КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Бак айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XIV сессиясы
2026-жылы 30-июну № 21
Кара-Бак айылдык кеңешинин 2023-жылдын 26-апрелиндеги кезексиз VII сессиясынын №35 токтомун күчүн жоготту деп табуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамынын 6-беренесинин 2-бөлүмүнүн, Баткен райондук прокуратурасынын мыйзамдардын аткарылышын камсыз кылуу жана коррупциогендик факторлорду аныктоо боюнча жүргүзүлгөн текшерүүсүнүн жыйынтыгы, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 246-беренеси, Кыргыз Республикасынын «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Мыйзамынын 4 жана 14-беренелери, ошондой эле Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 4,6-беренелеринин негизинде, мыйзам бузуучулукту четтетүү максатында Кара-Бак айылдык кеңеши токтом кылат:
- Кара-Бак айылдык кеңешинин 2023-жылдын 26-апрелиндеги кезексиз VII сессиясынын №35 токтому күчүн жоготту деп табылсын.
- Бул токтом расмий кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирсин.
- Токтом kara-bak.gov.kg расмий сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облустук юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кара-Бак айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартибин чындоо этика жаштар, коомдук саясий жана мамлекеттик эмес уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага А.Дилшатов