КЕРБЕН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Аксы районунун Кербен шаардык Кенешинин
VIII чакырылышынын кезексиз он жетинчи сессиясы
12-февральндагы 2024-жыл № 17/5
Кербен шаарынын тургуну Надырбеков Жанарбек Канатбековичке «Кербен шаарынын ардактуу атуулу» наамын берүү жөнүндө
Кербен шаарынын тургуну Надырбеков Жанарбек Канатбековичке «Кербен шаарынын ардактуу атуулу» наамын берүү жөнүндө «Ата-Журт Кыргызстан» саясий партиясынын Кербен шаардык Кеңешиндеги фракциясынын 29.01.2024-жылдагы №2 Протоколу, 08.02.2024-жылдагы Кербен шаарынын мэриясынын №01-20/129 сандуу сунуштарын, өмүр баянын, эмгек жолун, алган сыйлыктары кошкон салымын эске алып, Кербен шаардык Кеӊешинин мыйзамдуулук, социалдык, билим берүү жана этика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын
8-февралындагы № 56 токтомун карап жана талкуулап чыгып, Кербен шаардык Кеӊешинин VIII чакырылышынын кезексиз он жетинчи сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
- Кербен шаарынын тургуну Надырбеков Жанарбек Канатбековичке
«Кербен шаарынын ардактуу атуулу» наамы берилсин.
- Бул токтом мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
- Токтом «www.kerben.aksy.kg» веб-сайтында жарыялангандан кийин күчүнө кирет.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеӊештин мыйзамдуулук, социалдык, билим берүү жана этика маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрайымы Г.Дербишовага жүктөлсүн.
Кербен шаардык
Кеӊешинин төрагасы: Ж.Омуралиев