ИСХАК-ПОЛОТХАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Исхак-Полотхан айылдык кеңешинин 16-сессиясы
2026-жылдын 20-августу № 68
Исхак-Полотхан айыл аймагындагы участкалык шайлоо комиссияларынын курамынын резервине толуктоолор киргизүү жөнүндө
“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына, Кадамжай аймактык шйлоо комиссиясынын 2026-жылдын 17-август №7/8-катына, Исхак-Полотхан айыл аймагынын шайлоочулардын жыйындарынын протоколуна негиз, Исхак-Полотхан айылдык кеңеши токтом кылат:
- Исхак-Полотхан айыл аймагындагы участкалык шайлоо комиссияларынын курамынын резервине талапкерлер тиркемеге ылайык толукталсын.
- Көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмеси жана токтомдун көчүрмөсү Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүлсүн.
- Токтом Исхак-Полотхан айыл өкмөтүнүн расмий ishak-polothan.gov.kg веб-сайтына жарыялансын.
- Токтомдун көчүрмөсү ченемдик укуктук актылар мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигинин Баткен облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
- Токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, айыл өкмөтүнө жана мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, регламент, депутаттык этика жана мандат боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага Г. Матажиев