Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 17-сентябры № 329
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70, 71-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинде аталган министрликтин бекитилген штаттык санынын чегинде министрдин орун басарынын кошумча кызмат ордун белгиленген тартипте киргизсин.
2. Бул тескемени ишке ашыруу Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги үчүн тиешелүү жана кийинки жылдарга республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде жүргүзүлөт деп белгиленсин.
3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |