КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Бак айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XIV сессиясы
2026-жылы 30-июну № 19
Кара-Бак айыл аймагынын Зардалы айылынын Топкана участкасындагы жер аянттарын калктуу конуштардын жерлеринин категориясына которууга макулдук берүү жана турак жай куруу үчүн жер участогунун чектик өлчөмүн бекитүү жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 13-21-беренесинин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-ноябры №665 Токтому менен бекитилген Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө жобого ылайык, “Кыргызмамжердолбоор” жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасынын Баткен филиалынын аныктамасынын негизинде, айылдык кенештин транспорт, курулуш, өнөр жай, суу чарбасы жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап айылдык кеңеш токтом кылат:
- Кара-Бак айыл аймагынын Зардалы айылынын Топкана участкасындагы: №1000 жана №1002 контурундагы жер аянттарын калктуу конуштар категориясына которуга макулдук берилсин.
- Ар бир турак жай үчүн жер участогунун чектик өлчөмү 0,05 га болуп бекитилсин.
- Токтом kara-bak.gov.kg расмий сайтына жарыялсансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен олустук юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин Транспорт, курулуш, өнөр жай, суу чарбасы жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага А.Дилшатов