Редакцияот 02.06.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылышынын VI сессиясы

 

             2025-жылдын  2-июнундагы   № 6/32

 

2025-жылдын 2-майында болгон сел кырсыгынын кесепетинен жабыр тарткан Коргон-Добо айылынын тургуну Боронбаева Акмаралга материалдык жардам берүү жөнүндө

 

2025-жылдын 2-май күнү болгон катуу жаан-чачындын натыйжасында Коргон-Добо айылында сел жүрүп, бир катар үйлөр жана мүлк жабыркаган. Аталган кырсыктан Коргон-Добо айылынын тургуну Боронбаева Акмарал да оор материалдык жоготууларга дуушар болгон. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. 2025-жылдын 2-майындагы сел кырсыгынын кесепетинен жабыр тарткан айыл тургуну Боронбаева Акмаралга бир жолку айыл өкмөтүнүн мүмкүнчүлүгүнө жараша материалдык жардам берилсин.

 

  1. Материалдык жардам айыл өкмөтүнүн өзгөчө кырдаалдарга каралган резервдик фондунан каралсын.

       

  1. Ушул токтом Ак-Суу айыл аймагынын расмий веб-сайтына жарыялансын.

 

  1. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жиберүү жагы жооптуу катчы Ж.Жолдубай уулуна милдеттендирилсин.

 

  1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин " Бюджет жана экономика мунципалдык менчик, инвестиция " боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Б.Жеңишбек уулуна жүктөлсүн.

 

 

Төрага М.Шаршеналы уулу