Загрузка документа…
СҮЙМОНКУЛ ЧОКМОРОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
СҮЙМӨНКУЛ ЧОКМОРОВ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН
28- ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН 4- ОТУРУМУ
2024-жылдын 23- августу № 49
Айыл чарба багытындагы жерлерди (кайрак жерлерди) № 698
контурдагы аянты 55га жерди калктуу конуштардын жерлеринин
категроясына өткөрүүгө макулдук берүү жөнүндө
2022-жылдагы комиссиянын №698 контурда жайгашкан, аянты 55га болгон кайрак жерлерди Октябрь айылынын аймагын кеӊейтүү максатында калктуу конуштардын жерлеринин категориясына өткөрүү жөнүндө актысын, ошондой эле 2021-жылдын 17-ноябрындагы 28-чакырылыштагы Октябрьайылдык кеӊешинин депутаттарынын сессиясынын чечимин карап чыгып жана Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин №13- беренесине ылайык, Сүймөнкул Чокморов айылдык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сүймөнкул Чокморов айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан №698 контурдагы аянты 55,0га болгон кайрак жерлерди жеке турак жай курууга пайдалануу үчүн айыл чарба багытындагы жерлердин категориясынын алдында тиешелүү иштерди жүргүзүү тапшырылсын.
2. Сүймөнкул Чокморов айыл өкмөтүнүн башчысы О.В. Попиковго аталган чечимди бекитүү жөнүндө Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясынын алдында тиешелүү иштерди жүргүзүү тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө агрардык жана жер маселелери, архитектура жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
2026-жылдын 19-августундагы https://gagsmsu.kg/wp-content/uploads/2026/08/2024-%D0%B6.%D1%82%D0%BE%D0%BA%D1%82%D0%BE%D0%BC%E2%84%9649.pdf расмий сайтында жарыяланды
Төрага | Мажитов Н.Б. |