Редакцияот 02.06.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылышынын VI сессиясы

 

         2025-жылдын  2-июнундагы № 6/33

 

Яма беккариге жер бөлүп берүү жөнүндө

Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кенешинин агрардык, айыл чарба, өзгөчө кырдаалдар боюнча комиссиянын төрагасы К.Ашыралиевдин билдирүүсүн угуп,

талкуулап Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңеши: жерди пайдалануу жана пландоо боюнча жоболорду эске алуу менен, Ак-Суу айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Шүкүр-Ата участкасынан яма беккариге (чатыр астындагы чуңкурга) колдонуу максатында пайдаланууга бөлүнүп берилсин.

 

  1. Жер тилкесинин так чектери жана жайгашкан жери Ак-Суу айыл аймагынын башкы планына жана техникалык документтерге ылайык аныкталсын.

 

  1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу С.Дүшебаевага жүктөлсүн.

 

  1. Тиешелүү мамлекеттик органдарга жана тийиштүү кадастр мекемелерине бул чечим тууралуу маалымат жөнөтүлсүн.

       

  1. Ушул токтом Ак-Суу айыл аймагынын расмий веб-сайтына жарыялансын.

 

  1. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жиберүү жагы жооптуу катчы Ж.Жолдубай уулуна милдеттендирилсин.

 

  1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин агрардык, айыл чарба, өзгөчө кырдаалдар боюнча комиссиянын төрагасы К.Ашыралиевге жүктөлсүн.

 

 

Төрага М.Шаршеналы уулу