Загрузка документа…
СҮЙМОНКУЛ ЧОКМОРОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
СҮЙМӨНКУЛ ЧОКМОРОВ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН
28- ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН 4- ОТУРУМУ
2024-жылдын 23- августу № 57
Техникаларды лизингге алуу жөнүндө
Сүймөнкул Чокморов айыл өкмөтүнүн башчысы Попиков О.В. тарабынан киргизилген дөнгөлөктүү жүктөгүч жана үч даана автобус транспорт каражатын 30 пайыздык өлчөмдөгү баштапкы төлөм менен сатып алуу жөнүндөгү сунушун карап жана талкуулап Сүймөнкул Чокморов айылдык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сүймөнкул Чокморов айыл өкмөтүнүн башчысы О.В.Попиковко дөнгөлөктүү жүктөгүч жана үч даана автобус транспорт каражатын 30 пайыздык өлчөмдөгү баштапкы төлөмдү төлө шарты менен сатып алууга уруксат берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөл жүргүзүү Сүймөнкул Чокморов айылдык кеңешинин бюджет, каржы, экономика боюнча туруктуу комиссиясына көзөмөл жүргүзүү жүктөлсүн.
2026-жылдын 19-августундагы https://gagsmsu.kg/wp-content/uploads/2026/08/2024-%D0%B6.%D1%82%D0%BE%D0%BA%D1%82%D0%BE%D0%BC%E2%84%9657.pdf расмий сайтында жарыяланды
Төрага | Мажитов Н.Б. |