Редакцияот 01.08.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылышынын VII сессиясы

 

       2025-жылдын  1-августундагы   № 7/42

 

Айыл чарба багытындагы бош жаткан жер тилкесинин коммерциялык багытка которулушу жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Жер кодекси жана жер пайдалануу боюнча мыйзамдарынын негизинде, жер адис Н.Акматовдун билдирүүсүн угуп жана Ак-Суу айыл аймагынын кызыкчылыктарын эске алуу менен, Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Айыл чарба багытындагы бош турган жер тилкеси (төмөнкүдөй маалыматтар менен):

№

Жергиликтүү аталышы

Аянты (га)

Абалы

1

Эшме участкасы эски лагердин    орду

 1,16

Бош турган

2

 Эшме участкасы (асфальт) жолдун жээги

 0,30

Бош турган

3

 Ак-Сай айылынын сайдын жээги

 0,10

Бош турган

4

 Эшме участкасы сайдын  жээги

 0,30

Бош турган

 

  1. Учурдагы абалы: бош турган, пайдаланылбай жатат.Бул жер тилкелери коммерциялык багытка которулсун.
  2. Ак-Суу айыл өкмөтүнө төмөнкү милдеттер жүктөлсүн:

·         Жердин пайдалануу багытын өзгөртүү боюнча тиешелүү мамлекеттик органдар

менен макулдашуу жүргүзүү;

·         Жерди мамлекеттик каттоодон өткөрүү;

·         Ижара шарттарын жана талаптарын коомчулук менен ачык талкуулоо;

·         Аукцион өткөрүү жана ижара келишимдерин түзүү.

 

  1. Коммерциялык багыттагы жер тилкесин пайдалануу, ижарага берүү же сатуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.

 

  1. Айыл өкмөтү жана жергиликтүү бийлик органдары бул токтомду жүзөгө ашырууну камсыз кылсын

 

  1. Ушул токтом Ак-Суу айыл аймагынын расмий веб-сайтына жарыялансын.

 

  1. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жиберүү жагы жооптуу катчы Ж.Жолдубай уулуна милдеттендирилсин.

 

  1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин агрардык, айыл чарба, өзгөчө кырдаалдар боюнча комиссиянын төрагасы К.Ашыралиевге жүктөлсүн.

 

 

Төрага М.Шаршеналы уулу