Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 5-сентябры № 601
«Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык дайындалган пенсияларды 2026-жылдын 1-октябрынан тартып индексациялоо тууралуу
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 10-августундагы № 278 «Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык дайындалган пенсияларды 2026-жылдын 1-октябрынан тартып индексациялоо жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу максатында, «Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-статьясынын 4-пунктуна, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. 2026-жылдын 1-октябрынан тартып пенсиялардын камсыздандыруу бөлүктөрүнүн өлчөмдөрүн индексациялоо коэффициенти 1,20 өлчөмүндө, бирок 10 000 (он миң) сомдон көп эмес бекитилсин.
2. Өлчөмү 2024-жылдын 1-октябрынан тартып кошумча төлөөлөрдү эсепке алуу менен 6 900 (алты миң тогуз жүз) сом жана 2025-жылдын 1-октябрынан тартып кошумча төлөөлөрдү эсепке алуу менен 7 100 (жети миң бир жүз) сомго чейинки өлчөмдө пенсионердин жашоо минимумунун чоңдугуна чейин жеткирилген пенсиялар, «Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган учурларды кошпогондо, 2026-жылдын 1-октябрынан тартып пенсиялардын базалык бөлүгүн жеткирүүнүн эсебинен кошумча төлөөлөрдү эсепке албастан тиешелүүлүгүнө жараша 6 900 (алты миң тогуз жүз) сомго жана 7 100 (жети миң бир жүз) сомго чейин жеткирилет деп белгиленсин.
3. «Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык дайындалуучу пенсиялардын жалпы өлчөмү, ушул Мыйзамда каралган учурларды кошпогондо, 2026-жылдын 1-октябрынан кийин пенсиялардын базалык бөлүгүн жеткирүүнүн эсебинен кошумча төлөөлөрдү эсепке албаганда 8 800 (сегиз миң сегиз жүз) сомдон аз болбойт деп белгиленсин.
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду:
1) «Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык 2026-жылдын 1-октябрына чейин дайындалган пенсиялардын камсыздандыруу бөлүктөрүнүн өлчөмдөрүн 2026-жылдын 1-октябрынан тартып 1,20 өлчөмүндө, бирок 1 000 (бир миң) сомдон кем эмес жана 10 000 (он миң) сомдон көп эмес пенсиялардын камсыздандыруу бөлүктөрүнүн өлчөмдөрүн индексациялоо коэффициентине индексацияласын;
2) 2024-жылдын 1-октябрынан тартып 6 900 (алты миң тогуз жүз) сомго чейин жана 2025-жылдын 1-октябрынан тартып 7 100 (жети миң бир жүз) сомго чейин жеткирилген пенсияларды, «Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган учурларды кошпогондо, ушул токтомдун 2-пунктуна ылайык 2026-жылдын 1-октябрынан тартып пенсиялардын базалык бөлүгүн жеткирүүнүн эсебинен кошумча төлөөлөрдү эсепке албастан тиешелүүлүгүнө жараша 6 900 (алты миң тогуз жүз) сомго жана 7 100 (жети миң бир жүз) сомго чейин жеткирсин.
Пенсиянын өлчөмү пенсионердин жашоо минимумунун тиешелүү чоңдугуна чейин жеткирилгенден кийин пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрүнө ушул токтомго ылайык индексациялоо жүргүзсүн;
3) 2026-жылдын 1-октябрына чейин дайындалган, өлчөмү камсыздандыруу бөлүгүн индексациялоодон кийин 8 800 (сегиз миң сегиз жүз) сомдон аз болгон пенсияларды, «Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган учурларды кошпогондо, пенсиялардын камсыздандыруу бөлүгүнүн эсебинен көрсөтүлгөн өлчөмгө чейин жеткирсин;
4) пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрүнүн өлчөмүнүн өз убагында кайра эсептелишин жана алардын жаңы өлчөмдөрдө төлөнүшүн камсыз кылсын.
5. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги республикалык бюджетте Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду үчүн ушул токтомдун 2, 3-пункттарын ишке ашырууга 33 921 891 сом көлөмүндө акча каражаттарын карасын.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
7. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2026-жылдын 1-октябрынан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |