Загрузка документа…
КЕРБЕН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Аксы районунун Кербен шаардык Кенешинин
VIII чакырылышынын кезексиз он жетинчи сессиясы
12-февраль 2024 - жыл № 17/1
2023-жылга Кербен шаарынын социалдык-экономикалык
иш чарасынын аткарылышы жөнүндө
2023-жылга Кербен шаарынын социалдык-экономикалык иш-чарасынын жана бюджетинин аткарылышы жөнүндө Кербен шаарынын мэри Э.Зияйдиновдун отчётуна негиз 2023-жылда социалдык-экономикалык өнүгүү иш-чараларын аткарууда бир топ иш-аракеттер жүргүзүлдү. Жергиликтүү бюджеттин эсебинен Дөң-Кыштак участкасына жөө жүргүнчүлөр үчүн көпүрө 234,8 миң сомго, Жардуу-Колот айылында сел өтүүчү каналга автоунаа өтүүчү 3 даана көпүрө 1305,0 миң сомго, Беш-Коргон айылында жөө адамдар өтүүчү 4 даана көпүрө 777,7 миң сомго курулуп пайдаланууга берилди. Ошондой эле, Барпы каналын оңдоп-түзөө долбооруна, 14386,0 миң сомго келишим түзүлүп азыркы күндѳ жумуш жүрүп жатат. Учурда аткаруучу тараптын аткарылган жумуштар боюнча актысына негиз жасалаган жумуштардын көлөмү 60 % аткарылып бүткѳн, ишти жыйынтыктоо кыш мезгилиндеги аба-ырайынын катаал шартына байланыштуу 2024-жылдын жаз мезгилине каралган. Ак-Дөбө айылындагы Б.Төкөев көчөсүнө тротуар куруу жана лоток орнотуу долбооруна шаардык мэриянын бюджетинен, 2800,0 миң сом сом жана областык ѳнүктүрүү фондунан 6354,0 миң сом акча каражаты каралып, жалпы сумма 10231,0 миң сомду түзүп, тендердик конкурстун негизинде 9154,0 миң сомго “Аксы-строй сервис” Ж.Ч.К.сы жеңүүчү деп табылып, иш аткаруу, жалпы 50-60 пайыздык көрсөткүчкө келип турат жана 2024-жылдын жаз мезгилинде уланат. Дөң-Кыштак айылына, жалпы узундугу 1 км. 186 метр тротуар куруу долбоору 3053,0 миң сомго аткарылып пайдаланууга берилген. Кербен шаарынын карамагындагы № 49 “Ынтымак” орто мектебинин аймагына спорт зал курууга жалпы 15800,0 миң сом каражаты каралып, азыркы күндѳ 11000,0 миң сомдук жумуш аткарылып жумуш жүрүп жатат. Кербен шаарынын, Ныязалы жана Достук көчөлөрүнө тротуар куруу долбоору 4999,0 миң сомго келишим түзүлүп азыркы күндѳ жумуш жалпы 80% га аткарылды, аткаруучу тараптын аба ырайынын катаал шартын белгилеп сураныч иретиндеги жазган катына негиз, иш жыйынтыктоо жагы 2024-жылдын май айларына калтырылган. № 6 “Ак-Куу” мектепке чейинки билим берүү уюмунун, жанындагы “Цефей” жаштар (мектеби) борборунун имараты баалочунун (оценщик независимый) жыйынтыгы менен 4300,0 миң сомго
бааланып, шаардык мэриянын балансына сатылып алынды. Демөөрчүлөр тарабынан ремонт иштери жүргүзүлүп, бала бакча шартына ыңгайлаштырылып, ишке берилди. Долбоордун жыйынтыгында, 2 тайпалуу бала бакча ачылды.
Кербен шаарынын мэриясына караштуу мектепке чейинки билим берүү уюмдарына 1000,0 миң акча каражаты жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп берилип, учурдагы ремонттоо иштери жана уюмдардын кайрылууларына ылайык жумуштар толугу менен аткарылган.
Ошондой эле мэр бюджеттин киреше булактарын жогорулатууда көптөгөн
ички резервдерди пайдалана алган жок. Жергиликтүү салыктарды көтөрүү боюнча кошумча иш чараларды иштеп чыккан эмес.
2023-жылга Кербен шаарынын социалдык-экономикалык өнүктүрүү иш чарасынын планын толугу менен аткара албагандыктан 18555.1 сумма калдык болуп калды.
Шаардык Кеӊештин токтомдорун аткаруу жана каттар менен иштөө маселеси начар жолго коюлган. Шаардык Кеӊештин токтомдорун турмушка ашыруу боюнча иш чаралар туура, так өз учурунда жүргүзүлбөйт.
Мэрия мындан ары көптөгөн ички резервдерди пайдалануу менен социалдык экономикалык иш чараларды элибиздин бакубат жашоосуна багыттосу зарыл.
Жогорудагы маселелерди карап жана талкуулап чыгып, Кербен шаардык Кенешинин VIII чакырылышынын кезексиз он жетинчи сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
Кербен шаардык
Кеӊешинин төрагасы Ж.Омуралиев