Редакцияот 12.08.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

БЕКИТИЛДИ

Кыргыз Республикасынын Министрлер

Кабинетине караштуу Мамлекеттик

кызмат жана жергиликтүү өз алдынча

башкаруу иштери боюнча мамлекеттик

агенттиктин

2026-жылдын «12» августу № 01-23/227 буйругу

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча

мамлекеттик агенттикте коррупциянын келип чыгуу тобокелдиги бар учурлардын жана кырдаалдардын

ТИЗМЕГИ

 

Функциянын түрү: мониторинг, баалоо жана жарандардын кайрылуулары

Функциянын түрү: ченем жаратуу иш-аракети

Функциянын түрү: кызмат көрсөтүү

Функциянын түрү: персоналды башкаруу

Функциянын түрү: финансылык ресурстарды бөлүштүрүү жана пайдалануу

Функциянын түрү: мамлекеттик муктаждыктар үчүн сатып алуулар

 

№

Мамлекеттик

органдын функциясы

(ыйгарым укугу)

Коррупциянын келип чыгуу тобокелдиги

бар учурлар жана кырдаалдар

(коррупциялык тобокелдиктер)

Коррупциялык

тобокелдиктин

категориясы

(системалуу

(реалдуу) /

потенциалдуу /

кырдаалдык)

Коррупциялык

тобокелдиктин

деңгээли

(төмөн / орточо

/ жогорку)

Түзүмдүк бөлүмдүн

аталышы (борбордук

аппараттын, аймактык

же ведомстволук

бөлүмдүн, мекеменин)

Коррупциялык

тобокелдикке

дуушар болгон

кызмат орундары

Коррупциялык

тобокелдиктин

башка

мамлекеттик

органдарда /

ЖӨБ

органдарында

пайда болуу

ыктымалдыгы

(болгон учурда

көрсөтүлсүн)

Функциянын түрү: мониторинг, баалоо жана жарандардын кайрылуулары

1

Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө мыйзамдардын сакталышына мониторинг жүргүзүү, мамлекеттик органдарды жана ЖӨБ органдарын текшерүү

– текшерүүлөрдү пландаштыруу этабында – «керектүү» органды текшерүүлөрдүн планына киргизбөө же текшерүүлөрдүн мезгилдүүлүгүн жеке кызыкчылыкка жараша аныктоо;

 

Системалуу

(реалдуу)

Жогорку

Мониторинг жана мыйзамдуулукту контролдоо бөлүмү; региондор аралык башкармалыктар

 

Бөлүм башчысы, бөлүмдүн кызматкерлери, текшерүү үчүн жооптуу кызматкерлер

Мониторинг жүргүзгөн бардык органдарга мүнөздүү

– текшерүү жүрүшүндө – аныкталган бузуулардын толук эмес катталышы, сыйакы үчүн актыда алардын квалификациясын же көлөмүн бурмалоо;

 

Системалуу

(реалдуу)

Жогорку

– натыйжаларды ишке ашыруу этабында – аныкталган бузуулар боюнча чара көрбөө, көрсөтмөлөрдү киргизүүнү создуктуруу;

Системалуу

(реалдуу)

Жогорку

– текшерилүүчү кызмат адамдары менен формалдуу эмес мамилелерди түзүү.

Системалуу

(реалдуу)

Жогорку

2

Аймактар аралык башкармалыктарда компьютердик тестирлөөнү өткөрүү тартибине мониторинг жүргүзүү

– мониторингдин көлөмүн аныктоодо – башкармалыктарды тандалма (бир калыпта эмес) камтуу, айрым башкармалыктарды алардын кызматкерлеринин кызыкчылыгында текшерүүдөн чыгаруу;

Системалуу

(реалдуу)

Орточо

Тестирлөө бөлүмү; аймактар аралык башкармалыктар

Бөлүм башчысы, мониторинг үчүн жооптуу кызматкерлер

Агенттиктин ишине тиешелүү

– тестирлөө жол-жобосунун бузуулары аныкталганда – бузууларды жашыруу же толук эмес чагылдыруу, аларды жоюу боюнча чара көрбөө;

Системалуу

(реалдуу)

Орточо

– мониторингдин натыйжаларын ведомстволук башкармалыктарга басым көрсөтүү куралы катары пайдалануу.

Системалуу

(реалдуу)

Орточо

3

Мамлекеттик органдардын аппарат жетекчилеринин ишине баа берүү

– баа берүү этабында – жеке мамилелерге жараша объективдүү критерийлерден тышкары баалоо көрсөткүчтөрүн жогорулатуу же төмөндөтүү;

Системалуу

(реалдуу)

Орточо

Мониторинг жана мыйзамдуулукту контролдоо бөлүмү; Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат бөлүмү

Бөлүм башчылары, бөлүмдөрдүн кызматкерлери

Агенттиктин ишине тиешелүү

– баа берүүнүн натыйжаларын айрым жетекчилерге басым көрсөтүү же артыкчылык берүү үчүн пайдалануу;

Системалуу

(реалдуу)

Орточо

– кызыкчылыктардын кагылышуусу шартында чечим кабыл алуу.

Системалуу

(реалдуу)

Орточо

4

Кайрылууларды, арыздарды жана даттанууларды кароо; консультациялык-методикалык жардам көрсөтүү

– кароо этабында – объективдүү эмес кароо же мөөнөттөрдү создуктуруу, айрым кайрылууларды кезексиз кароо;

 

Системалуу

(реалдуу)

Орточо

Талдоо, пландардын аткарылышын контролдоо жана документтик камсыздоо бөлүмү; Агенттиктин түзүмдүк бөлүмдөрү

Бөлүм башчылары, кызматкерлер

Бардык мамлекеттик органдарга мүнөздүү

– айрым адамдардын кызыкчылыгында толук эмес (чындыкка дал келбеген) консультацияларды берүү;

Системалуу

(реалдуу)

Орточо

– кайрылууларда камтылган маалыматтардын купуялуулугун бузуу.

Системалуу

(реалдуу)

Орточо

5

Терс негиздер боюнча бошотулган адамдардын реестрин жүргүзүү

– маалыматтарды киргизүүдө – чындыкка дал келбеген же өз убагында эмес маалыматтарды киргизүү; айрым адамдардын кызыкчылыгында, анын ичинде терс негиздер боюнча бошотулган адамдардын реестринен, жазууларды киргизүү (чыгаруу);

 

Системалуу

(реалдуу)

Орточо

Мониторинг жана мыйзамдуулукту контролдоо бөлүмү

Бөлүм башчылары, башкы жана жетектөөчү адистер

Агенттиктин ишине тиешелүү

Мамлекетке, материалдык зыян келтирген мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматчылардын маалымат базалары

– жеке жана башка корголуучу маалыматтардын купуялуулугун бузуу.

Системалуу

(реалдуу)

Орточо

Функциянын түрү: ченем жаратуу иш-аракети

6

Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат жана ЖӨБ чөйрөсүндө ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу

– долбоорду иштеп чыгуу этабында – негизсиз кеңири дискрециялык ыйгарым укуктарды, баалоочу же аныкталбаган туюндурмаларды камтыган ченемдерди киргизүү;

Системалуу

(реалдуу)

Орточо

Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат бөлүмү; Укуктук камсыздоо бөлүмү

Бөлүм башчылары, долбоорду иштеп чыгуучу кызматкерлер

Ченем жаратууну жүзөгө ашырган бардык мамлекеттик органдарга

жайылтылат

– долбоорго айрым адамдардын же топтордун кызыкчылыгында өзгөчөлүктөрдү жана артыкчылыктарды киргизүү;

Системалуу

(реалдуу)

Орточо

– кызыкдар адамдардын таасири астында долбоордун жоболорун лоббирлөө.

Системалуу

(реалдуу)

Орточо

7

Агенттиктин компетенциясынын алкагында ченемдик укуктук актылардын долбоорлоруна укуктук экспертиза жүргүзүү

– экспертиза этабында – экспертизаны формалдуу жүргүзүү;

Системалуу

(реалдуу)

Орточо

Укуктук камсыздоо бөлүмү; Укуктук экспертиза сектору

Бөлүм (сектор) башчысы, эксперттер

Бардык мамлекеттик органдарга

жайылтылат

– иштеп чыгуучунун кызыкчылыгында атайылап эскертүү жазбоо;

Системалуу

(реалдуу)

Орточо

8

Административдик кызмат орундарына квалификациялык талаптарды макулдашуу

– макулдашуу этабында – квалификациялык талаптарды «белгилүү бир талапкерге ылайыктап» (ашкере тар же ашыкча жогору) макулдашуу;

Системалуу

(реалдуу)

Орточо

Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат бөлүмү

Бөлүм башчысы, кызматкерлер

Бардык мамлекеттик органдарга жана ЖӨБ органдарына

жайылтылат

– белгилүү бир адамды дайындоону жеңилдетүү үчүн талаптарды негизсиз төмөндөтүү.

Системалуу

(реалдуу)

Орточо

9

Административдик-аймактык түзүлүш маселелери, географиялык аталыштарды тартипке келтирүү; кайра атоо боюнча ВАКтын чечимдеринин долбоорлорун даярдоо

– АТБ эсебин жүргүзүүдө – административдик-аймактык бирдиктердин маалымат базасына чындыкка дал келбеген маалыматтарды киргизүү.

Кырдаалдык

Төмөн

Административдик-аймактык түзүлүш маселелери боюнча бөлүмү

Бөлүм башчысы, кызматкерлер

Агенттиктин ишине тиешелүү

Функциянын түрү: кызмат көрсөтүү

10

Административдик мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарына кадрлар резервине талапкерлердин компьютердик тестирлөөсүн уюштуруу жана өткөрүү

– тестирлөөгө киргизүү этабында – талапкерлерди кезексиз же белгиленген талаптарды айланып өтүү менен каттоо жана киргизүү;

Системалуу

(реалдуу)

Жогорку

Тестирлөө бөлүмү; Санариптик өнүктүрүү башкармалыгы; аймактар аралык

башкармалыктар

Бөлүм башчылары, тестирлөө үчүн жооптуу кызматкерлер,

маалымат системаларынын администраторлору

Агенттиктин ишине тиешелүү

– тестирлөө жүрүшүндө – талапкерге суроолорго (жоопторго) жетүү мүмкүнчүлүгүн берүү, тест тапшырууда жардам көрсөтүү, маалымат системасынын ишине кийлигишүү;

Системалуу

(реалдуу)

Жогорку

– натыйжаларды тариздөө этабында – жыйынтык баллды бурмалоо (оңдоо), протоколдо натыйжаларды алмаштыруу;

Системалуу

(реалдуу)

Жогорку

– кызматкерлердин тестирлөөгө катышуучулар менен түздөн-түз формалдуу эмес байланышы.

Системалуу

(реалдуу)

Жогорку

11

Тесттик тапшырмалардын базасын иштеп чыгуу, жүргүзүү жана модернизациялоо

– базаны түзүүдө жана жаңыртууда – белгилүү бир талапкерге алдын ала берилген тапшырмаларды киргизүү; тапшырмалардын жана жоопторунун мазмунун сыйакы үчүн кызыкдар адамдарга берүү;

Системалуу

(реалдуу)

Жогорку

Тестирлөө бөлүмү; Санариптик өнүктүрүү башкармалыгы

Бөлүм башчысы, тапшырмаларды иштеп чыгуучулар, базанын администраторлору

Агенттиктин ишине тиешелүү

– базага жетүү мүмкүнчүлүгү бар адамдардын негизсиз кеңири чөйрөсү жана аны менен жасалган аракеттердин катталбашы.

Системалуу

(реалдуу)

Жогорку

12

Кадрлар резервин түзүү жана жүргүзүү; ачык конкурстук тандоону уюштуруу; кадрлар резервинин маалымат базасын жүргүзүү

– конкурстук тандоо этабында – талапкерлерге объективдүү эмес баа берүү, айрым талапкерлерге артыкчылык түзүү;

 

Системалуу

(реалдуу)

Жогорку

Кадрлар резервдерин түзүү бөлүмү; Кадрдык, финансылык жана административдик камсыздоо бөлүмү; аймактар аралык башкармалыктар

Бөлүм башчылары, кызматкерлер, конкурстук

комиссиялардын мүчөлөрү

Агенттиктин ишине тиешелүү

– резервге киргизүүдө – адамдарды конкурстан тышкары же квалификациялык талаптарга ылайык келбестен киргизүү;

 

Потенциалдуу

Төмөн

– резервдин базасын жүргүзүүдө – чындыкка дал келбеген маалыматтарды киргизүү, айрым адамдардын кызыкчылыгында жазууларды киргизүү (чыгаруу), резервге жетүү мүмкүнчүлүгүнүн ачык-айкын эместиги.

Кырдаалдык

Төмөн

Функциянын түрү: персоналды башкаруу

13

Агенттиктин кызматкерлерине карата класстык чендерди ыйгаруу, төмөндөтүү жана алардан ажыратуу

– чечимдерди даярдоо этабында – жеке мамилелерге жараша белгиленген негиздерден жана мөөнөттөрдөн тышкары класстык ченди негизсиз ыйгаруу (төмөндөтүү, андан ажыратуу);

Потенциалдуу

Төмөн

Кадрдык, финансылык жана административдик камсыздоо бөлүмү

Бөлүм башчысы, жооптуу кызматкерлер

Бардык мамлекеттик органдарга мүнөздүү

– кызыкчылыктардын кагылышуусу шартында чечим кабыл алуу.

Потенциалдуу

Төмөн

14

Саясий мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдарга класстык чендерди жана социалдык статустарды ыйгаруу

– сунуштарды (чечимдерди) даярдоо этабында – белгиленген негиздерден тышкары класстык ченди (социалдык статусту) негизсиз ыйгаруу;

Потенциалдуу

Төмөн

Уюштуруу иштери бөлүмү

Бөлүм башчысы, кызматкерлер

Агенттиктин ишине тиешелүү

– айрым адамдардын кызыкчылыгында жол-жобону тездетүү же создуктуруу.

Потенциалдуу

Төмөн

15

Ведомстволук жана мамлекеттик сыйлыктар боюнча иштерди уюштуруу

– сыйлыкка тандоо этабында – белгиленген критерийлерден жана эмгек сиңирүүлөрдөн тышкары айрым адамдарды сыйлыкка илгерилетүү;

Потенциалдуу

Төмөн

Уюштуруу иштери бөлүмү; сыйлык комиссиясы

Бөлүм башчысы, сыйлык комиссиясынын мүчөлөрү

Мамлекеттик органдар (ведомстволук сыйлыктар бөлүгүндө)

– сыйлык комиссиясынын кызыкчылыктардын кагылышуусу шартында чечим кабыл алуусу.

Потенциалдуу

Төмөн

16

Кызматчыларды окутууну уюштуруу

– кызматчыларды окутууга жиберүү үчүн объективдүү эмес тандоо.

Системалуу

(реалдуу)

Орточо

Окутуу жана эл аралык кызматташтык бөлүмү; Окутууну координациялоо сектору

Бөлүм башчысы, кызматкерлер

Мамлекеттик органдар, ЖӨБ органдары

17

Чет өлкөдө окууга талапкерлерди тандоо

– талапкерлерди тандоо этабында – ачык-айкын критерийлерден тышкары айрым адамдардын кызыкчылыгында чет өлкөдө окууга (такшалмага) объективдүү эмес тандоо;

Системалуу

(реалдуу)

Орточо

Окутуу жана эл аралык кызматташтык бөлүмү

Бөлүм башчысы, кызматкерлер

Мамлекеттик органдар

18

Кызматтык териштирүүлөрдү жүргүзүү

– териштирүү жүргүзүү этабында – текшерилүүчүнүн же арыз ээсинин кызыкчылыгында далилдерди объективдүү эмес (бир жактуу) чогултуу;

Системалуу

(реалдуу)

Жогорку

Кызматтык териштирүү боюнча комиссия;

Комиссиялардын мүчөлөрү

 

Бардык мамлекеттик органдарга мүнөздүү

Этика боюнча комиссиялардын иши

– жаза чарасы жөнүндө сунуштарды иштеп чыгуу этабында – жоруктун оордугун төмөндөтүү, сыйакы үчүн жеңилирээк жаза чарасын сунуштоо;

Системалуу

(реалдуу)

Жогорку

Этика боюнча комиссия

«Ишеним телефонунун» ишин камсыз кылуу

– «ишеним телефонунун» кабарларын иштетүүдө – кабарларды көңүлгө албоо же жашыруу, арыз ээси жөнүндө маалыматтарды жайылтуу.

Системалуу

(реалдуу)

Орточо

Мамлекеттик кызмат жана муниципалдык кызмат бөлүмү

«ишеним телефону» үчүн жооптуулар

Функциянын түрү: финансылык ресурстарды бөлүштүрүү жана пайдалануу

19

Агенттиктин чыгашаларынын сметасын түзүү жана аткаруу; бухгалтердик эсепти жүргүзүү

– сметаны түзүү (аткаруу) этабында – чыгашаларды негизсиз пландаштыруу жана кайра бөлүштүрүү;

 

Системалуу

(реалдуу)

Жогорку

Кадрдык, финансылык жана административдик камсыздоо бөлүмү

Бөлүм башчысы, башкы бухгалтер, кызматкерлер

Бардык мамлекеттик органдарга мүнөздүү

– бухгалтердик эсепти жүргүзүүдө – эсеп маалыматтарын бурмалоо, каржы жана бухгалтердик эсеп жөнүндө мыйзамдарды бузуу белгилери бар операцияларды тариздөө, каражаттарды максатсыз пайдалануу.

Системалуу

(реалдуу)

Жогорку

Функциянын түрү: мамлекеттик муктаждыктар үчүн сатып алуулар

20

Товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик сатып алууну уюштуруу жана өткөрүү

– сатып алуу документтерин даярдоо этабында – техникалык талаптарды «белгилүү бир жеткирүүчүгө ылайыктап» түзүү;

Системалуу

(реалдуу)

Жогорку

Кадрдык, финансылык жана административдик камсыздоо бөлүмү; аймактык башкармалыктар

Бөлүм башчысы, тендердик (конкурстук) комиссиянын мүчөлөрү

Мамлекеттик сатып алууларды жүзөгө ашырган бардык мамлекеттик органдарга мүнөздүү

– сатып алууну өткөрүү этабында – сатып алуу маалыматынын купуялуулугун бузуу, сатып алуулар жөнүндө толук эмес маалымат берүү;

Системалуу

(реалдуу)

Жогорку

– келишимди аткаруу этабында – иш жүзүндө жеткирилбеген (сапатсыз) товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү кабыл алуу, келишимдин шарттарын негизсиз өзгөртүү.

Системалуу

(реалдуу)

Жогорку

 

Кыскартуулар:

АТБ

-

административдик-аймактык бирдик

ЖӨБ

–

жергиликтүү өз алдынча башкаруу