Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ТРАНСПОРТ ЖАНА КОММУНИКАЦИЯЛАРМИНИСТРЛИГИНИН БУЙРУГУ
2026-жылдын 8-сентябры № 287
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин тутумунда коррупциянын келип чыгуу тобокелдиги бар учурлардын жана кырдаалдардын тизмеси
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченемдик жаратуу ыйгарым укуктарынын тизмесинин 21 - пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 8-апрелиндеги № 232 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында коррупциялык тобокелдиктерди табуу, баалоо жана башкаруу тартиби жөнүндө жобону ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-июлундагы № 55 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жөнүндө” жобону жетекчиликке алып, буйрук кылам:
1.Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин тутумунда коррупциянын келип чыгуу тобокелдиги бар учурлардын жана кырдаалдардын тизмеси (мындан ары - Коррупциялык тобокелдиктердин тизмеси) ушул буйруктун 1-тиркемесине ылайык 26 баракта бекитилсин.
2. Түзүмдүк, ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрдүн жетекчилери:
- коррупциялык тобокелдиктердин тизмесин белгиленген мөөнөттөрдө тийиштүү, сапаттуу жана өз убагында аткаруу боюнча зарыл жана толук чараларды көрсүн;
- коррупциялык тобокелдиктердин тизмесин аткаруу боюнча отчетторду квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 2-нен кечиктирбестен укуктук камсыздоо бөлүмүнө берсин.
3. Укуктук камсыздоо бөлүмү:
- ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде, мамлекеттик жана расмий тилдерде эки нускадан көчүрмөсүн, кагаз жана электрондук түрдө, анын жарыяланган булагы тууралуу маалыматын көрсөтүү менен, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн;
-ушул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына маалымат үчүн көчүрмөсүн жөнөтсүн;
- коррупциялык тобокелдиктердин тизмеси боюнча берилген отчетторду жалпыласын;
- ушул коррупциялык тобокелдиктердин тизмесинин аткарылышы жөнүндө маалыматты, отчеттук мезгилден кийинки айдын 5не чейин, квартал сайын, коррупцияны алдын алуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга белгиленген тартипте жөнөтсүн.
4. Канцелярия ушул буйрукту түзүмдүк, аймактык жана ведомстволук бөлүмдөргө жеткирсин.
5. Маалымат саясаты сектору ушул буйрукту Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин расмий сайтына жана “Эркин – Тоо” газетасына жайгаштырууну камсыз кылсын.
6. Министрликтин 2023-жылдын 20-июлундагы № 236 жана 2025-жылдын 8-октябрындагы № 285 буйруктары күчүн жоготту деп таанылсын.
7. Ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
8. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоону өзүмө калтырам.
Министр |
| Т.О. Солтобаев |
|
| Тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин системасында коррупциянын келип чыгуу тобокелдиги бар болгон учурлардын жана жагдайлардын тизмеси
№ | Мамлекеттик органдын/жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын функциясы (ыйгарым укугу) (*) | Коррупциянын келип чыгуу тобокелдиги бар болгон учурлар жана жагдайлар (коррупциялык тобокелдиктер) (**) | Коррупциялык тобокелдиктин категориясы: системалык (реалдуу), потенциалдуу, кырдаалдык. | Коррупциялык тобокелдиктин деңгээли (төмөн, орточо, жогору) | Түзүмдүк бөлүмдүн (борбордук аппараттын, аймактык же ведомстволук бөлүмдүн, мекеменин) аталышы (***) | Коррупциялык тобокелдикке дуушар болгон кызмат орундары (****) | Коррупциялык тобокелдиктин башка мамлекеттик органдарда/жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында пайда болуу ыктымалдыгы (бар болсо, органдарды көрсөтүү) |
Функциянын түрү: тармактык саясатты ишке ашыруу | |||||||
1 | Ченемдик укуктук актылардын, мамлекеттик, тармактык, стратегиялык жана башка өнүктүрүү программаларынын долбоорлорун, ошондой эле тармактык эрежелерди, техникалык регламенттерди, стандарттарды жана башка ченемдик-техникалык документтерди иштеп чыгуу | Ченемдик укуктук актылардын, мамлекеттик, тармактык, стратегиялык жана башка өнүктүрүү программаларынын, техникалык регламенттердин, стандарттардын жана башка ченемдик-техникалык документтердин долбоорлорун иштеп чыгууда айрым адамдарга артыкчылык берүүчү же тармактын катышуучуларына чектөө киргизүүчү коррупциялык факторлорду камтыган ченемдердин негизсиз киргизилиши | Системалык
| Орточо | КР ТКМнин бардык түзүмдүк бөлүмдөрү жана ведомстволук уюмдары | Министр; кураторлук кылган министрдин орун басарлары; башкармалыктардын начальниктери; бөлүмдөрдүн башчылары; борбордук аппараттын кызматкерлери; ведомстволук бөлүмдөрдүн директорлору, алардын орун басарлары жана кызматкерлерий | Бул тобокелдиктер КР Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин ишмердигине тиешелүү. |
2 | Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун долбоорлоону, курууну, реконструкциялоону, оңдоону, күтүүнү, эсепке алууну жана өнүктүрүүнү уюштуруу, ошондой эле алардын коопсуз пайдаланылышын камсыз кылуу | Автомобиль жолдорун пландаштырууда, долбоорлоодо, курууда, реконструкциялоодо, оңдоодо жана күтүүнү уюштурууда негизсиз чечимдерди кабыл алуу, ошондой эле кызыкдар адамдардын таасиринин, кызыкчылыктардын кагылышуусунун же жетишсиз көзөмөлдүн натыйжасында бюджеттик каражаттарды натыйжасыз пайдалануу | Системалык
| Жогору | КР ТКМнин бардык түзүмдүк бөлүмдөрү жана ведомстволук уюмдары | Министр; кураторлук кылган министрдин орун басарлары; башкармалыктардын начальниктери; бөлүмдөрдүн башчылары; борбордук аппараттын кызматкерлери; ведомстволук бөлүмдөрдүн директорлору, алардын орун басарлары жана кызматкерлери | Бул тобокелдиктер КР Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин ишмердигине тиешелүү. |
3 | Жол боюндагы тейлөө объектилерин, маршруттук тармакты, станциялык курулмаларды жана акы төлөнүүчү автомобиль жолдорун камтыган транспорттук инфраструктураны өнүктүрүүнү уюштуруу | Транспорттук инфраструктураны өнүктүрүүдө, маршруттук тармакты түзүүдө, жол боюндагы тейлөө объектилерин жайгаштырууда жана акы төлөнүүчү автомобиль жолдорун пайдаланууда айрым адамдардын же уюмдардын кызыкчылыгы үчүн негизсиз чечимдерди кабыл алуу, ошондой эле транспорт тармагынын айрым катышуучуларына негизсиз артыкчылыктарды түзүү | Системалык
| Жогору | КР ТКМнин бардык түзүмдүк бөлүмдөрү жана ведомстволук уюмдары | Министр; кураторлук кылган министрдин орун басарлары; башкармалыктардын начальниктери; бөлүмдөрдүн башчылары; борбордук аппараттын кызматкерлери; ведомстволук бөлүмдөрдүн директорлору, алардын орун басарлары жана кызматкерлери | Бул тобокелдиктер КР Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин ишмердигине тиешелүү. |
4 | Эл аралык автомобиль ташууларды уюштуруу, тиешелүү реестрлерди жүргүзүү жана белгиленген тартипте уруксат берүүчү документтерди берүү | Эл аралык автомобиль ташууларды жүзөгө ашырууга уруксат берүүчү документтерди негизсиз берүү же берүүдөн баш тартуу, арыздарды кароонун мөөнөттөрүн негизсиз создуктуруу, мыйзамдарда каралбаган документтерди талап кылуу, чет өлкөлүк уруксаттардын (уруксат бланктарынын) чектелген санын айрым ташуучуларга негизсиз артыкчылык берүү жолу менен бөлүштүрүү, эл аралык автомобиль ташуучулардын реестрлерине анык эмес маалыматтарды киргизүү, аларды өз убагында жаңыртпоо, ошондой эле субъекттерди реестрлерге мыйзамсыз киргизүү же алардан чыгаруу, уруксат берүүчү документтерди берүү, берүүдөн баш тартуу, колдонулушун токтото туруу же жокко чыгаруу үчүн негиз болгон маалыматтарды жашыруу же бурмалоо, уруксат бланктарын эсепке алуу, сактоо жана берүү боюнча белгиленген тартипти сактабоо, анын ичинде жеке же башка кызыкчылыктын негизинде аларды мыйзамсыз пайдаланууга, жоготууга же кайрадан берүүгө шарт түзүү. | Системалык
| Жогору | КР ТКМнин бардык түзүмдүк бөлүмдөрү жана ведомстволук уюмдары | Министр; кураторлук кылган министрдин орун басарлары; башкармалыктардын начальниктери; бөлүмдөрдүн башчылары; борбордук аппараттын кызматкерлери; ведомстволук бөлүмдөрдүн директорлору, алардын орун басарлары жана кызматкерлери | Бул тобокелдиктер КР Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин ишмердигине тиешелүү. |
Функциянын түрү: бухгалтердик эсепти жүргүзүү жана бюджетти аткаруу | |||||||
5 | Бухгалтердик эсепти жүргүзүү жана отчеттуулукту түзүү
| Бухгалтердик эсепке анык эмес маалыматтарды киргизүү, бухгалтердик эсепти жүргүзүүдө орун алган мыйзам бузууларды жашыруу, жеке кызыкчылыктардан же башка кызыкдарлыктан улам бухгалтердик жана финансылык отчеттуулукту бурмалоо | Потенциалдуу | Орто | КР ТКМнин бардык түзүмдүк бөлүмдөрү жана ведомстволук уюмдары | Министр; кураторлук кылган министрдин орун басарлары; башкармалыктардын начальниктери; бөлүмдөрдүн башчылары; борбордук аппараттын кызматкерлери; ведомстволук бөлүмдөрдүн директорлору, алардын орун басарлары жана кызматкерлери | Бул тобокелдиктер КР Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин ишмердигине тиешелүү |
6 | Республикалык бюджеттин аткарылышын уюштуруу, кирешелердин жана чыгашалардын сметасын, анын ичинде бирдиктүү казыналык эсептин системасындагы атайын эсептерде топтолгон каражаттардын сметасын иштеп чыгуу жана бекитүү | Кирешелердин жана чыгашалардын сметасын түзүүдө жана тактоодо чыгымдарды негизсиз киргизүү же алып салуу, айрым адамдардын кызыкчылыгы үчүн ведомстволук уюмдардын жана бюджеттик программалардын ортосунда бюджеттик ассигнованиелерди объективдүү эмес бөлүштүрүү; бюджеттик каражаттарды чыгашалардын беренелеринин жана бюджеттик каражаттарды алуучулардын ортосунда негизсиз кайра бөлүштүрүү; жетиштүү укуктук жана экономикалык негиздерсиз айрым иш-чараларды каржылоо жөнүндө чечимдерди кабыл алуу; айрым долбоорлорду, иш-чараларды же уюмдарды каржылоодо негизсиз артыкчылык берүү; бирдиктүү казыналык эсептин атайын эсептеринин каражаттарынын эсебинен төлөнүүчү чыгымдарды негизсиз макулдашуу; бюджетти пландаштыруу, аткаруу жана бюджеттик отчеттуулук боюнча документтерге жеке же айрым адамдардын кызыкчылыгында анык эмес маалыматтарды киргизүү | Потенциалдуу | Орто | КР ТКМнин бардык түзүмдүк бөлүмдөрү жана ведомстволук уюмдары | Министр; кураторлук кылган министрдин орун басарлары; башкармалыктардын начальниктери; бөлүмдөрдүн башчылары; борбордук аппараттын кызматкерлери; ведомстволук бөлүмдөрдүн директорлору, алардын орун басарлары жана кызматкерлери | Бул тобокелдиктер КР Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин ишмердигине тиешелүү |
7 | Төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү жүргүзүү | Жеке же башка кызыкчылыктын негизинде акча каражаттарын негизсиз которуу, ырастоочу документтерсиз төлөмдөрдү жүргүзүү | Кырдаалдык | Орто | КР ТКМнин бардык түзүмдүк бөлүмдөрү жана ведомстволук уюмдары | Министр; кураторлук кылган министрдин орун басарлары; башкармалыктардын начальниктери; бөлүмдөрдүн башчылары; борбордук аппараттын кызматкерлери; ведомстволук бөлүмдөрдүн директорлору, алардын орун басарлары жана кызматкерлери | Бул тобокелдиктер КР Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин ишмердигине тиешелүү |
Функциянын түрү: мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүү | |||||||
8 | Товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү жана консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик сатып алууларды уюштуруу | Материалдык-товардык баалуулуктарга, жумуштарга жана кызмат көрсөтүүлөргө болгон муктаждыкты жасалма түрдө жогорулатуу; сатып алуунун критерийлерин жана техникалык тапшырмаларды белгилүү бир берүүчүгө ылайыктап түзүү; белгиленген жол-жоболорду жана босого маанилерин айланып өтүү максатында сатып алууларды бөлүштүрүү; сатып алуунун катышуучуларынын сатып алуучу уюмдун кызмат адамдары менен аффилирленгендиги; келишимдин наркын негизсиз жогорулатуу жана анын шарттарын, анын ичинде жетиштүү негиздерсиз кошумча макулдашууларды түзүү жолу менен өзгөртүү; иш жүзүндө келишимдин шарттарына ылайык келбеген товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү кабыл алуу; берүүчүнүн келишимдик милдеттенмелерин аткаруусундагы мыйзам бузууларды жашыруу жана мыйзамдарда каралган чараларды көрбөө | Системалык | Орто | КР ТКМнин бардык түзүмдүк бөлүмдөрү жана ведомстволук уюмдары | Министр; кураторлук кылган министрдин орун басарлары; башкармалыктардын начальниктери; бөлүмдөрдүн башчылары; борбордук аппараттын кызматкерлери; ведомстволук бөлүмдөрдүн директорлору, алардын орун басарлары жана кызматкерлери | Бул тобокелдиктер КР Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин ишмердигине тиешелүү |
Функциянын түрү: адам ресурстарын башкаруу | |||||||
9 | Мамлекеттик жарандык кызматка конкурстук тандоону өткөрүү | Конкурстук комиссиянын мүчөлөрүнө мыйзамсыз таасир көрсөтүү; жеке же башка кызыкчылыктын негизинде айрым талапкерлердин конкурска катышуусун негизсиз чектөө же алар үчүн артыкчылыктуу шарттарды түзүү | Реалдуу
| Жогору | КР ТКМнин бардык түзүмдүк бөлүмдөрү жана ведомстволук уюмдары | Министр; кураторлук кылган министрдин орун басарлары; башкармалыктардын начальниктери; бөлүмдөрдүн башчылары; ведомстволук уюмдардын жетекчилери, директорлору, алардын орун басарлары жана ведомстволук бөлүмдөрдүн кызматкерлери | Бул тобокелдиктер КР Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин ишмердигине тиешелүү |
10 | Кадрларды тандоо жана кызматка дайындоо | Кызыкчылыктардын кагылышуусу, жеке же башка кызыкчылыктын шарттарында бош кызмат ордун ээлөөгө конкурска талапкерлерди катышууга негизсиз киргизүү, кадрлар резервине киргизүү, конкурстук тандоонун жыйынтыктарын баалоо жана кызматка дайындоо жөнүндө сунуштарды даярдоо боюнча негизсиз чечимдерди кабыл алуу | Реалдуу | Жогору | КР ТКМнин бардык түзүмдүк бөлүмдөрү жана ведомстволук уюмдары | Министр; кураторлук кылган министрдин орун басарлары; башкармалыктардын начальниктери; бөлүмдөрдүн башчылары; ведомстволук уюмдардын жетекчилери, директорлору, алардын орун басарлары жана ведомстволук бөлүмдөрдүн кызматкерлери | Бул тобокелдиктер КР Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин ишмердигине тиешелүү |
11 | Мамлекеттик жарандык кызматчыларды ротациялоону жүргүзүү | Кызыкчылыктардын кагылышуусунун шарттарында белгилүү бир кызматчыны ротациялоо жөнүндө негизсиз чечимдерди кабыл алуу; жеке кызыкчылыктан же белгилүү бир адамдардын кызыкчылыгы үчүн ротацияланууга тийиш болгон кызматчыга ротацияны колдонбоо | Системалык | Жогору | КР ТКМнин бардык түзүмдүк бөлүмдөрү жана ведомстволук уюмдары | Министр; кураторлук кылган министрдин орун басарлары; башкармалыктардын начальниктери; бөлүмдөрдүн башчылары; борбордук аппараттын кызматкерлери; ведомстволук бөлүмдөрдүн директорлору, алардын орун басарлары жана кызматкерлери | Бул тобокелдиктер КР Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин ишмердигине тиешелүү |
12 | Мамлекеттик жарандык кызматчыларды кызмат боюнча жылдыруу жана сыйлоо | Кызматкерлердин кесиптик жана ишкердик сапаттарын баалоонун белгиленген критерийлерин эске албастан, кызмат ордун которуу же кызмат боюнча жылдыруу жөнүндө негизсиз чечимдерди кабыл алуу, ошондой эле жеке кызыкчылыктын, туугандык байланыштардын же башка мыйзамсыз негиздердин таасири астында мындай чечимдерди кабыл алуу | Системалык | Орточо | КР ТКМнин бардык түзүмдүк бөлүмдөрү жана ведомстволук уюмдары | Министр; кураторлук кылган министрдин орун басарлары; башкармалыктардын начальниктери; бөлүмдөрдүн башчылары; борбордук аппараттын кызматкерлери; ведомстволук бөлүмдөрдүн директорлору, алардын орун басарлары жана кызматкерлери | Бул тобокелдиктер КР Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин ишмердигине тиешелүү |
13 | Мамлекеттик кызмат орундарына өзгөчө тартипте дайындоо | Кызыкчылыктардын кагылышуусу же жеке кызыкчылык болгон учурда, белгиленген штаттык санынын квотасынын чегинде кызматчыны кызмат ордуна өзгөчө тартипте дайындоо | Системалык | Орточо | КР ТКМнин бардык түзүмдүк бөлүмдөрү жана ведомстволук уюмдары | Министр; кураторлук кылган министрдин орун басарлары; башкармалыктардын начальниктери; бөлүмдөрдүн башчылары; борбордук аппараттын кызматкерлери; ведомстволук бөлүмдөрдүн директорлору, алардын орун басарлары жана кызматкерлери | Бул тобокелдиктер КР Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин ишмердигине тиешелүү |
Функциянын түрү: жол инфраструктурасы чөйрөсүндөгү инвестициялык долбоорлорду ишке | |||||||
14 | Жол инфраструктурасы чөйрөсүндөгү инвестициялык долбоорлорду даярдоо жана ишке ашыруу | Мыйзамсыз пайда алуу максатында жетиштүү техникалык, финансылык жана социалдык-экологиялык негиздемесиз айрым долбоордук чечимдерди, автомобиль жолдорунун айрым участокторун, долбоордун компоненттерин же жумуштардын көлөмүн негизсиз илгерилетүү | Системалык | Орточо | КР ТКМнин бардык түзүмдүк бөлүмдөрү жана ведомстволук уюмдары | Министр; кураторлук кылган министрдин орун басарлары; башкармалыктардын начальниктери; бөлүмдөрдүн башчылары; борбордук аппараттын кызматкерлери; ведомстволук бөлүмдөрдүн директорлору, алардын орун басарлары жана кызматкерлери | Бул тобокелдиктер КР Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин ишмердигине тиешелүү |
15 | АӨБнын Долбоорлорду ишке ашыруу топторунун (ДИИТ) консультанттарын тандоо, дайындоо, алар менен түзүлгөн келишимдерди узартуу жана токтотуу | Жеке же башка кызыкчылыктын негизинде консультанттарды негизсиз тандоо же алар менен түзүлгөн келишимдерди узартуу, талапкерлерди негизсиз колдоо жана жылдыруу | Системалык | Орточо | КР ТКМнин бардык түзүмдүк бөлүмдөрү жана ведомстволук уюмдары | Министр; кураторлук кылган министрдин орун басарлары; башкармалыктардын начальниктери; бөлүмдөрдүн башчылары; борбордук аппараттын кызматкерлери; ведомстволук бөлүмдөрдүн директорлору, алардын орун басарлары жана кызматкерлери | Бул тобокелдиктер КР Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин ишмердигине тиешелүү |
16 | Долбоорлордун ишке ашырылышын контролдоо жана аткарылган жумуштарды кабыл алуу. Долбоорлор боюнча экологиялык жана социалдык талаптардын сакталышына мониторинг жүргүзүү | Аткарылган жумуштардын сапатына жана көлөмүнө формалдуу баа берүү, аныкталган кемчиликтерди жана мыйзам бузууларды жашыруу, мыйзамсыз пайда алуу максатында аткаруу документациясындагы анык эмес маалыматтарды макулдашуу. Подрядчылардын экологиялык жана социалдык милдеттенмелеринин аткарылышына мониторингди формалдуу жүргүзүү, мыйзам бузууларды жашыруу же отчеттуулукта маалыматтарды толук чагылдырбоо аркылуу мыйзамсыз пайда алуу тобокелдиги | Потенциалдуу | Орточо | КР ТКМнин бардык түзүмдүк бөлүмдөрү жана ведомстволук уюмдары | Министр; кураторлук кылган министрдин орун басарлары; башкармалыктардын начальниктери; бөлүмдөрдүн башчылары; борбордук аппараттын кызматкерлери; ведомстволук бөлүмдөрдүн директорлору, алардын орун басарлары жана кызматкерлери | Бул тобокелдиктер КР Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин ишмердигине тиешелүү |
Функциянын түрү: соттордо өкүлчүлүк кылуу | |||||||
17 | Сот органдарында өкүлчүлүк кылуу | Мыйзамсыз пайда алуу максатында соттук териштирүүнүн тараптарына артыкчылык берүү үчүн шарттарды жасалма түзүү | Потенциалдуу | Төмөн | КР ТКМнин бардык түзүмдүк бөлүмдөрү жана ведомстволук уюмдары | Министр; кураторлук кылган министрдин орун басарлары; башкармалыктардын начальниктери; бөлүмдөрдүн башчылары; борбордук аппараттын кызматкерлери; ведомстволук бөлүмдөрдүн директорлору, алардын орун басарлары жана кызматкерлери | Бул тобокелдиктер КР Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин ишмердигине тиешелүү |
Функциянын түрү: мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү көрсөтүү | |||||||
18 | Транспорт жана жол чарбасы чөйрөлөрүндө мамлекеттик кызматтарды, консультацияларды жана маалыматтарды көрсөтүү (тобокелдиктердин сыпаттамасы менен конкреттүү мамлекеттик кызмат көрсөтүлөт | Мамлекеттик кызматтарды, консультацияларды жана маалыматтарды көрсөтүүдө объективдүү эмес мамиле кылуу, айрым арыз ээлерине негизсиз артыкчылыктарды түзүү, ошондой эле мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү учурунда мыйзамсыз пайда алуу мүмкүнчүлүгү | Реалдуу | Жогору | КР ТКМнин бардык түзүмдүк бөлүмдөрү жана ведомстволук уюмдары | Министр; кураторлук кылган министрдин орун басарлары; башкармалыктардын начальниктери; бөлүмдөрдүн башчылары; борбордук аппараттын кызматкерлери; ведомстволук бөлүмдөрдүн директорлору, алардын орун басарлары жана кызматкерлери | Бул тобокелдиктер КР Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин ишмердигине тиешелүү |
19 | Сууда жүрүүчү каражаттарды жана аларды базалоо объекттерин каттоону, кайра каттоону жана техникалык күбөлөндүрүүнү жүргүзүү | Айрым арыз ээлеринин кызыкчылыгы үчүн каттоо жол-жобосун жүргүзүүдө жасалма тоскоолдуктарды түзүү же аны негизсиз тездетүү; жеке кызыкчылыктын, кызыкчылыктардын кагылышуусунун же тышкы таасирдин натыйжасында каттоо, кайра каттоо жөнүндө негизсиз чечим кабыл алуу же каттоодон баш тартуу; анык эмес маалыматтарды киргизүү, каттоо маалыматтарын уруксатсыз өзгөртүү же катталган сууда жүрүүчү каражаттар жана аларды базалоо объекттери жөнүндө маалыматтарды жашыруу; пайда алуу максатында айрым адамдарга кайрадан текшерүүдөн өтүүнү негизсиз дайындоо же техникалык күбөлөндүрүүдөн милдеттүү өтүүдөн бошотуу | Реалдуу | Жогору | КР ТКМнин бардык түзүмдүк бөлүмдөрү жана ведомстволук уюмдары | Министр; кураторлук кылган министрдин орун басарлары; башкармалыктардын начальниктери; бөлүмдөрдүн башчылары; борбордук аппараттын кызматкерлери; ведомстволук бөлүмдөрдүн директорлору, алардын орун басарлары жана кызматкерлери | Бул тобокелдиктер КР Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин ишмердигине тиешелүү |
Функциянын түрү: кайрылууларды кароо жана иш кагаздарын жүргүзүү | |||||||
20 | Кайрылууларды, буйруктарды, кызматтык кат алышууларды, кадрдык дайындоолорго байланыштуу документтерди, ошондой эле комиссиялардын ишмердүүлүгүнө байланыштуу документтерди кароо, кайрылуулар боюнча тиешелүү чечимдерди кабыл алуу жана арыз ээлерине мыйзамдарда белгиленген мөөнөттөрдө жана тартипте жоопторду жөнөтүү | Кайрылууларды жеке кызыкчылыктан, кызыкчылыктардын кагылышуусунан же мыйзамсыз тышкы таасирден улам айрым арыз ээлеринин кызыкчылыгы үчүн негизсиз чечимдерди кабыл алуу менен кароо. Кайрылууларды кароонун мөөнөттөрүн негизсиз создуктуруу, кароодон баш тартуу, анын ичинде кайрылууларды жеке кызыкчылыкта же айрым адамдардын кызыкчылыгы үчүн формалдуу түрдө кароо. Жетиштүү негиздер болгон учурда, айрым адамдардын кызыкчылыгынан улам кайрылуулар боюнча мыйзамдарда каралган чараларды көрбөө | Системалык | Жогору | КР ТКМнин бардык түзүмдүк бөлүмдөрү жана ведомстволук уюмдары | Министр; кураторлук кылган министрдин орун басарлары; башкармалыктардын начальниктери; бөлүмдөрдүн башчылары; борбордук аппараттын кызматкерлери; Канцелярия (общий отдел); ведомстволук бөлүмдөрдүн директорлору, алардын орун басарлары жана кызматкерлери. | Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин ишмердигине тиешелүү |
Функциянын түрү: мамлекеттик көзөмөл жана контролдоо. | |||||||
21 | Мамлекеттик көзөмөл жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, эл аралык келишимдердин жана техникалык регламенттердин көзөмөлдөнүүчү чөйрөлөрдө сакталышын контролдоо | Текшерүүлөрдү негизсиз дайындоо, аныкталган мыйзам бузууларды жашыруу, тиешелүү чараларды көрбөө, мыйзамсыз пайда алуу максатында айрым ишкердик субъекттерине артыкчылыктарды түзүп берүү | Системалык | Жогору | КР ТКМнин бардык түзүмдүк бөлүмдөрү жана ведомстволук уюмдары жана Жол-транспорт коопсуздугу чөйрөсүндө контролдоо жана көзөмөлдөө башкармалыгы
| Министр; кураторлук кылган министрдин орун басарлары; башкармалыктардын начальниктери; бөлүмдөрдүн башчылары; борбордук аппараттын кызматкерлери; ведомстволук бөлүмдөрдүн директорлору, алардын орун басарлары жана кызматкерлери. | Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин ишмердигине тиешелүү |
22 | Транспорт каражаттарын, транспорттук инфраструктура объекттерин жана суу объекттерин коопсуз пайдалануу боюнча мамлекеттик көзөмөл жана техникалык көзөмөл | Текшерүүлөрдү негизсиз дайындоо, коопсуздук талаптарынын бузулушун жашыруу, текшерүүлөрдүн жыйынтыктарын бурмалоо, мыйзам бузуулар боюнча тиешелүү чараларды көрбөө - мыйзамсыз пайда алуу максатында | Системалык | Жогору | КР ТКМнин бардык түзүмдүк бөлүмдөрү жана ведомстволук уюмдары жана Жол-транспорт коопсуздугу чөйрөсүндө контролдоо жана көзөмөлдөө башкармалыгы
| Министр; кураторлук кылган министрдин орун басарлары; башкармалыктардын начальниктери; бөлүмдөрдүн башчылары; борбордук аппараттын кызматкерлери; ведомстволук бөлүмдөрдүн директорлору, алардын орун басарлары жана кызматкерлери. | Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин ишмердигине тиешелүү |
23 | ЕАЭБдин техникалык регламенттеринин талаптарынын сакталышын контролдоо:
- ТР ТС 014/2011; - ТР ТС 018/2011; - ТР ТС 001/2011; - ТР ТС 002/2011; - ТР ТС 003/2011; - ТР ТС 026/2012; - ТР ТС 031/2012. | Шайкештикти объективдүү эмес баалоо, аныкталган мыйзам бузууларды жашыруу, жеке же башка кызыкчылыктан улам тиешелүү чараларды атайылап колдонбоо. | Системалык | Жогору | КР ТКМнин бардык түзүмдүк бөлүмдөрү жана ведомстволук уюмдары жана Жол-транспорт коопсуздугу чөйрөсүндө контролдоо жана көзөмөлдөө башкармалыгы
| Министр; кураторлук кылган министрдин орун басарлары; башкармалыктардын начальниктери; бөлүмдөрдүн башчылары; борбордук аппараттын кызматкерлери; ведомстволук бөлүмдөрдүн директорлору, алардын орун басарлары жана кызматкерлери. | Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин ишмердигине тиешелүү |
24 | Аныкталган мыйзам бузууларды жоюу жөнүндө сунуштамаларды берүү жана алардын аткарылышын контролдоо
| Мыйзам бузууларды жоюу жөнүндө сунуштамаларды негизсиз берүү же бербөө, сунуштамаларга негизсиз же ашыкча талаптарды киргизүү, сунуштамаларды аткаруу мөөнөттөрүн негизсиз белгилөө же өзгөртүү, сунуштамалардын аткарылышын формалдуу түрдө контролдоо жана иш жүзүндө текшербестен мыйзам бузуулар жоюлду деп ырастоо, жеке же башка кызыкчылыктан улам сунуштамалардын аткарылбаган фактыларын жашыруу же контролдун жыйынтыктарын бурмалоо | Системалык | Жогору | КР ТКМнин бардык түзүмдүк бөлүмдөрү жана ведомстволук уюмдары жана Жол-транспорт коопсуздугу чөйрөсүндө контролдоо жана көзөмөлдөө башкармалыгы
| Министр; кураторлук кылган министрдин орун басарлары; башкармалыктардын начальниктери; бөлүмдөрдүн башчылары; борбордук аппараттын кызматкерлери; ведомстволук бөлүмдөрдүн директорлору, алардын орун басарлары жана кызматкерлери. | Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин ишмердигине тиешелүү |
Функциянын түрү: укук бузуулар боюнча иштерди кароо | |||||||
25 | АМС «КБР» укук бузууларды каттоо | Укук бузууларды каттоодон негизсиз баш тартуу же каттоону создуктуруу, туура эмес маалыматтарды киргизүү, жеке же башка кызыкчылыктан улам маалыматтарды мыйзамсыз өзгөртүү. | Системалык | Жогору | КР ТКМнин бардык түзүмдүк бөлүмдөрү жана ведомстволук уюмдары жана Жол-транспорт коопсуздугу чөйрөсүндө контролдоо жана көзөмөлдөө башкармалыгы
| Министр; кураторлук кылган министрдин орун басарлары; башкармалыктардын начальниктери; бөлүмдөрдүн башчылары; борбордук аппараттын кызматкерлери; ведомстволук бөлүмдөрдүн директорлору, алардын орун басарлары жана кызматкерлери. | Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин ишмердигине тиешелүү |
26 | Өндүрүштү козгоо жана материалдарды тариздөө. | Иштин материалдарын бурмалоо же жок кылуу, укук бузуунун жагдайларын толук эмес чагылдыруу, кызыкдар тараптын пайдасына далилдерди бурмалоо, жеке же башка кызыкчылыктан улам өндүрүштү камсыз кылуу чараларын негизсиз колдонбоо же мыйзамдуу негиздер жок болгон учурда аларды колдонуу. | Системалык
| Жогору | КР ТКМнин бардык түзүмдүк бөлүмдөрү жана ведомстволук уюмдары жана Жол-транспорт коопсуздугу чөйрөсүндө контролдоо жана көзөмөлдөө башкармалыгы
| Министр; кураторлук кылган министрдин орун басарлары; башкармалыктардын начальниктери; бөлүмдөрдүн башчылары; борбордук аппараттын кызматкерлери; ведомстволук бөлүмдөрдүн директорлору, алардын орун басарлары жана кызматкерлери. | Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин ишмердигине тиешелүү |
27 | Ишти кароо
| Иштин материалдарын бир тараптуу кароо, өндүрүштүн катышуучуларынын айрым далилдерин же жүйөлөрүн эске албоо, ишти кароо мөөнөттөрүн негизсиз создуктуруу, кызыкчылыктардын кагылышуусу болгон учурда ишти кароо, жеке же башка кызыкчылыктан улам тараптардын өндүрүшкө катышуусуна жасалма тоскоолдуктарды түзүү. | Системалык | Жогору | КР ТКМнин бардык түзүмдүк бөлүмдөрү жана ведомстволук уюмдары жана Жол-транспорт коопсуздугу чөйрөсүндө контролдоо жана көзөмөлдөө башкармалыгы
| Министр; кураторлук кылган министрдин орун басарлары; башкармалыктардын начальниктери; бөлүмдөрдүн башчылары; борбордук аппараттын кызматкерлери; ведомстволук бөлүмдөрдүн директорлору, алардын орун басарлары жана кызматкерлери. | Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин ишмердигине тиешелүү |
28 | Чечим кабыл алуу | Жоопкерчиликке тартуу же жоопкерчиликтен бошотуу жөнүндө негизсиз чечим кабыл алуу, ойдон чыгарылган негиздер боюнча өндүрүштү токтотуу, жеке кызыкчылыктын, тышкы басымдын таасири астында же мыйзамсыз сый акы алуу максатында чечим чыгаруу.
| Системалык | Жогору | КР ТКМнин бардык түзүмдүк бөлүмдөрү жана ведомстволук уюмдары жана Жол-транспорт коопсуздугу чөйрөсүндө контролдоо жана көзөмөлдөө башкармалыгы
| Министр; кураторлук кылган министрдин орун басарлары; башкармалыктардын начальниктери; бөлүмдөрдүн башчылары; борбордук аппараттын кызматкерлери; ведомстволук бөлүмдөрдүн директорлору, алардын орун басарлары жана кызматкерлери. | Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин ишмердигине тиешелүү |
Функциянын түрү: жөнгө салуу | |||||||
29 | Жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү автомобиль жана башка жер үстүндөгү транспорт менен ташууну жөнгө салуу, ошондой эле жол кыймылынын коопсуздугу жана транспорт каражаттарын салмак-тыш контролдоо жаатындагы талаптардын сакталышын контролдоо. | Жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташууну жөнгө салууда жеке кызыкчылыктан, кызыкчылыктардын кагылышуусунан же мыйзамсыз тышкы таасирден улам айрым ташуучуларга негизсиз артыкчылыктарды түзгөн объективдүү эмес чечимдерди кабыл алуу. Автомобиль транспорту менен ташуу жаатындагы мыйзамдардын талаптары бузулган учурда мамлекеттик контролдоо чараларын негизсиз колдонуу же колдонбоо. Текшерүүлөрдү формалдуу жүргүзүү, аныкталган мыйзам бузууларды жашыруу же контролдук иш-чаралардын жыйынтыктарын бурмалоо. Транспорт каражаттарын салмак-габариттик контролдоодон өтүүдөн негизсиз бошотуу же өлчөө жыйынтыктары жөнүндө туура эмес маалыматтарды киргизүү. Мыйзам бузуучуларды жоопкерчиликке тартпоо же айрым ташуучулардын кызыкчылыгы үчүн административдик таасир этүү чараларын негизсиз колдонуу. Контролдук иш-чараларды жана административдик чараларды тандалма колдонуу аркылуу айрым ташуучулардын ишмердигин негизсиз чектөө. Мамлекеттик контролду жана ташууларды жөнгө салууну жүзөгө ашырууга байланыштуу документтерге жана маалыматтык системаларга туура эмес маалыматтарды киргизүү. | Системалык | Жогору | КР ТКМнин бардык түзүмдүк бөлүмдөрү жана ведомстволук уюмдары | Министр; кураторлук кылган министрдин орун басарлары; башкармалыктардын начальниктери; бөлүмдөрдүн башчылары; борбордук аппараттын кызматкерлери; ведомстволук бөлүмдөрдүн директорлору, алардын орун басарлары жана кызматкерлери. | Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин ишмердигине тиешелүү |
30 | Темир жол инфраструктурасын башкарууну жана эксплуатациялоону жүзөгө ашыруу, жүк жана жүргүнчү ташууларды уюштуруу, поезддердин кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу, өткөрүү жана тартуу жөндөмдүүлүгүн бөлүштүрүү. | Жеткирүүчүлөрдү жана подрядчыларды объективдүү эмес тандоо, айрым ташуучуларга негизсиз артыкчылыктарды берүү, айрым пайдалануучуларга артыкчылыктуу жеткиликтүүлүктү негизсиз камсыз кылуу, айрым адамдардын кызыкчылыгы үчүн келишимдерди артыкчылыктуу шарттарда түзүү, айрым кардарларга негизсиз жеңилдиктерди, арзандатууларды жана преференцияларды берүү, заказ берүүчүлөрдүн ортосунда ресурстарды объективдүү эмес бөлүштүрүү, аткарылбаган же сапатсыз аткарылган иштерди кабыл алуу, аныкталган мыйзам бузууларды жашыруу жана тиешелүү чараларды көрбөө, белгиленген талаптарды бузуу менен ташууларды негизсиз макулдашуу, айрым адамдардын кызыкчылыгы үчүн объективдүү эмес чечимдерди кабыл алуу, айрым ташуучулардын же жүк жөнөтүүчүлөрдүн кызыкчылыгы үчүн негизсиз өзгөртүүлөрдү киргизүү. | Системалык | Жогору | КР ТКМнин бардык түзүмдүк бөлүмдөрү жана ведомстволук уюмдары | Министр; кураторлук кылган министрдин орун басарлары; башкармалыктардын начальниктери; бөлүмдөрдүн башчылары; борбордук аппараттын кызматкерлери; ведомстволук бөлүмдөрдүн директорлору, алардын орун басарлары жана кызматкерлери. | Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин ишмердигине тиешелүү |
Функциянын түрү: жол-транспорт тармагын өнүктүрүү үчүн изилдөө жана долбоорлоо иштерин жүргүзүү.
| |||||||
31 | Жол-транспорттук инфраструктура объекттерин куруу, реконструкциялоо жана өнүктүрүү боюнча инженердик-изилдөө иштерин жүргүзүү жана долбоордук, долбоордук-сметалык документацияларды иштеп чыгуу, жол жана транспорттук долбоорлорду долбоордук коштоо менен камсыз кылуу.
| Долбоордук-сметалык документацияга айрым адамдардын кызыкчылыгы үчүн негизсиз техникалык чечимдерди, иштердин көлөмдөрүн жана чыгымдарды киргизүү, кызыкдар адамдардын кызыкчылыгы үчүн инженердик изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын бурмалоо, айрым адамдардын кызыкчылыгы үчүн иштердин көлөмүн жана наркын негизсиз жогорулатуу жана техникалык чечимдерди негизсиз тандоо, долбоордук чечимдерди негизсиз өзгөртүү жана сметалык наркты жогорулатуу, айрым подряддык уюмдарга негизсиз артыкчылыктарды берүү, айрым адамдардын кызыкчылыгы үчүн долбоордук документацияны негизсиз макулдашуу же макулдашууну создуктуруу, долбоордук документацияга объективдүү эмес экспертиза жүргүзүү, аныкталган мыйзам бузуулар боюнча чараларды көрбөө же кемчиликтер болгон учурда иштердин аткарылгандыгын ырастоо, атаандаштыкты чектеген жана сатып алуулардын айрым катышуучуларына артыкчылыктарды түзгөн талаптарды белгилөө. Технологияларды жана материалдарды тандоо боюнча сунуштамаларды даярдоо, айрым технологияларды, жабдууларды же материалдарды колдонууга негизсиз кызыкчылык көрсөтүү, подряддык уюмдардын кызыкчылыгы үчүн долбоордук документацияга негизсиз өзгөртүүлөрдү киргизүү. | Системалык | Жогору | КР ТКМнин бардык түзүмдүк бөлүмдөрү жана ведомстволук уюмдары | Министр; кураторлук кылган министрдин орун басарлары; башкармалыктардын начальниктери; бөлүмдөрдүн башчылары; борбордук аппараттын кызматкерлери; ведомстволук бөлүмдөрдүн директорлору, алардын орун басарлары жана кызматкерлери. | Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин ишмердигине тиешелүү |
Эскертүү:
(*) - мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын укуктук статусун, ишин уюштуруу тартибин, функцияларын жана ыйгарым укуктарын аныктаган ченемдик укуктук актылардын, ошондой эле алардын ишмердигин жөнгө салуучу ички укуктук актылардын жоболоруна ылайык;
(**) - мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын кызматтык ыйгарым укуктарын аткарууда коррупциялык тобокелдиктин келип чыгышы мүмкүн болгон иш чөйрөсү;
(***) - түзүмдүк бөлүм жөнүндө жобого ылайык;
(****) - штаттык ырааттамага ылайык.