Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН
ТӨРАГАСЫНЫН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 14-сентябры № 602
«Бишкек+25» экинчи глобалдык тоо саммитинин алкагында Кыргыз Республикасынын тоолорду туруктуу өнүктүрүү жөнүндө улуттук баяндамасын даярдоо максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-ноябрындагы № 735-т тескемеси менен бекитилген Тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгын ишке ашыруунун жол картасынын 43-пунктун аткаруу үчүн, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 16, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын тоолуу аймактарынын географиялык, демографиялык, социалдык, экономикалык, экологиялык аспекттерине комплекстүү изилдөө жүргүзүү боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ (мындан ары – Ведомстволор аралык жумушчу топ) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Стратегиялык демилгелер улуттук институтуна төмөнкү иш-чараларды аткаруу жүктөлсүн:
1) 2026-жылдын 15-октябрына чейин Кыргыз Республикасынын министрликтерине жана ведомстволоруна алардын форматына жана курамына карата бирдиктүү талаптар менен суралуучу маалыматтардын тизмегин иштеп чыгуу жана жөнөтүү;
2) мамлекеттик органдар тарабынан берилген маалыматтарды чогултууну, иштеп чыгууну жана талдоону жүзөгө ашыруу;
3) 2027-жылдын 15-апрелине чейин жыйынтыктоочу аналитикалык баяндаманы даярдоо жана аны Ведомстволор аралык жумушчу топко кароого жана макулдашууга берүү;
4) 2027-жылдын 15-июнуна чейин Ведомстволор аралык жумушчу топ менен макулдашылган жыйынтыктоочу баяндаманы жана комплекстүү изилдөөнүн материалдарын Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына берүү.
3. Кыргыз Республикасынын министрликтери жана ведомстволору жөнөтүлгөн суроо-талапка ылайык тоолуу аймактардын географиялык, демографиялык, социалдык, экономикалык жана экологиялык аспекттери боюнча маалыматтарды 2027-жылдын 15-февралына чейин Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Стратегиялык демилгелер улуттук институтуна берсин.
4. Ведомстволор аралык жумушчу топ:
1) тоолуу аймактарга комплекстүү изилдөө жүргүзүүдө мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсүн, анын ичинде зарыл маалыматтарды өз убагында берүү маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүн координациялоону камсыз кылсын;
2) комплекстүү изилдөөнүн натыйжаларын жана жыйынтыктоочу аналитикалык баяндаманын долбоорун кароого катышсын, зарыл болгон учурда аларды тактоо жана жеткире иштеп чыгуу боюнча сунуштарды киргизсин;
3) 2027-жылдын 1-июнуна чейин комплекстүү изилдөөнүн натыйжалары боюнча жыйынтыктоочу аналитикалык баяндаманы карасын жана макулдашсын.
5. Бул тескемени ишке ашыруу тартылган министрликтер жана ведомстволор үчүн республикалык бюджетте тиешелүү жылдарга каралган каражаттардын чегинде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын эсебинен жүзөгө ашырылат деп белгиленсин.
6. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |