Редакцияот 20.08.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ИСХАК-ПОЛОТХАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН

АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Исхак-Полотхан айылдык кеңешинин 16-сессиясы

 

2026-жылдын 20-августу № 69

 Исхак-Полотхан айыл өкмөтүнүн бюджетинин кирешелер  бөлүгүнүн 2027-2028-2029-жылдарга болжолдуу планын бекитүү жөнүндө

 

 

             “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына негиз, Исхак-Полотхан айыл аймагынын айылдык кеңешинин сегизинчи чакырылыш кезектеги алтынчы сессиясына сунушталган маселени, экономика жана каржы бөлүмүнүн башчысы С. Ормоновдун билдирүүсүн  угуп, бюджет, инвестиция, экономика, ишкердик иштери  боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусуна ылайык, Исхак-Полотхан айылдык кеңеши  токтом кылат:

 

 

  1. Исхак-Полотхан айыл өкмөтүнүн 2027-жылга 42560.9 миң сом, 2028-жылга 45421.1 миң сом, 2029-жылга 45421.1 миң сом болжолдуу жергиликтүү планы бекитилсин.
  2. Бюджеттик каражаттарды беренеден беренеге жылдырып тиркемеге ылайык жумшоого макулдук берилсин (тиркеме тиркелет).
  3. Айыл өкмөттүн эсебине жайыттан түшкөн 400,0 (төрт жүз миң) сом, машина токтоочу жерден түшкөн 200,0 (эки жүз миң) сом акча каражатын муниципалдык ишкананын эсебине которуп берүүгө макулдук берилсин.
  4. Муниципалдык менчике лизинг аркылуу атайын техника алууга макулдук берилсин.
  5. Муниципалдык ишкана алынган техниканы максаттуу пайдаланууну жана сакталышын камсыз кылсын.
  6. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу каржы бөлүмүнүн башчысы С. Ормоновко жүктөлсүн.
  7. Токтом Исхак-Полотхан айыл өкмөтүнүн расмий ishak-polothan.gov.kg веб-сайтына жарыялансын.
  8. Токтомдун көчүрмөсү ченемдик укуктук актылар мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигинин Баткен облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
  9. Токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
  10. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы,  Исхак-Полотхан айылдык кеңештин бюджет, инвестиция, экономика, ишкердик иштери  боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

 

 

Төрага                                                                                                                 Г. Матажиев

 

 

 

 

 

Исхак-Полотхан айылдык Кеңешинин

 

 

сегизинчи чакырылышынын кезектеги

 

 

16-сессиясынын №69 токтомуна 1-тиркеме

 

 

 

 

Исхак-Полотхан айыл өкмөтүнүн бюджетинин чыгашалары боюнча маалымат.

 

 

 

 

№

Элемент

Чыгашалардын аталышы

Көбөйтүү жана азайтуу (мин сом) (+,-)

Аппарат

1

2215

Дагы башка кызмат көрсөтүүнү алуу

-700,0

2

2225

Күзөт кызматтарын сатып алуу

-93,0

3

2821

Стипендиялар

-58,5

4

2823

Соттун чечимдерин аткаруу

-31,0

5

3112

Машина жана жабдуулар

50,0

 

Бардыгы:

-832,5

ЖПБ 704

1

2215

Дагы башка кызмат көрсөтүүнү алуу

600,0

 

Бардыгы:

600,0

ЖКХ

1

2215

Дагы башка кызмат көрсөтүүнү алуу

532,5

2

3111

Имараттар жана курулмалар

-300,0

 

Бардыгы:

232,5

 

Жалпысы:

0,0