Редакцияот 18.08.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

УЧ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Уч-Коргон айылдык кеңешинин кезектеги XX сессиясы

 

2026-жылдын 18-августу № 01-06/31

 “Үч-Коргон” Муниципалдык ишканасынын калкты ичүүчү суу менен камсыздоо боюнча көрсөтүлүп келе жаткан кызматтардын тарифтерин бекитүү  жөнүндө

 

Үч-Коргон айылдык кеңешинин финанс жана бюджет боюнча туруктуу комиссиянын корутундусун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерциялык министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Баткен областтык башкармалыгынын № 56 буйругуна ылайык, "Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө " Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34, 39-беренелерин жетекчиликке алып", Үч-Коргон айылдык кеңеши  токтом кылат:

1.    “Үч-Коргон” Муниципалдык ишканасынын калкты ичүүчү суу менен камсыздоо боюнча көрсөтүлүп келе жаткан кызматтардын тарифтери тиркемеге ылайык бекитилсин.

 

2.    Токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы айыл өкмөт башчысына жүктөлсүн.

 

3.    Бул токтом Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн расмий uchkorgon.gov.kg. веб-сайтында жарыялансын.

 

4.    Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана айылдык кеңешинин регламентинин талаптарына ылайык ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо жагы айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Д.Ахуновага милдеттендирилсин.

 

5.    Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.

 

6.    Токтомду көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин финанс жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

  Төрага:           Б.Бердибеков

 

 

Үч-Коргон айыл кенешинин 2026 –жылдын 18-август

№01-06/31 токтомуна                              

тиркеме

 

 

 

№

Кызматтар 

Калкка (сом)

Коммерциялык мекемелер үчүн (сом)

Бюджеттик мекемелерге (сом)

1.             

Кудук ичиндеги ветильди алмаштыруу

200

500

300

2.             

Кудуктан сырттагы крайниктерди алмаштыруу

200

500

300

3.             

Суу эсептегичин алмаштыруу

200

500

300

4.             

Башка сантехникалык кызматтар

200

500

300

5.             

Монтаждоо жана суу тармагына улануу

800

2500

1500

6.             

Эксковатордун айыл өкмөтү үчүн кызмат тарифи

 

 

1500

 

 

 

 

      Катчы: Д.Ахунова