Загрузка документа…
СҮЙМОНКУЛ ЧОКМОРОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
СҮЙМӨНКУЛ ЧОКМОРОВ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН
28- ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН 4- ОТУРУМУ
2024-жылдын 23- августу № 50
Курман болгон жоокерлерге арналган мемориал үчүн жер тилкесин
бекитүү жөнүндө
Каза болгон жоокерлердин мемориалы үчүн жер тилкесин бекитүү жөнүндө маселени карап жана талкуулап Сүймөнкул Чокморов айылдык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сүймөнкул Чокморов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган, Чүй облусунун Аламүдүн районунун Октябрь айылындагы 22- Партсъезд көчөсү н/ж дарегиндеижайгашкан, жалпы аянты 0,4134га болгон жер тилкеси курман болгон жоокерлердин Мемориалын жайгаштыруу үчүн бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө агрардык жана жер маселелери, архитектура жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
2026-жылдын 19-августундагы https://gagsmsu.kg/wp-content/uploads/2026/08/2024-%D0%B6.%D1%82%D0%BE%D0%BA%D1%82%D0%BE%D0%BC%E2%84%9650.pdf расмий сайтында жарыяланды
Төрага | Мажитов Н.Б. |