ИСХАК-ПОЛОТХАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Исхак-Полотхан айылдык кеңешинин 16-сессиясы
2026-жылдын 20-августу № 67
Исхак-Полотхан айыл өкмөтүнүн 2026-жылга түзүлгөн социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын аткарылышы боюнча 6 айлык отчету жөнүндө
“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына негиз, Исхак-Полотхан айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын алты айдын жыйынтыгы боюнча айылдык аймактагы иштердин жалпы абалы, жергиликтүү бюджеттин аткарылышы, социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын аткарылышы боюнча отчетун угуп, талкуулап чыгып, айылдык кеңештин бюджет, инвестиция, экономика, ишкердик иштери жана коомдук уюмдар боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусуна ылайык, Исхак-Полотхан айылдык кеңеши токтом кылат:
- Айыл өкмөт башчысынын алты ай ичинде аткарылган иштер боюнча берген отчету канааттандырарлык деп табылсын.
- Сессиянын жүрүшүндө айтылган сунуштар, сын пикирлер эске алынсын.
- Токтом Исхак-Полотхан айыл өкмөтүнүн расмий ishak-polothan.gov.kg веб-сайтына жарыялансын.
- Токтомдун көчүрмөсү ченемдик укуктук актылар мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигинин Баткен облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
- Токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Исхак-Полотхан айылдык кеңешинин бюджет, инвестиция, экономика, ишкердик иштери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага Г. Матажиев