Загрузка документа…
СҮЙМОНКУЛ ЧОКМОРОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
СҮЙМӨНКУЛ ЧОКМОРОВ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН
28- ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН 4- ОТУРУМУ
2024-жылдын 23- августу № 53
Сүймөнкул Чокморов айыл аймагынын окуучуларын ташуу жөнүндө
Өндүрүштүк зарылчылыкка байланыштуу 2024-жылдын 1-сентябрынан тартып Сүймөнкул Чокморов айыл аймагынын окуучуларын ташуу үчүн автобустарын айдоочуларын ишке кабыл алуу жана алардын эмгек акысын Сүймөнкул Чокморов айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен, Сүймөнкул Чокморов айылдык кеңешинин токтомуна тиркелген штаттык жүгүртмөгө ылайык төлөө зарылдыгына байланыштуу Сүймөнкул Чокморов айылдык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сүймөнкул Чокморов айыл өкмөтүнүн башчысы О.В.Попиковко Мраморное, Байтик Канай уулу , Аманат атындагы ЖББ орто мектептеринин окуучуларын ташуу үчүн автобустарын айдоочуларын жумушка кабыл алсын.
2. Автобустардын айдоочуларына эмгек акыны жергиликтүү бюджеттин эсебинен айыл өкмөтүнүн штаттык жүгүртмөсүнө ылайык төлөп берсин. (№1 тиркеме).
3. Окуучуларды ташуу үчүн жергиликтүү бюджеттен күйүүчү материалдарды (ГСМ) сатып алууга каражат бөлүнсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөл жүргүзүү Сүймөнкул Чокморов айылдык кеңешинин бюджет, каржы, экономика боюнча туруктуу комиссиясына көзөмөл жүргүзүү жүктөлсүн.
2026-жылдын 19-августундагы https://gagsmsu.kg/wp-content/uploads/2026/08/2024-%D0%B6.%D1%82%D0%BE%D0%BA%D1%82%D0%BE%D0%BC%E2%84%9653.pdf расмий сайтында жарыяланды
Төрага | Мажитов Н.Б. |