Загрузка документа…
АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Суу айылдык кеңешинин IX чакырылышынын I сессиясы
2024-жылдын 28-ноябрындагы № 1/2
Ак-Суу айылдык кеңештин төрагасынын орун басарын шайлоонун жыйынтыгы жөнүндө
Эсептөө комиссиясынын №3-протоколун жана Эсептөө комиссиясынын төрагасынын маалыматын угуп, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 14-мартындагы №56-буйругу менен бекитилген типтүү регламентин жетекчиликке алуу менен
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Эсептөө комиссиясынын шаардык/айылдык кеңештин төрагасынын
орун басарын шайлоодо, Ак-Суу айылдык кеңештин төрагасы М.Шаршеналы уулунун сунушун эске алып ачык добуш берүүнүн жыйынтыгы.
2.Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңештин төрагасынын орун басары болуп Күзебаев Арзыбек Ыманбекович шайлангандыгы таанылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзомөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Төрага М.Шаршеналы уулу