан «Кочкор-Ата жылуулук» МИнын ишине таандык маалыматты белгиленген тартипте сурап алууга;
4) Белгиленген тартипте түзүлгөн жарандык-укуктук келишимдердин негизинде «Кочкор-Ата жылуулук» МИнын кызматкерлерин окутуу, консультациялоо үчүн тийиштүү адистерди тартууга;
5) Кыргыз Республикасынын эмгек жана жарандык мыйзамдарына ылайык юридикалык жана жеке жактарды эмгек келишимдердин жана жарандык-укуктук келишимдердин негизинде иштерди аткаруу үчүн тартууга;
6) Мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында ишин жүргүзүүгө;
22. «Кочкор-Ата жылуулук» МИ төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) кызматкерлерди эмгектин коопсуз шарттары менен камсыздоого жана алардын ден соолугу менен эмгекке жөндөмүнө келтирилген зыян үчүн мыйзамда белгиленген тартипте жоопкерчилик тартууга;
2) «Кочкор-Ата жылуулук» МИнын кызматкерлерин социалдык, медициналык жана милдеттүү камсыздандыруунун башка түрлөрү менен камсыздоого;
3) өз милдеттерин Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына жана түзүлгөн келишимдерге ылайык аткарууга;
4) өз мүлкүнө инвентаризация өткөрүүгө жана инвентаризациянын жыйынтыктарын Кочкор-Ата шаарынын мэриясына белгиленген мөөнөткө жана тартипте берүүгө;
5) тиешелүү органдарга өз убагында отчет берүүгө, Кыргыз Республикасынын салык Мыйзамдарында аныкталган тартипте жана көлөмдө салыктарды жана башка төлөмдөрдү төлөөгө.
5-глава. Түзүмү жана башкаруу органдары
23. «Кочкор-Ата жылуулук» МИнын ишин директор жетектейт, аны кызматка мэрия тарабынан дайындалат. «Кочкор-Ата жылуулук» МИнын директору укуктарга жана милдеттерге ээ болуу менен жоопкерчилик тартат. Ушул Уставдын негизинде иш жүргүзөт.
24. «Кочкор-Ата жылуулук» МИнын директору ээлеген кызматынан шаар мэри тарабынан бошотулат.
«Кочкор-Ата жылуулук» МИнын директору ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда төмөнкү учурларда бошотулушу мүмкүн:
1) «Кочкор-Ата жылуулук» МИнын финансы-чарбалык ишинин жыл жыйынтыгы боюнча отчетун кароонун натыйжасы боюнча канааттандырарлык эмес баа алганда;
2) «Кочкор-Ата жылуулук»МИнын ишинин натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчтөрү аткарылбаганда;
3) Эмгек келишим боюнча өз милдеттерин аткарбаганда же талаптагыдай эмес аткарганда;
4) «Кочкор-Ата жылуулук» МИнын финансы-чарбалык ишинин көрсөткүчтөрү начарлатууга алып келген квалификациялуу эмес аракеттери үчүн;
5) Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында каралган башка негиздер боюнча.
25. «Кочкор-Ата жылуулук» МИнын директору:
1) «Кочкор-Ата жылуулук» МИнын ишине жалпы жетекчилик кылат жана «Кочкор-Ата жылуулук» МИ финансылык (бухгалтердик) отчетторунун абалы, финансы каражаттарын, мүлктүн жана башка активдерин максаттуу пайдалануу үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
2) алдыга коюлган милдеттерди аткаруусу үчүн ушул Уставга жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарына ылайык башка бардык зарыл болгон ыйгарым укуктарга ээ болот;
3) Кочкор-Ата шаарынын мэриясына компетенциясына кирген маселелер боюнча сунуштар жана рекомендациялар менен кайрылат.
4) «Кочкор-Ата жылуулук» МИнын атынан зарыл болгон иш-аракеттерди ишеним катсыз жүзөгө ашырат;
5) Кочкор-Ата шаарынын мэриясы, уюштуруу-укуктук формасына жана менчигигинин формасына карабастан юридикалык жана жеке жактар менен болгон мамилелерде «Кочкор-Ата жылуулук» МИнын атынан иш алып барат;
6) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин, Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын чечимдерин аткарууну камсыз кылат;
7) Кыргыз Республикасьнын жарандык мыйзамдарында жана ушул Уставда каралган ыйгарым укуктардын чегинде «Кочкор-Ата жылуулук» МИнын финансы каражаттарын мүлкүн жана башка активдерин башкарат;
8) өз компетенциясынын чегинде «Кочкор-Ата жылуулук» МИ системасында эмгектенген кызматкерлер тарабынан сөзсүз аткарылууга тийиш болгон буйруктарды чыгарат, көрсөтмөлөрдү берет жана алардын аткарылышын текшерүүнү уюштурат;
9) локалдуу ченемдик актыларды жана регламенттөөчү документтерди, анын ичинде эрежелерди, жоболорду, регламентти, нускаманы, тартипти жана методикаларды жана «Кочкор-Ата жылуулук» МИнын системасындагы эмгектенген бардык жумушчулар тарабынан аткарылууга милдеттүү болгон ченемдик-техникалык мүнөздөгү ички документтерди мэрия менен макулдашуу боюнча бекитет;
10) «Кочкор-Ата жылуулук» МИнын бекитилген бюджетине ылайык штаттык ырааттамасын мэрия менен макулдашуу боюнча бекитет;
11) Директорун жана анын орун басарынын ортосундагы милдеттерди бөлүштүрөт, «Кочкор-Ата жылуулук» МИнын кызматкерлеринин ыйгарым укуктарын белгилейт;
12) бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мэриянын суроо-талабы боюнча «Кочкор-Ата жылуулук» МИнын финансы-чарбалык иши жөнүндө маалыматты, отчетторду, финансылык (бухгалтердик) отчёттук документтерди, ошондой эле «Кочкор-Ата жылуулук» МИнын финансы-чарбалык иштерин жана стратегиялык өнүктүрүү планын талдоо үчүн зарыл болгон башка материалдарды, маалыматтарды, рекомендацияларды жана түшүндүрмөлөрдү берет;
13) келерки финансылык жылга карата «Кочкор-Ата жылуулук» МИнын бюджетинин долбоорун иштеп чыгат жана мэрияга макулдашууга киргизет;
14) «Кочкор-Ата жылуулук» МИнын стратегиялык өнүктүрүү планын (бизнеспланын) ишке ашырат;
15) откана чарбасынын объектеринин, инженердик инфраструктуранын натыйжалуу пайдалануусун жогорулатууга, аларды техникалык жактан оң абалда кармоого, калкты жана башка керектөөчүлөрдү талап кылынган параметрлердеги жылуулук энергиясы менен туруктуу жана ишенимдүү камсыз кылууга жооптуу болот;
16) «Кочкор-Ата жылуулук» МИнын кызматкерлеринин эмгегин коргоону камсыздайт жана өндүрүштөгү техникалык коопсуздуктун сакталышын жеке жоопкерчилик тартат;
17) «Кочкор-Ата жылуулук» МИнын кызматкерлеринин өкүлчүлүктүү органы менен жамааттык келишимге кол коет;
18) «Кочкор-Ата жылуулук» МИнын аппаратынын кызматкерлерин белгилеген тартипте кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот, аларга карата Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык сыйлоо жана тартипке чакыруу чараларын көрөт;
19) өз ыйгарым укуктарын чегинде коррупциянын алдын алуу боюнча чараларды жүзөгө ашырууга катышат;
20) Директор жок болгон учурда «Кочкор-Ата жылуулук» МИнын ишин директордун буйругу менен аныкталган башкы инженер жетектейт. Директор ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулган учурда, бош кызмат ордуна дайындалганга чейинки анын милдеттерин аткаруу мэриянын чечими менен аныкталган башкы инженер тарабынан жүзөгө ашырылат;
21) Башкы инженер өз карамагына таандык маселелер боюнча чечимдерди өз алдынча кабыл алат, өзү тейлеген багыттар боюнча иштерди уюштурат. Башкы инженер буйруктарга кол коет жана директордун буйругу менен аныкталган «Кочкор-Ата жылуулук» МИнын ишинин айрым маселелери боюнча өз алдынча чечимдерди кабыл алат.
6-глава. Финансы-чарбалык иши, эсеби жана отчеттуулугу
26. «Кочкор-Ата жылуулук» МИнын стратегиялык өнүктүрүү планында төмөнкүлөр камтылууга тийиш:
1) анын ишинин максаты жана негизги багыттары;
2) тармагы жана рыногу, ал өндүргөн товарлардын (жумуштун, кызмат көрсөтүлөрдүн) мүнөздөмөсү;
3) анын финансылык жана мүлктүк абалын балоо;
4)товарларды (жумушту, кызмат көрсөтүүлөрдү) өндүрүү жана уюштуруучулук планы;
5) финансылык планы жана тобокелдиктерди талдоо.
27. Жыл сайын 1- мартка чейинки мөөнөттө, «Кочкор-Ата жылуулук» МИнын Кочкор-Ата шаарынын мэриясына финансы чарбалык ишинин жыйынтыгы боюнча өткөн жылдагы бюджетин аткаруу жөнүндө отчетту берет. «Кочкор-Ата жылуулук» МИнын алдын ала бюджетинин долбоорун 31-декабрга чейинки мөөнөттө мэрия менен макулдашат;
28. «Кочкор-Ата жылуулук» МИнын өндүрүштүк-чарбалык ишти жүргүзүнүн натыйжасында алынган каражаттардын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка каржылоо булактарын эсебинен каржыланат.
29. «Кочкор-Ата жылуулук» МИнын мүлкүн негизги фонддор менен жүгүртүү каражаттары, ошондой эле наркы өз алдынча баланста чагылдырылган жана чарба жүргүзүү укугунун негизинде таандык болгон башка материалдык баалуулуктар түзөт.
30. «Кочкор-Ата жылуулук» МИ чарба жүргүзүү укугунда өзүнө таандык кыймылсыз мүлктү сатууга, күрөөгө коюга, салым (пай) катары чарбакер коомдор менен жамааттардын Уставдык капиталына салууга же башкача ыкмаларды колдонуу аркылуу аталган мүлктү менчик ээсинин макулдугусуз башкарууга укугу жок.
31. Жергиликтүү бюджеттин эсебинен акысыз жана кайтарылгыс негизде:
1) калктын жылуулукка болгон муктаждыгы үчүн берилген жылуулук энергиясына тарифтерди жөнгө салуунун натыйжасында «Кочкор-Ата жылуулук» МИ тарткан зыяндар компенсацияланат (субсидиялар);
32. Продукциянын (жылуулук) өздүк наркын аныктоо, жылуулук жана электр энергиясына тарифтерди түзүү Депутаттардын Кочкор-Ата шаардык Кеңеши тарабынан бекитилет.
8-глава. Кайра уюштуруу жана жоюу
33.«Кочкор-Ата жылуулук» МИны кайра уюштуруу (бириктирүү, кошуу, бөлүү, ажыратуу, өзгөртүп түзүү) жана жоюу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
34. «Кочкор-Ата жылуулук» МИнын ишинин процессинде, аны кайра уюштурууда жана жоюуда пайда болгон документтер “Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте сакталууга тийиш.
Жооптуу катчы ________________ М. Мадосмонов.