ИСХАК-ПОЛОТХАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Исхак-Полотхан айылдык кеңешинин 16-сессиясы
2026-жылдын 20-августу № 70
Исхак-Полотхак айыл аймагынын калкын ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу боюнча кызматтарды көрсөтүүгө болжолдуу тарифтерин бекитүү жөнүндө
“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесине негиз, АРИС уюмунун “Баткен жана Талас облустарындагы айылдарды таза суу менен камсыздоо жана санитарияны жакшыртуу” долбоорунун алкагында Исхак-Полотхан айыл аймагындагы жети айылда ичүүчү суу системалары курулуп бүткөндүгүнө байланыштуу, Исхак-Полотхан айылдык кеңешинин бюджет, инвестиция, экономика, ишкердик иштери боюнча туруктуу комиссиянын корутундусун угуп, талкуулап чыгып, Исхак-Полотхан айылдык кеңеши токтом кылат:
- Исхак-Полотхан айыл аймагына караштуу 2-3- лоттогу Ак-Өргө,Чекелик, Жошук, Жаңы-Айыл, Көк-Тал, Курулуш, Ынтымак айылдары үчүн ичүүчү таза суунун тарифтери төмөнкүдөй өлчөмдө бекитилсин.
1. Исхак-Полотхан айыл аймагындагы абоненттерине 1 м3 таза суунун тарифи
55(элүү беш) сом ;
2. Өзбекстан Республикасынан Кыргыз Республикасына өткөн Таш-Дөбө айылынын жарандарына 1 м3 таза суунун тарифи 27 (жыйырма жети)сом.
- Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Муниципалдык ишкананын жетекчисине жүктөлсүн.
- Токтом Исхак-Полотхан айыл өкмөтүнүн расмий ishak-polothan.gov.kg веб-сайтына жарыялансын.
- Токтомдун көчүрмөсү ченемдик укуктук актылар мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигинин Баткен облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
- Токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, айыл өкмөтүнө жана бюджет, инвестиция, экономика, ишкердик иштери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага Г. Матажиев