КЕРБЕН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Аксы районунун Кербен шаардык Кенешинин
VIII чакырылышынын кезексиз он жетинчи сессиясы
12-февральндагы 2024-жыл № 17/6
Кербен шаарынын Гараж-2 көчөсүнө Кыргыз ССРнин
«Агартуунун Отличниги» эмгек ардагери маркум
Артыкбаев Эрмаматтын ысмын ыйгаруу жөнүндө
Кербен шаарынын мэринин 19.01.2024-жылдагы № 01-20/36 сандуу кайрылуусун жана Гараж-2 көчөсүнүн жашоочуларынын 14.01.2024-жылдагы №1 токтомун, Кербен шаарынын Ардагерлер Кеңешинин 10.11.2023-жылдагы сунуштарын, Кербен шаардык Кеӊешинин мыйзамдуулук, социалдык, билим берүү жана этика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын
7-февралындагы № 55 токтомун карап жана талкуулап чыгып, Кербен шаардык Кеӊешинин VIII чакырылышынын кезексиз он жетинчи сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
- Кербен шаарынын Гараж-2 көчөсүнѳ Кыргыз ССРнин «Агартуунун Отличниги» эмгек ардагери маркум Артыкбаев Эрмаматтын ысмы ыйгарылсын жана ал көчө «Артыкбаев Эрмамат» атындагы көчө», - деп аталсын.
- Кербен шаарынын мэриясы, токтомду аткарууга алсын жана өзүнүн иш-кагаздарын, маалымат базасын токтомго ылайык келтирсин.
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-октябрындагы № 610 токтому менен бекитилген «КР даректерди ыйгаруу жана даректүү каттоону жүргүзүү тартиби жөнүндө” жобонун 25-пунктуна негиз, тиешелүү өзгөртүүлөр боюнча даректүү каттоого алуу жагы “Кадастр” мамлекеттик ишканасынын Аксы райондук филиалынын жетекчиси Т.Мырзаматовго сунушталсын.
- Бул токтом мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн
- Токтом «www.kerben.aksy.kg» веб-сайтында жарыялангандан кийин күчүнө кирет.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеӊештин мыйзамдуулук, социалдык, билим берүү жана этика маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрайымы Г.Дербишовага жүктөлсүн.
Кербен шаардык
Кеӊешинин төрагасы: Ж.Омуралиев