Загрузка документа…
КЕРБЕН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Аксы районунун Кербен шаардык Кенешинин
VIII чакырылышынын кезексиз он жетинчи сессиясы
12-февральндагы 2024-жыл № 17/7
Кербен шаарынын мэриясына келген кызматтык автоунааны
муниципалдык менчиктин балансына алууга макулдук берүү жөнүндө
Кербен шаарынын мэринин 31.01.2024-жылдагы № 01-20/86 сандуу кайрылуусун Жергиликтүү ѳз адынча башкаруу органдарынын материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында, «Мүлккѳ муниципалдык менчик жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13-17-беренелерине ылайык, Кербен шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине 2007-жылы чыгарылган «Toyota Camry» үлгүсүндѳгү кызматтык автоунаасын муниципалдык менчиктин балансына алууга макулдук берүү боюнча Кербен шаардык Кеӊештин бюджет, финансы, пландоо жана арыз даттануулар боюнча туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 31-январындагы № 37 токтомун карап жана талкуулап чыгып, Кербен шаардык Кеӊешинин VIII чакырылышынын кезексиз он жетинчи сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
Кыргыз Республикасынын Президентинин иш башкармалыгы тарабынан берилген кызматтык автоунаасын муниципалдык менчиктин балансына ѳткѳрүү үчүн «Унаа» мекемесинен каттоолорду жүргүзсүн.
Кызматтык автоунаанын баланстык тактамасына ылайык мэриянын
балансалык отчетуна киргизүү ФЭБ бѳлүмүнѳ милдеттендирилсин.
3. Бул токтом мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүy
Кербен шаардык
Кеӊешинин төрагасы: Ж.Омуралиев