Загрузка документа…
СҮЙМОНКУЛ ЧОКМОРОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
СҮЙМӨНКУЛ ЧОКМОРОВ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН
28- ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН 4- ОТУРУМУ
2024-жылдын 23- августу № 56
Убактылуу соода павильонун орнотуу үчүн жер тилкесин бөлүп берүү
жөнүндө
Г.З. Мазанованын Сүймөнкул Чокморов айыл аймагынын Мраморное айылындагы Юбилейная көчөсү н/ж дарегинде убактылуу соода павильонун орнотуу үчүн жер тилкесин ижарага берүү жөнүндө арызын карап жана талкуулап Сүймөнкул Чокморов айылдык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сүймөнкул Чокморов айыл өкмөтүнүне башчысы О.В.Попиковко Мраморное айылындагы Юбилейная көчөсү н/ж дарегине убактылуу соода павильонун орнотуу үчүн аянты 29,7 чарчы метр болгон жер тилкесин конкурстук негизде берүүнү камсыз кылуу тапшырылсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө агрардык жана жер маселелери, архитектура жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
2026-жылдын 19-августундагы https://gagsmsu.kg/wp-content/uploads/2026/08/2024-%D0%B6.%D1%82%D0%BE%D0%BA%D1%82%D0%BE%D0%BC%E2%84%9656.pdf расмий сайтында жарыяланды
Төрага | Мажитов Н.Б. |