Загрузка документа…
СҮЙМОНКУЛ ЧОКМОРОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
СҮЙМӨНКУЛ ЧОКМОРОВ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН
28- ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН 4- ОТУРУМУ
2024-жылдын 23- августу № 64
Октябрь айылына Фельдшердик-акушердик пункт куруу жөнүндө
Сүймөнкул Чокморов айыл аймагына караштуу Октябрь айылында ФАП (фельдшердик-акушердик пункт) курууга жергиликтүү бюджеттен 50 пайыз өлчөмүндө каражат бөлүп берүү жана 2000000 (эки миллион) сом өлчөмдөгү стимулдаштыруу грант алуу жөнүндө сунушун карап жана талкуулап Сүймөнкул Чокморов айылдык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сүймөнкул Чокморов айыл өкмөтүнүн башчысына жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен Октябрь айылында ФАПтын курушуна жүргүзүүгө керектелүүчү каражаттын 50 пайызын бөлүүгө уруксат берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөл жүргүзүү Сүймөнкул Чокморов айылдык кеңешинин бюджет, каржы, экономика боюнча туруктуу комиссиясына көзөмөл жүргүзүү жүктөлсүн.
2026-жылдын 19-августундагы https://gagsmsu.kg/wp-content/uploads/2026/08/2024-%D0%B6.%D1%82%D0%BE%D0%BA%D1%82%D0%BE%D0%BC%E2%84%9664.pdf расмий сайтында жарыяланды
Төрага | Мажитов Н.Б. |