Редакцияот 02.06.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылышынын VI сессиясы

 

             2025-жылдын  2-июнундагы  № 6/31

 

Ак-Суу айыл аймагынын башкы планын иштеп чыгуу үчүн республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражатты жергиликтүү бюджетке киреше жана чыгаша бөлүмүнө киргизүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесине жана Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине ылайык, ошондой эле республикалык бюджеттен 2025-жылы Ак-Суу айыл аймагынын башкы планын даярдоого бөлүнгөн 12 610 900 (он эки миллион алты жүз он миң тогуз жүз) сом каражат түшкөндүгүнө байланыштуу, Ак-Суу айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. 2025-жылга Ак-Суу айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнө республикалык бюджеттен бөлүнгөн 12 610 900 (он эки миллион алты жүз он миң тогуз жүз) сом киреше катары кабыл алынсын.

 

  1. Жогоруда көрсөтүлгөн сумма Ак-Суу айыл аймактын башкы планын иштеп чыгуу максаты менен чыгаша бөлүгүнө да тийиштүү беренелер боюнча киргизилсин.

       

  1. Ушул токтом Ак-Суу айыл аймагынын расмий веб-сайтына жарыялансын.

 

  1. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жиберүү жагы жооптуу катчы Ж.Жолдубай уулуна милдеттендирилсин.

 

  1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин " Бюджет жана экономика мунципалдык менчик, инвестиция " боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Б.Жеңишбек уулуна жүктөлсүн.

 

 

Төрага М.Шаршеналы уулу