Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 15-сентябры № 325
Ош шаарынын жол-транспорттук инфраструктурасын жакшыртуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине, «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесинин 3-бөлүгүнүн 13-пунктуна ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Ош шаарынын С. Жусуев, Курманжан-Датка, Б. Осмонов жана Т. Касымбеков көчөлөрүнүн кесилишинде транспорттук түйүндү, эстакада көпүрөсүн жана жөө адамдардын жер үстүндөгү өтмөктөрүн куруу боюнча долбоорду ишке ашыруу үчүн берүүчүнү (подрядчыны) белгиленген тартипте аныктасын.
2. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
С.Н. Жапаров |