Редакцияот 18.08.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

УЧ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Уч-Коргон айылдык кеңешинин кезектеги XX сессиясы

 

2026-жылдын 18-августу № 01-06/32

 Үч-Коргон айылдык кеңешинин 2025-жыл 20-январындагы №3/3 Үч-Коргон айыл өкөмтүнүн жеке менчик турак-жай, жер маселелери, турак-жай фонду жана муниципалдык менчиктеги жерлерди башкаруу боюнча комиссия курамын түзүү жөнүндөгү токтомуна  өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү  жөнүндө.

 

 

 Кыргыз Республикасынын “Жер Кодексинин 32-беренесинин негизинде жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 6-майындагы №177 токтому менен бекитилген “Жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун берүүнүн тартиби жөнүндөгү” жобого жана айылдык кеңешинин “Агрардык жана айыл чарба” боюнча туруктуу комиссиясынын 2026-жылдын 7-августундагы отурумунун протоколуна таянып, Үч-Коргон айылдык кеңеши  токтом кылат:

  1.  Кыргыз Республикасынын “Жер Кодексинин 32-беренеси, ошондой эле “Жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун берүүнүн тартиби жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 6-майындагы №177 токтому  аткарууга жана жетекчиликке алынсын.
  2. Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн жеке менчик турак-жай, жер маселелери, турак жай фонду жана муниципалдык менчиктеги жерлерди башкаруу боюнча төмөнкүдөй комиссия курамы бекитилсин.

Төрага:                 И.Худайбердиев          орун басар.

Катчы:                  А.Юнусалиев               жер адиси.

Мүчөлөрү:           Ф.Джалалов                 депутат

      Р.Каримов                    депутат

      Б.Абдурахманов           депутат

      Б.Исаков                       жер адиси

      А.Рахматуллаев            ФЭБ башчы

      М.Муминжанов            салык бөлүмү

       Бардык айылдардагы айылдардын башчылары.

  1. Комиссия курамына айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчик шарттары жана тартиби тууралуу типтүү жобого ылайык мыйзам чегинде иш алып баруу жагы тапшырылсын.
  2. Бул токтом Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн расмий uchkorgon.gov.kg. веб-сайтында жарыялансын.

 

  1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана айылдык кеңешинин регламентинин талаптарына ылайык ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо жагы айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Д.Ахуновага милдеттендирилсин.

 

  1. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.

 

  1. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы “Агрардык жана айыл чарба”  боюнча туруктуу  комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

 

 

  Төрага:           Б.Бердибеков